"Манас" операсын коё турчу кытайлык артисттер түндө Бишкекке келди. Сүрөттөр

© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации и туризма КРКыргызстанга Кытайдын борбордук опера театрынын 100дөн ашык кишиден турган чыгармачыл тобу келди
Кыргызстанга Кытайдын борбордук опера театрынын 100дөн ашык кишиден турган чыгармачыл тобу келди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Манас" операсы Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде даярдалган. Сценарийи филология илимдеринин доктору, профессор, кытайлык кыргыз Адыл Жуматурдунун котормосундагы "Манас" эпосу боюнча жазылганы маалым.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргызстанга Кытайдын борбордук опера театрынын 100дөн ашык кишиден турган чыгармачыл тобу келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации и туризма КРВстреча артистов из Китая, прилетевших в КР для постановки оперы "Манас"
Кыргызстанга Кытайдын борбордук опера театрынын 100дөн ашык кишиден турган чыгармачыл тобу келди - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кыргызстанга Кытайдын борбордук опера театрынын 100дөн ашык кишиден турган чыгармачыл тобу келди
© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации и туризма КРВстреча артистов из Китая, прилетевших в КР для постановки оперы "Манас"
Меймандарды Манас аэропортунан боорсок жана сары май менен тосуп алышты - Sputnik Кыргызстан
2/3
Меймандарды "Манас" аэропортунан боорсок жана сары май менен тосуп алышты
© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации и туризма КРВстреча артистов из Китая, прилетевших в КР для постановки оперы "Манас"
Встреча артистов из Китая, прилетевших в КР для постановки оперы Манас - Sputnik Кыргызстан
3/3
Встреча артистов из Китая, прилетевших в КР для постановки оперы "Манас"
1/3
Кыргызстанга Кытайдын борбордук опера театрынын 100дөн ашык кишиден турган чыгармачыл тобу келди
2/3
Меймандарды "Манас" аэропортунан боорсок жана сары май менен тосуп алышты
3/3
Встреча артистов из Китая, прилетевших в КР для постановки оперы "Манас"

Меймандарды "Манас" аэропортунан боорсок жана сары май менен тосуп алышты.

Чет элдик артисттер 11-12-июнь күндөрү Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында "Манас" операсын коюшат. Буга чейин Кыргызстанга аталган театрдын техникалык тобу келген. Алар декорацияларды орнотуп, башка уюштуруу иштерин жүргүзүп жатат.

Манастын образын жараткан актер Юй Цзинжин анын каарманы операдагы эң маанилүү киши болгондуктан бир аз толкунданып жатканын айтты.

"Манастын образын жаратуу, Кыргызстандын сахнасында аны көрсөтүү мен үчүн чоң жоопкерчилик. Ал үчүн Кыргызстандын тарыхын окуп, толук маалымат алдым. Абдан толкунданып турам, кыргызстандык көрүүчүлөрдүн алдында, Манастын жеринде болуу мен үчүн чоң сыймык", — деди ал.

Эске салсак, "Манас" эпосун операда коюу демилгеси 2015-жылы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин катышуусунда өткөн маданият маселелери боюнча жыйында көтөрүлгөн.

Визит Сооронбая Жээнбекова в Китай - Sputnik Кыргызстан
Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болчу мамлекеттик сапарынын программасы
"Манас" операсы Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде даярдалган. Сценарийи филология илимдеринин доктору, профессор, кытайлык кыргыз Адыл Жуматурдунун котормосундагы "Манас" эпосу боюнча жазылган.

Операны сахналаштырууга эки жыл даярдык көрүлүп, "Манас" эпосунун эпикалык табиятын таануу максатында Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусуна үч жолу барышкан. Алар кыргыздар жашаган аймактарды кыдырып, жашоо-турмушу менен таанышкан.

Айта кетчү жагдай, "Манас" операсы Кытайда тогуз жолу коюлган. 2017-жылы Пекинде, 2018-жылы Нанкин, Тяньцзин шаарларында көрүүчүлөрдүн жогорку баасына татыган.

2018-жылы Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон расмий сапарынын алкагында да "Манас" операсы көрсөтүлгөн. Ушундан кийин өлкө башчы кытай театрын Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0