Залкарлар кетип жалгыз калгандаймын... Океев жана Сейдакматованын таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Белгилүү режиссер Төлөмүш Океев менен КРдин эл артисти Жамал Сейдакматованын сүрөтү 1977-жылы тартылган.

Ошол жылы режиссер Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары менен Ысык-Көл облусунда "Улан" тасмасын тарткан.

Ал кезеңди актриса Жамал Сейдакматова мындайча эскерет:

"Тасмага Сүймөнкул Чокморов болуп чогуу катышып калдык. Режиссерубуз Төлөмүш Океев аябай жөнөкөй, бардык артисттерди жакшы көрүп тамашалап, шайыр жүрчү. Мен аны менен дос катары мамиледе болуп, үй-бүлөсү менен катышчубуз. Бой көтөрүп жүргөнүн такыр көргөн жокмун, адамгерчилиги бийик, таланттуу инсан эле. Режиссер каза болгондо актерлор катуу кайгырып, "эмнеге бизди таштап кеттиң " деп ыйлаганга чейин барган. Эмгектеринде терең ой, философия камтылып жатат. Океев өзү актерлордун ичинен Чокморовду аябай жакшы көрчү. Тасмаларында дайым тартылчу актерлору да бар эле. Аны менен иштешип калганыма сыймыктанам. Негизи эле ошол кезде Болот Бейшеналиев, Советбек Жумадылов, Орозбек Кутманалиев, Мелис Убукеев, Кадыржан Кыдыралиев сыяктуу бир топ таланттар чыгып, кыргыз керемети жаралган экен. Алардын көпчүлүгү бир мезгилде өтүп кетип, кээде өзүмдү жалгыз калгандай сезип кетем...", — деди Сейдакматова.

Ошондой эле ал союз учурундагы аракечтикти токтотуу максатында "Улан" тасмасы менен СССРдин көптөгөн шаарларын кыдырганын кошумчалайт.

Белгилүү киноактер Талгат Нигматулин менен актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын сүрөтү 1981-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган - Sputnik Кыргызстан
Нигматулин менен Турсунбаеванын "кырчын өмүрү, кыйылган сүйүүсү". Таберик сүрөт
Тасмада Сүймөнкул Чокморов, Вацлав Дворжецский, Асанкул Куттубаев, Арсен Өмүралиев, Советбек Жумадылов, Жапар Садыков, Наталья Аринбасарова, Жамал Сейдакматова, Гүлсара Ажыбекова, Леонтий Полохов, Мария Курманалиева өңдүү таланттуу артисттер образ жараткан.

1978-жылы Еревандагы Бүткүл союздук XI кинофестивалда Төлөмүш Океев мыкты режиссёрлук иши, ал эми Сүймөнкул Чокморов эркектин ролун өтөсүнө чыгара аткаргандыгы үчүн сыйлыкка ээ болгон. Андан сырткары, Ташкенттеги Азия, Африка, Латын Америка өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалында ошол эле номинациялар боюнча жеңишке жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0