"Салиманын ыры" көркөм фильминин сценарийи атайын Таттыбүбү Турсунбаева үчүн жазылган. Бул тууралуу Нуркан Турсунбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасына маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Таттыбүбү Турсунбаева кытайлык кыргыздардын "Гүлкайыр" деген ырын жогорку чеберчиликте аткарып, республикалык сынактын баш байгесин багындыруу менен калыстар тобун жана көрүүчүлөрдү таң калтырган.
"Кыргыз ССРинин эл артисти Ашыралы Боталиев жаш таланттарды издеп жүрүп Жумгалдан Таттыбүбү экөөбүздү тандап алды. Кийин биз Нарынга келдик. Ал жактан да атайын кароо-сынакка катышып, мыкты делген 100 жаш таланттын катарына кошулдук. Ошентип Тянь-Шань, азыркы Нарын облусунун атынан республикалык сынакка жөнөдүк. Таттыбүбү кытайлык кыргыздардын "Гүлкайыр" деген ырын жогорку чеберчиликте аткарып, калыстар менен көрүүчүлөрдү абдан таң калтырган. Ал учурда Татыкем 15 жашта гана болчу. Таттыбүбүнүн талантын байкаган маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрү аны дароо тасмага тартууну туура көрүп, ал үчүн "Салиманын ыры" аттуу көркөм фильмине сценарий жазышкан. Анда Таттыбүбү башкы каармандын ролун жаратып, өзүн актриса катары да көрсөттү. Кийин биз Ташкенттеги А.Н. Островский атындагы театр искусствосу институтуна окууга тапшырдык. Окуп жүрүп да Таттыбүбү бир катар тасмаларда роль жаратты. Аны менен катар ырчылык өнөрүн да өркүндөтүп, ар кандай концерттерге катышып жүрдү. Ошол кезде Өзбек ССРинин бийлик төбөлдөрү чет мамлекеттен сыйлуу коноктор келгенде атайын Таттыбүбүнү чакыртышып, Алябьевдин "Булбул" аттуу ырын ырдатышчу эле", — деди Турсунбаев.
Ошондой эле ал Таттыбүбү Турсунбаева Кыргыз драма театрында 15 жыл эмгектенип, 30дан ашуун пьесада жана 15тен ашуун көркөм тасмада башкы ролдорду жаратып кеткенин кошумчалады.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. "Улуу тоолор" басмаканасы сүрөтчү дизайнер Айдай Асангулованын "Элечек" китебин басып чыгарганы үчүн "Китеп искусствосу" сынагынан баш байгени алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине сыйлык ээлери маалымдады.
Алардын айтымында, аталган улуттук сынак типографиялар арасында өткөрүлгөн. Басма баш байгени "Алтын мукаба" номинациясында алган. Иш-чара жылда уюштурулат.
"Элечек" китеби — сүрөтчү дизайнер Айдай Асангулова башында турган "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун көп жылдан бери чогулткан эмгегинин жыйынтыгы. Аталган фонд кыргыздын салттуу элечегин жайылтуу максатында иштеп, аялдардын баш кийимин ийне-жибине чейин изилдеп келе жатат. Аталган китепте элечектин 20 түрү, алардын келип чыгуу тарыхы менен кошо башка да салттуу кийимдер тууралуу маалыматтар бар. Эмгектеги маалыматтар көздүн жоосун алган сүрөттөр менен коштолгон. Китеп кыргыз, орус, англис тилдеринде чыккан.
Актёрлор Марат Алышпаев жана Назым Мендебаиров роль жараткан роликтин режиссёру Руслан Акун.
Сценарий боюнча Жусуп Баласагынды хандын алдына чакырышат. Ал жерде чогулгандардын бардыгы ханга перс тилинде сүйлөп, кылыч белек кылып жаткан болот.
Баласагындын хан алдында жалтанбай туруп кыргыз тилинде сүйлөгөнү ал жердегилерге жакпайт.
Ошондо ойчул башчыга кайрылып, “Элим өз тилинде жазып, билимин өркүндөтсө дейм” деп жооп берет. Аны мындай сөздөрүнөн кийин хан башкы кеңешчиси кылып шайлап коёт.
Улуу ойчул, акын, саясат таануучу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагын 1015-жылы, айрым маалыматтар боюнча 1016-жылы Карахандар каганатындагы Чүй өрөөнүнүн чыгышындагы азыркы Токмок шаарына жакын жерде жайгашкан биринчи борбору — Баласагын шаарында туулган.1069-1070-жылдары Жусуп Баласагын жазган түрк тилиндеги "Кутадгу билиг" ("Куттуу билим") эмгеги дүйнөнүн көп тилдерине которулган.
Азыркы учурда Жусуптун "Кутадгу билиг" поэмасынын үч нускасы сакталып турат. Бир нускасы Вена шаарында (Австрия) сакталуу. Египеттин борбору Каир шаарында сакталып турган экинчи нуска 1986-ж. табылган.
Ал эми Намангандан табылган үчүнчү нускасы азыр белгилүү болгон нускалардын эң толугу болуп эсептелинет. Эстеликтин үчүнчү нускасы азыр Өзбекстан илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун кол жазмалар фондунда сакталууда. Наманган жана Каир шаарларынан табылган нускалар араб ариби менен жазылган.
Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Өзгөн районунун жашоочулары Кемпир-Абад суу сактагычына караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы болуп акцияга чыгышты.
Аталган суу сактагыч райондун бир нече айылдары менен чектешет. Кызыл-Октябрь жана Кароол айыл өкмөттөрүнүн тургундары бул жактан жер берүүгө каршы болуп акцияга чыгышкан. Алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгине дөбөгө боз үйлөрдү тигишкен.
Элдин талабын угуу үчүн өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Бактыбек Алайчиев барды.Бирок чогулгандар анын жообуна канааттанбай, Мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышты.
Натыйжада беш күндүк убакыт берилип, 28-апрелде Ташиевди күтмөй болушту. Ага чейин кошумча боз үй тигип, кайтарып отуруу чечимин кабыл алышты.