Керемет жан! Шевченконун чимирилип, чайпала ар элдин бийин аткарган видеосу

© Фото / из личного архива Валентины ШевченкоКыргызстанский боец UFC, чемпион мира в наилегчайшем весе Валентина Шевченко
Кыргызстанский боец UFC, чемпион мира в наилегчайшем весе Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандан чыккан UFC мушкерлер уюмунун чемпиону Валентина Шевченко чыгармачыл адамдардын катарында десек болчудай. Ал октагондо беттешкенден тышкары сүрөт тартып, гитарада ойноп, ар элдин бийин бийлейт.

Мушкер маектеринде бала чагынан эле апасы назиктигин жоготпосун деп спорт менен биргеликте бийге алып барганын айтып келет. Валентина Шевченко бир нече улуттун бийин өздөштүрүп, убагында сынактарга катышкан экен. Азыр UFC октагонунда жеңишинен кийин чимириле лезгинканы бийлеп коёт.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Валентина Шевченко бийлеген видеолорду бир материалга топтоду.

Салтка айланган лезгинка

Кыргызстандык мушкер жакында эле америкалык Жессика Айды утуп, UFC уюмундагы 57 килограмм салмактагы чемпиондук наамын коргоп калды. Жеңишинен кийин күйөрмандары үчүн лезгинка бийледи.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Español (@ufcespanol)

Ошондой эле беттешке чейинки ачык машыгууда дагы лезгинканы аткарып келет.

Кара жорго да бийлеп...

Валентина Шевченко ушул жылдын 7-апрелинде мекени Кыргызстанга келип, бир жумадай жүрүп кеткен. Ал Ошко күйөрмандары менен жолугушууга барганда алгачкы ирет кыргыздын улуттук бийи — кара жоргону аткарган. 

Ошондой эле лезгинкасын көрсөткөн.

Танго бийи

Видео бир канча жыл мурда тартылган. Шевченко Instagram баракчасына Перудагы сынакка катышып, танго бийлегенин жазган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

Шевченконун бийлегенден тышкары ок аткан, сүрөт тарткан, гитарада ойногон өнөрлөрү дагы бар.

Чыгыш бийи

Мушкердин мындай видеосун көргөндөр анын октагондо чыгып мушташарына ишенбесе керек...

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

Бул чыгыш бийи бир канча жыл мурда тартылган. Анда Шевченко муай-тай боюнча кармаштарды өткөргөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

Цыган бийи

Видео 2012-жылы тартылганы менен мушкер аны жаңы жылдын (2019) биринчи күнү жүктөгөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

Кадрлардан көрүнүп тургандай, мушкер цыган бийин көп элдин ортосуна туруп бийлеген.

Чимириле чайпалып...

Мушкер жыл башында белин чимирилте бийлеп жаткан жаңы видеосун жүктөгөн. Спортчунун энеси Елена Шевченконун айтымында, бийдин так аталышы жок, аны импровизация деп атаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

Ушул өңдүү дагы бир бийин жүктөгөн. Мушкердин видеолорун күйөрмандары чыдамсыздык менен күтүшөт. Анын Instagram баракчасына жазылгандардын саны миллиондон ашат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

Көл жээгинде бийлегенге эмне жетсин! Бий асмандан тартылып, укмуштуудай кооз көрүнгөнүн байкоого болот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

Көбүнчө жаратылышта бийлейт. Спортчу негизи эле саякаттаганды жактырат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

Валентина Шевченко Кыргызстандан чыккан алгачкы UFC мушкерлер уюмунун чемпиону. Тай бокс боюнча дүйнөнүн 17 жолку чемпиону. Көп жылдан бери эжеси Антонина жана машыктыруучусу Павел Федотов менен чет өлкөдө жашап келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0