Жүргөн жери ызы-чуу, эч кимге жакпайт жинди суу! Райкан Шүкүрбековдун нускасы

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКитептер. Архив
Китептер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет сатирик, акын, драматург Райкан Шүкүрбековдун учкул сөздөрүн, таамай айтылган кептерин сунуш кылабыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Райкан Шүкүрбеков 1913-жылы Талас өрөөнүндөгү Ак-Чий деген жерде туулган. 1923-1926-жылдары Олуя-Ата шаарындагы мектеп-интернатында тарбияланып, 1928-жылы Фрунзе шаарындагы жети жылдык мектепте окуйт. Акын алгачкы калемин ушул мектептен шилтеген.

Шүкүрбековдун биринчи "Күрөш" деген үч көшөгөлүү пьесасы 1935-жылы кыргыз театр студиясында артист болуп жүргөндө жазылып, сахнага чыгарылган. Анда жаш драматург басмачылар менен болгон күрөштү көрсөткөн. 1935-1936-жылдары "Бейит арасында", "Жапалак Жатпасов" деген пьесаларды жазып драматург катары тааныла баштаган. 1958-жылы Москвада болуп өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун экинчи декадасына куйкум сөздүү сатирик акын жана такшалган драматург катары катышат. Ал жалаң гана юморист эмес, философиялык ырлардын да, жүрөктү толкуткан назик лирикалардын да автору. Орус жазуучуларынын да бир топ чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Райкан Шүкүрбековдун накыл кептери:

Терменин башы арактан,
Айланып кетсин тамактан.
Силерге айтып жатамын,
Качсын деп жаман адаттан.

Карабайт кары-жашыңа,
Капаны үйөт башыңа.
Жүргөн жери ызы-чуу,
Эч кимге жакпайт жинди суу.

Берметтей болуп жылтылдайт,
Түлкүдөй болуп кылтылдайт.
Бөтөлкөдө жай жатат,
Ичиңе кирсе чаңдатат.

Жалгыз эмес жинди суу,
Анда ага да бар, ини бар.
Спирт, пиво, винолор,
Ар кимисин билип ал.
Бардыгынын жини бар,
Өздөрүнчө тили бар.

***

Эч кимге кылбайт жакшылык,
Жетелеп кетет азгырып.

Жамандык менен жакшылык,
Каршы болот турбайбы.

Жамандыкка жинди суу,
Жарчы болот турбайбы.
Айтып коюш парс экен,
Жаш, карыга мындайды.

Айтарым алыс, жакынга,
Айтканымды макулда.
Тумандатып башыңды,
Зыяны тиет акылга.

Айтамын сөздү баарыңа,
Салгыла кулак жабыла.
Жарашпайт экен ичкилик,
Айрыкча көк ала сакал карыга.
Тамактай көрбө бозону,
Тарта ичкиле ошону.  ("Жинди суу" ырынан үзүндү)

***

Өмүрдө, өлүмдө да миң-миң себеп,
Алмашып адам чиркин келет, кетет.
Өкүнүч арман менен турмуштагы,
Ар кимге өмүр суусун койгон ченеп.  (Мидин Алыбаевге арнаган ырынан үзүндү)

***

Канаты сүйүү адамдын,
Канаты болбойт жамандын.
Сүйүүдөн дүйнө жаралды,
Сүйүүдөн эл-журт таралды.

Сүйүү булгайт турмушту,
Жакшы менен жаманды.
Акылмандар кеп айтат,
"Абайла кызым!" деп айтат.

Ала көөдөн жигиттер,
Алжыгандар деп айтат.
Ажылдайсың тим эле,
Аты-жөнүң ким эле.

Атымды сурап билбейсиң,
Анан үйгө жүр дейсиң.
Талаада жаткан кыз барбы,
Тамаша кылба кыздарды. (Эстебес Турсуналиев аткарган "Кыз-жигит" термесинен )

***

Эл-журттун күнү жер менен,
Жер койнунда укмуш көп,
Ата-бабаң көрбөгөн.
Жер — өмүрдүн туткасы,
Адамзат — жердин устасы. ("Жер жөнүндө термеден" үзүндү)

Жаңылыктар түрмөгү
0