Конок тоскон Усубалиев менен Айтматов. Фрунзедеги фестивалдын таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева, СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева, Социалистик эмгектин баатыры, режиссер Марк Донской, Сталин премиясынын лауреаты, актриса Лидия Смирнова жана Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев менен СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү 1976-жылы Фрунзе шаарында тартылган.

Ал жылы борбор калаада Бүткүл союздук IX кинофестиваль уюштурулган. Жыл сайын өткөрүлгөн саамалык буга чейин башка союздук республикаларда өткөрүлсө, Кыргыз ССРинде биринчи жолу болгон. Ага бир топ атактуу режиссер, сценарист, актерлор келип, конокторду кыргыз интеллигенциясы тосуп алган. 

Ошол кезеңди режиссер Каридин Акматалиев мындайча эскерет:

"15 республикадан келген киночуларды биринчи катчы Турдакун Усубалиев, жазуучу Чыңгыз Айтматов башында туруп тоскон. Аябай чоң маданий иш-чара болгондуктан катуу даярданганбыз. Элестеткиле, фестивалга келгендер үчүн Бишкектеги бардык мейманканалар бошотулуп, келген конокторду гана жайгаштырганбыз. Көчөлөргө жарнактар илинип, калаа атайын жасалгаланган. Мындан сырткары, бир жума бою борбор калаада гана эмес, Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарына чейин сынактагы тасмалар көрүүчүлөргө сунушталган болчу. Шаар, элет тургундары кино жылдыздар менен кезигип, кинотеатрларга агылган. Көчмөндөр оюндарындай эле деңгээлдеги майрам болгон. Мен анда жаңы эле Москвадан окуумду бүтүп келип грузиялык конокторду коштоп жүрүп калдым эле", — деди Акматалиев.

Эске сала кетсек, ошол фестивалда режиссер Болот Шамшиевдин "Ак кеме" тасмасы баш байгеге ээ болуп, кийинки жылы Шамшиев өзү, сценарийин жазган Айтматов, оператору Манасбек Мусаев СССРдин мамлекеттик сыйлыгын алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0