Дарыгер, акын, сүрөтчү жана режссер Ибадылла Аджибаев

Аялым "мени же кинону танда" деди... Тасма тарткан дарыгер Аджибаев менен маек

1377
(жаңыланган 16:26 29.06.2019)
Ибадылла Аджибаев чындыгында эле уникалдуу инсан. Өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн дарыгерликке арнаган каарманыбыз ошол эле убакта гезит чыгарып, сүрөт тартып, ыр жазат. Эми минтип жашы 60ка таяган кезде кино тартууга киришип, "Мугалим" аттуу даректүү тасмасы бир катар эл аралык фестивалдардан байгелүү кайтууда.

Sputnik Кыргызстан агенттиги дарыгер, врач, журналист, сүрөтчү, акын жана режиссёр Ибадылла Ажибаев менен жолугуп, медицинадан кино тармагына өтүүсү, жараткан эмгектери жана азыркы кыргыз киносунун абалы тууралуу баарлашты.

— Ибадылла агай, алгач өзүңүз менен тааныштыра кетсеңиз?

— Жашым 59да. Эки кыз, бир уулдун атасымын. Өзүм Баткен облусунун Сүлүктү шаарына караштуу Кольцо айылынан болом. Окуучулук убагым Айдаркен шаарындагы интернатта өттү. Кийин Машина куруу техникумунда окуп жүрүп, Германияда аскердик кызматымды өтөп келдим. Өлкөгө кайткан соң эки окуу жайга — Медициналык жана Айыл чарба институттарына өтүп кеттим. Анан дарыгер болууну чечип, медициналык окуу жайдагы акушер-гинеколог кесибин тандадым. Ош шаарында, Лейлек районунда үч жыл иштедим. Андан кийин борбор шаарга келип клиникалык ординатурада эки жыл окуп, Онкология институтунда онкогинеколог-радиолог болуп кызмат өтөй баштадым. Ошентип 12 жыл аялдардын рак ооруларын нур аркылуу дарыладым. Жашым 50гө келгенде пенсияга чыктым.

— Медицина тармагындагы гезиттерди да чыгарат экенсиз...

— Алгачкы гезитти 1997-жылы чыгарып баштадым. Башында өзүм редактор элем, кийин аны татыктуу журналисттерге тапшырып берип, азыр директорлук кызматты аркалайм. Жалпысынан кыргыз жана орус тилдеринде төрт гезит чыгат. Баары биригип сегиз жумушчу бар. Аларга кадимкидей айлык акы төлөп берем. Кудайга шүгүр, көп жылдан бери үзгүлтүксүз чыгып жатат.

Врач, режиссер, художник и поэт Ибадылла Аджибаев
© Фото / из личного архива Ибадыллы Аджибаева
Дарыгер Ибадылла Аджибаевдин "Мугалим" аттуу даректүү тасмасы бир катар эл аралык фестивалдардан байгелүү кайтууда

— Кино тармагына кантип келип калдыңыз?

— Буга чейин 4-5 көркөм фильмдерде роль жараткам. Өзүмдүн өң-түспөлүм тасмага тартылууга жарайт окшойт, режиссёрлор чакырышчу. Жаныш Кулманбетов, Темир Бирназаров сыяктуу белгилүү авторлор менен иштешип калдым. Жакында Түркия жана Кыргызстан биргелешип тарта турган Рустам Аташовдун тарыхый фильмине катышайын деп турам.

56 жашымда бир сүрөтчү досум экөөбүз тасмага тартылуу үчүн "Кыргызфильм" студиясына бардык. Ошол жерден Темир Бирназаровдун режиссёрлук курсу боюнча жарыяга көзүм түшүп калды. Ага катышып, окууга өтүп кеттим. Бирназаров сабактарына 25 жаштан өткөндөрдү алат экен. Фильм жаратуу үчүн жашоо тажрыйба маанилүү эмеспи. Бир жыл окуган соң канааттанбай, дагы бир жыл билим алууну туура көрдүм. Алгачкы жылы мен курактуулар да бар болсо, экинчи жылы жалаң жаштар менен окудум. Улгайган кезде жаңы кесипти үйрөнүү кыйын болгон жок. Себеби дарыгерлик деле чыгармачылыктын бир түрү да. Өзүм да бала чагымдан эле чыгармачылыкка жакын болчумун. Сүрөт да тартам. Андыктан кино тартууну үйрөнүү мен үчүн жагымдуу болду. Үй-бүлөм да моралдык жактан колдоо көрсөттү.

— Режиссёр болсом деген кыялыңыз бар беле?

— Режиссёр болом деген ой деле жок болчу. Чыгармачылыкка жакын чоңойдум. Бала кезимден эле ыр жазып жүрчүмүн. Кийин менин калемиме таандык чыгармаларды белгилүү ырчылар аткарышты. Ырларымды Апаз Жайнаков, Каныкей Эралиева, Султан Каримов, Садыр Жумашов, Алтынбек Сапаралиев, Айчүрөк Иманалиева, Самара Каримова, Өсөр Козуев, Айбек Касымов сыяктуу артисттер ырдашты. Бир эмгегиме обон да чыгарган жайым бар. Биринчи жолу студенттик кезимде фильмге тартылууга чакырышкан. Жаңы үйлөнгөн кезим эле, келинчегим "мени же кинону танда" деди. Ошентип тасма тармагы кийинкиге жылып кеткени менен жүрөгүмдө өксүк кала берген.

Врач, режиссер, художник и поэт Ибадылла Аджибаев
© Фото / Азат Акаев
Аджибаев: Жаңы үйлөнгөн кезим эле, келинчегим "мени же кинону танда" деди. Ошентип тасма тармагы кийинкиге жылып кеткени менен жүрөгүмдө өксүк кала берген...

— Тарткан тасмаларыңызга токтолуп кетсеңиз?

— Биринчи дипломдук ишим, "Фельдшер" деген даректүү тасма болду. Нарында, жада калса жарыгы жок суук жерлерде, ат минип айылдарды кыдырып элди тейлеген дарыгер айым тууралуу. Бир аз катачылыктарга жол берилип калганын байкаган соң эми дагы бир жолу оңдоп тартууну пландап жатам. Экинчиси "Мугалим" деген даректүү тасма. Азырынча жакшы ийгиликтерди жаратып, көрүүчүлөрдүн купулуна толуп жатат. Өткөн жылы Кыргызстан кыска метраждуу тасмалар кинофестивалында биринчиликти алды. Аны менен бирге эле Казань шаарында 44 өлкө катышкан фестивалда "Эң мыкты режиссёр" аталдым. Жакында эле Крымдагы Севастополь шаарында эки диплом менен сыйландым. Фестивалдарга катышып жүрүп, өзгөчө шык пайда болуп, курчуй баштадым. Дүйнөнүн бир топ өлкөсүнө таандык кинолорду көрүп, алардын кемчиликтерин, жетишкендиктерин байкап, сабак да алдым. Башка режиссёрлор менен пикир алышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум.

— Каармандардын баары кызыктуу экен...

— Биринчиден, "эмне үчүн баарыбыз баягы эле эл билген 5-6 академик, профессорлор тууралуу тарта беришибиз керек" деп ойлодум. Карапайым элдин арасында да алтындай адамдар бар. Мен ошол жөнөкөй калктын катарында жүргөндөрдү көрүүчүнүн назарына алып чыгайын дедим. Бактыга жараша, эң керектүү каармандарды таап алдым.

— Акыркы суроом, азыркы кыргыз киносуна кандай баа бересиз?

— Сүйүнсө болот. Кыргыз кинолору көп жерлерде ийгиликке жетишип жатат. Бул кубанаарлык нерсе. Кээде мурдагы "кыргыз керемети" кайрадан жаралып жатабы деп ойлоп кетем. Тасма тартып жаткан жаштардын көптүгү да мыкты көрүнүш. Ал эми камера кармагандын баары эле киного умтулуп жатканы кейитет. Массалык фильмдер көбөйүп кетти. Улам эле белгилүү бир тема тууралуу тартышып, эптеп акча жасоону ойлогондор да бар. Мунун баары элдин табитин бузуп жатат. Бирок убакыт өткөн сайын жасалмалар жоголуп, чыныгы профессионалдар калат деген ойдомун. Себеби бул өтө түйшүктүү кесип.

1377
Белгилер:
Ибадылла Аджибаев, ийгилик, медицина, дарыгер, кинофестиваль, кино
Тема боюнча
Актёр Эркин Эгембердиев: гонорарды "дүңүнөн" сүйлөшкөн учурлар да болот
Таттыбүбү, кызы Асел, Айтурган... Кыргыз киносунун чүрөктөрүнүн сейрек сүрөттөрү