Франциянын Сан Брие шаарында улуттук кийимчен кыргыз кыздын граффитиси тартылды

Тебетейчен кыргыз кыз Франциянын шаарын көрккө бөлөдү. Сүрөт

880
(жаңыланган 13:37 02.07.2019)
Граффити 100 чарчы метр жерге JUST DO PAINT эл аралык арт фестивалынын алкагында тартылган.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Франциянын Сан Брие шаарында улуттук кийимчен кыргыз кыздын граффитиси тартылды. Бул тууралуу BASICOLORS арт-тобу билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Viktor Tsoy (@basicolors.kg)

Ага ылайык, граффити 100 чарчы метр жерге JUST DO PAINT эл аралык арт фестивалынын алкагында тартылган.

Аталган конкурска Франциядан, Италиядан, Германиядан, Түштүк Америкадан, Малайзиядан жана Кыргызстандан отуздан ашык сүрөтчү барган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Chasseurs De Graff’ (@chasseurs_de_graff)

"Бир жума бою сүрөтчүлөр көп кабаттуу үйлөрдүн дубалдарына түрдүү сүрөттөрдү тартып, арт-инсталляцияларды орнотушкан. Фестивалдын алкагында заманбап искусствонун көргөзмөсү уюштурулуп, жаш сүрөтчүлөргө мастер-класстар өткөрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Австралиянын Мельбурн шаарына калпак кийген кыргыздын сүрөтү тартылган болчу.

880
Белгилер:
Сүрөт, граффити, Франция
Тема боюнча
Фотофакт: Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн дубалындагы Айтматовдун элеси
Эстеликтеги гүлдөр. Архив

Эл акыны Гүлсайра Момунова дүйнө салды

67
(жаңыланган 16:57 12.08.2020)
Гүлсайра Момунова 1937-жылы 30-декабрда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында төрөлгөн. 1971-жылы Жазуучулар союзунун, 1965-жылдан тарта СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын эл акыны Гүлсайра Момунова оорудан улам каза болгонун жакындары тастыктады. Алардын айтымында, 83 жаштагы акын пневмонияга кабылып, үч күн мурун ооруканадан чыккан.

Алдын ала маалымат боюнча, Момунованын сөөгү 13-август күнү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Гүлсайра Момунова 1937-жылы 30-декабрда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында төрөлгөн.

1971-жылы Жазуучулар союзунун, 1965-жылдан бери СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.

1987-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" наамын алган. 2001-жылы "Эр Манас урпагы" медалы менен сыйланып, 2003-жылы "Түгөлбай Ата" адабий сыйлыгынын лауреаты болгон. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын эл акыны наамын алган.

67
Белгилер:
өлүм, оору, акын
Тема боюнча
Экс-министр Жамал Ташыбекова көз жумду
Төкмө акын, КРдин эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев . Архив

Азамат Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинен биротоло кетти

52
Төкмө акын мындан ары чыгармачылык менен алектенерин айтып, Байкоочу кеңештеги ишинде колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирген.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Төкмө акын, КРдин эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалык кызматынан кетти. Бул тууралуу ал Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Болгонбаев 2017-жылы КТРКнын Байкоочу кеңешине мүчө, ал эми быйыл февралда төрага болуп шайланган.

"Үч жыл алкагында сунуш, пикир, талаш-тартыш маселе кыйла эле жүрдү, чын дилимден мыйзамда көрсөтүлгөн талап боюнча иш алып барганга аракет кылдым. 11-август күнү Байкоочулук кеңештеги төрагалык жана мүчөлүк укугумду өз каалоом менен токтоттум. Колдон келген иш болду, албетте, колдон келбегени да болду. Колдоо көрсөткөн ар бир инсанга ыраазычылык билдирем", — деген акын.

Болгонбаев мындан ары чыгармачылык менен алектенерин кошумчалады.

52
Белгилер:
акын, кызмат, Азамат Болгонбаев, Байкоочу кеңеш, КТРК
Тема боюнча
Залкар акын Элмирбек Иманалиев атындагы коомдук фонд ачылды
Хакасияда болгон жол кырсыгы

Эс алам деп... Хакасиядагы жол кырсыгында кыргызстандык жигиттер каза болду

0
(жаңыланган 17:02 12.08.2020)
Nissan Sunny автоунаасынын 24 жаштагы айдоочусу бурулуштан рулду башкара албай калып жолдун жээгине чыгып кеткен. Жыйынтыгында автокөлүк ала салып барып токтогон.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Хакасияда беш кыргызстандык жол кырсыгына кабылып, экөө көз жумду. Бул тууралуу аймак боюнча Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын "ВКонтакте" тармагындагы баракчасына жарыяланды.

  • На месте ДТП с кыргызстанцами в Хакасии
    Хакасияда беш кыргызстандык жол кырсыгына кабылып, экөө көз жумду
    © Фото / УГИБДД Хакасии
  • На месте ДТП с кыргызстанцами в Хакасии
    Nissan Sunny автоунаасынын 24 жаштагы айдоочусу бурулуштан рулду башкара албай калып жолдун жээгине чыгып кеткен. Жыйынтыгында автокөлүк ала салып барып токтогон.
    © Фото / УГИБДД Хакасии
1 / 2
© Фото / УГИБДД Хакасии
Хакасияда беш кыргызстандык жол кырсыгына кабылып, экөө көз жумду

Маалыматка караганда, кыргызстандыктар Красноярск крайынан көлгө түшүп, эс алуу үчүн барышкан. Кырсык 11-август күнү саат 13:50дө Ачинск — Ужур — Шира — Троицкое автожолунун 232-чакырымында болгон.

Nissan Sunny автоунаасынын 24 жаштагы айдоочусу бурулуштан рулду башкара албай калып жолдун жээгине чыгып кеткен. Жыйынтыгында автокөлүк ала салып барып токтогон.

"Кесепетинде арткы орундуктагы эки киши көз жумган. Айдоочу менен 24 жана 20 жаштагы эки жигитке медициналык жардам көрсөтүлдү. Бирок алар ооруканага жаткан жок", — деп айтылат кабарда.

Машина талкаланган. Бишкектин четиндеги үрөй учурган кырсыктын видеосу

Кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат.

0
Белгилер:
өлүм, жол кырсык, Хакасия, Россия
Тема боюнча
Бетме-бет сүзүшкөн. Көлдөгү жол кырсыктын чоо-жайы