Ысык-Көлдүн Тоң районунда "Тескей Жээк" этнофестивалы уюштурулат

Жазылуу
Саамалыкта улуттук оюндар, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө "Тескей Жээк" этнофестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Кыргыздарга түспөлдөш бекен? Сибирь элинин кыздарынын жакшынакай сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздарга түспөлдөш бекен? Сибирь элинин кыздарынын жакшынакай сүрөттөрү
Билдирүүгө ылайык, иш-чара 15-июль күнү Ысык-Көл облусунун Тоң айылында манасчы Саякбай Каралаевдин үйүндө уюштурулат. Саамалыкта көк бөрү, эр оодарыш, тыйын эңмей, кыз куумай, тайган салмай оюндары болуп, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көрсөтүлөт. Ошондой эле ашпозчулардын мастер-класстары дагы болот.

Жергиликтүү тургундардын демилгеси менен өтчү үчүнчү фестиваль кыргыз элинин маданиятын, көчмөндөрдүн үрп-адатын жайылтууга арналган.

Жаңылыктар түрмөгү
0