Кинопленка. Архивдик сүрөт

"Кыргыз кереметин" улантуу максатында кино долбоорлорго сынак жарыяланды

Буга чейин субсидия түрүндө мамлекеттик колдоого ээ болгон долбоорлор бул сынакка катыша албастыгы айтылган.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кыргызстанда улуттук көркөм тасмаларды жаратуу үчүн эң мыкты кино долбоорлорго сынак жарыялангандыгын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Кино долбоор социалдык маанилүү, заманбап тематиканы камтуусу, коомдун жалпы кабыл алынган, жарандык жана адеп-ахлактык идеалдарына туура келип, чыгармачылык өзгөчөлүккө жана таасирдүүлүккө ээ болуусу керектиги белгиленген.

"Таланттуу жаштардын кино искусствосундагы изденүүсүнө түрткү берүүгө, кинонун, аны менен бирге балдар жана өспүрүмдөр үчүн кинонун өнүүгүсүнө көмөк көрсөтүүгө тийиш", — деп айтылат маалыматта.

Маалыматта буга чейин субсидия түрүндө мамлекеттик колдоого ээ болгон долбоорлор бул сынакка катыша албастыгы эскертилген.

Тасмалар конкурсун өткөрүү мөөнөтү бир ай, тагыраагы, 2019-жылдын 8-июлунан 8-августка чейин экендиги айтылды.

Тасманын өндүрүшүн каржылоо мамлекеттик каржылык колдоонун эсебинен субсидия түрүндөгү толугу менен же жартылай ишке ашырылат. Бул искусство жарышына менчик түрүнө карабастан Кыргызстандагы бардык кинематография мекемелери жана кино долбоорлордун продюсерлери катыша алары айтылды.

Сынакты өткөрүүнүн мөөнөттөрү:

Биринчи этап – сынакка билдирмелерди кабыл алуу 2019-жылдын 8-июлунан 8-августуна чейин;

Экинчи этап – 2019-жылдын 23-августуна чейин Эксперттик комиссия тарабынан келип түшкөн билдирмелер каралып, сынактын жыйынтыктары чыгарылат.

Сурап-билүү телефону: 0312 30 10 42

Белгилер:
Кыргызстан, кино, сынак, сценарий
Тема боюнча
Асанова: "Карек" жайкы кинолагери 10-июлда башталат
Кыздары кыйын кыргыздын! Өспүрүмдөр конуштардын көйгөйүн колго алды
КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жомокчу Бегайым Жайчиева

Жайчиева: кыргыз эл жомоктору кооздугу менен айырмаланат

КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жомокчу Бегайым Жайчиева кыргыз эл жомоктору мазмунунун тереңдиги, купуялуулугу жагынан бийик турарын айтты.
Жайчиева: кыргыз эл жомоктору кооздугу менен айырмаланат

Кыргыздар көчмөн болуп, ат чаап, жер которуп жүргөндүктөн жомокторунда баатырдык, айкөлдүк, ак ниеттик, ак жүрөктүк көбүрөөк айтылат. Мындай пикирин Бегайым Жайчиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфириндеги маекте билдирди.

Анын айтымында, кыргыз жомокторундагы окуялар адамды ойго салса, башка элдерде жеңилирээк баяндалат.

"Жомоктун тилеги дүйнө элдеринин баарында бирдей. Акыйкаттык жеңип, жыйынтыгы жакшы бүтөт. Кыргыздар көчмөн болуп, ат чаап, жер которуп жүргөндүктөн жомокторунда баатырдык, айкөлдүк, ак ниеттик, ак жүрөктүк көбүрөөк айтылат. Мисалы, "Миң күндүк жомок" деген китеп бар. Анда дүйнөдөгү бардык элдердин жомоктору камтылган. Мен бардыгын толук окуп чыктым. Кыргыз эл жомоктору кооздугу, жеткиликтүүгү менен айырмаланат. Ойго салып, балдарга тарбия берип, чоңдорду да кызыктырып, курч окуяларга бай келет. Кыргыздар жомокту түшүндүрүп айта билген, каармандарын ача билген жомокчу эл ", — деди Жайчиева.

Ошондой эле жомокчу бала тарбиялоону жомоктон баштоо керек экенин, ата-энелер жомокко маани бериши зарылдыгын кошумчалады.

Белгилер:
Бегайым Жайчиева, тарбия, балдар, китеп, жомок
Тема боюнча
Психолог: балага корккон нерсесин жомок аркылуу жеткирсе болот
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры. Архив

Бишкекте "Ак-Мөөр" опера-дастанынын премьерасы өтөт

Иш-чара 17-апрель күнү саат 17:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болот.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкекте КР эл артисти Жумакадыр Каныметовдун "Ак-Мөөр" опера-дастанынын премьерасы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык, иш-чара 17-апрель күнү саат 17:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болот.

"Эл артисти Жумакадыр Каныметов опера-дастандын дирижёр-коюучусу, ал эми режиссёру Искендер Сартбаев. Опера-дастанды коё турган сүрөтчү КР эл артисти Маратбек Шарафидинов, балетмейстер-коюучусу Тилек Кийизбаев, хормейстери КР эмгек сиңирген артисти Карагул Тиленчиев. Либреттону КР эл акыны Акбар Рыскулов жазган", — деп жазылат маалыматта.

Опера-дастандын башкы ролдорун театрдын солисттери аткара турганы, учурда кызуу даярдык көрүлүп жатканы кошумчаланды.

Белгилер:
маданият, иш-чара
Тема боюнча
Күзүндө Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өткөрүлөт
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архивное фото

Жапаров: Бишкек баатыр ырыс жылоологон касиеттүү адамдардан болгон

(жаңыланган 11:26 14.04.2021)
Борбор калаа ысымын алып жүргүн Бишкек баатырдын эстелиги ачылды. Ага өлкө башчы катышып, тарыхый каарман тууралуу айтып берди.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бүгүн борбор калаада Бишкек баатырдын эстелиги ачылып, иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жапаров эстеликтин тургузулушу шаар тарыхында маанилүү окуя экенине токтолуп, Бишкек баатыр тууралуу айта кетти.

"Кыргыздын солто уруусунан чыккан Бишкек баатыр ырыс жылоологон касиеттүү адамдардан болгон. Оозеки жана документалдык булактарга караганда, Бишкек баатырдын сөөгү жашырылган жер "Пишпек-Ата коргону" аталып, ал жер калайык-калк сыйынган ыйык жайга айланган. Тегерегине акырындап эл уюп, отурукташкан журт байырлап, процесс токтобой уланып отуруп, акыры чоң шаар калыптанды", — деди президент.

Өлкө башчы кыргыз эли душмандар менен катуу салгылашып турган XVII–XVIII кылымдарда Бишкек баатыр эрдиги менен таанылганын кошумчалады.

"Бүгүнкү күндө Бишкек Кенен уулу жашап өткөн доорго кызыгуу тереңдеп, тарыхчы-окумуштууларыбыз, жазуучуларыбыз анын өмүр таржымалын ийне-жибине чейин тактаганга аракет кылып жатат. Көркөм чыгармалар, илимий иликтөөлөр жазылууда. Ал турсун анын чыныгы ысымы кандай болгондугу тууралуу тактоолор, жаңы версиялар жаралып, шаарыбыздын узак тарыхын изилдөөнүн бир багыты болуп калды", — деди Жапаров.

Сөзүнүн аягында ал борбор калаанын көркүн арттыруу үчүн бүгүн көптөгөн иш-аракеттер жүрүп жатканын, шаар жасалгасы дагы бир эстелик менен толукталганын белгиледи.

Белгилер:
Бишкек баатыр, эстелик, Садыр Жапаров, Бишкек
Тема боюнча
Борбор калаанын чок ортосунда Бишкек баатырдын эстелиги ачылды. Сүрөт