Бишкекте белдемчи көргөзмөсү өтүп, 100дөй эмгек тартууланат

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный фестиваль ремесленников "Оймо" в Бишкеке
Международный фестиваль ремесленников Оймо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл белдемчи тигүү боюнча курс ачылып, аны 200 бүтүрүүчү аяктаган.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Борбор калаада белдемчи көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун жетекчиси Айдай Асангулова билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чара 2017-жылдан бери уюштурулуп келет.

"Белдемчилерди кайра жандандыруу максатында эки жыл мурда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде көргөзмө уюштурганбыз. Ал жерге илгерки, 90-жылдарга чейинки белдемчилердин 44 түрү чогултулуп коюлган. Иш-чара көпчүлүккө жаккан. Мындан улам быйыл атайын белдемчи тигүү боюнча курс ачып, аны 200 бүтүрүүчү аяктады. Бул жылы өтө турган иш-чарада белдемчинин 100дөй түрүн көрө аласыздар", — деди Асангулова.

Көргөзмө "Оймо" фестивалынын алкагында өтмөкчү. Иш-чара 25-июлда Курманжан датка эстелигинин алдында болот.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0