Жазуучулар Түгөлбай Сыдыкбеков жана Чыңгыз Айтматов. Архив

Жалгыз устун үй көтөрбөйт. Түгөлбай Сыдыкбековдун кеп казынасы

320
(жаңыланган 15:18 25.07.2019)
Таалайгүл Усенбаева
Сөз атасы болуп, ойлордун туу чокусун кармаган кеменгерлердин айткандарын "Кеп казына" аркылуу тартуулап келебиз. Бул ирет алп жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун таамай сөздөрүн тартуулайбыз. Керек сөздөрдү көкүрөккө сактап алгыла!

Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган.

1928-1931-жылдары Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек шаарындагы) айыл чарба техникумунда, 1931-жылы Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтунда билим алган.

1931-1936-жылдары "Ленинчил жаш" гезитинде бөлүм башчы, 1937-1947-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи, 1936-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Өзүнүн чыгармачылык аракетин адегенде ыр жазуу менен баштаган. 1930-жылы 1-май күнү "Ленинчил жаш" гезитине "Булар кимдер?" деген ыры жарыяланган. Андан бир аз өтпөй "Чал комузу" аттуу поэмасын жазып, "Чабуул" журналына бастырган. Алгачкы "Күрөш" аттуу ырлар жыйнагы 1933-жылы жарык көрүп, "Баатырлар" (1936), "Акын-булбул" (1938) аттуу ырлар, поэмалар жыйнактары жарыяланган.

Сыдыкбековдун поэтикалык чыгармаларына караганда прозалык эмгектери кыргыз совет адабияты үчүн чоң окуя болгон. Анын "Кең-Суу", "Темир" романдары да окурмандардын купулуна толгон. Сүрөткердин турмушунда "Көк асаба" романы өзгөчө тагдырдагы чыгарма. Сыдыкбековдун ХХ кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө кошкон салымы чоң. Ал "Кыргыз эл жазуучусу",  "Кыргыз Республикасынын Баатыры", академик наамдарын алган. Жазуучу 1997-жылы 19-июлда Бишкек шаарында дүйнө салган.

Түгөлбай Сыдыкбековдун учкул кептери:

Мөңгүнүн суусу соолбогондой, журт өмүрү да тозбос, картайбас тура.

***

Жалгыз устун үй көтөрбөйт. Ал канчалык жоон, канчалык бекем болбосун — аны жалгыз койсок, береги аппак мектебибиздин чатырына жеке туруштук бере албас.

***

Адам өлбөс болбос. Өмүр узараар... Бирок адам акыл тартып эскирген сайын анын киндик каны тамган жер көк жашыл тартып кулпуруп баратат! Биз ошого ыраазыбыз!

***

Ар бир жемиш өз мезгилинде ширеге канат.

***

Уясын таппаган чыбыйдай тек аргасыз безеленүүдөн алыс болуу үчүн бизге эң алгач өз тегибизди жакшылап таанып алуу парз!

***

Жаштын тилеги курч.

***

Адам өмүрү анча узун болбосо да, ар биринин баскан жолу өзүнчө роман. Биз анын мүнөздүүсүн көрөбүз, пайдалуусун эскеребиз. Кайгыны тороп, күлкүнү колдойбуз.

***

Терең акыл, жарык ой, канаттуу санаа, алп иш, маанилүү сөз — деги адамдын күчүнө эсеп жетеби! Ал өзү "аз жашаймын" дейт, кээде иштеген иши өмүрү өлбөйт. Ал өзү "кичинемин" дейт, кээде тоону да көтөрөт. Ал билбегенин үйрөнүп алат, кээде жакшынын ордуна жаманга да барат, жеңилдин ордуна оорго чыдайт...

***

Жаш чынардын тамыры өскөн сайын бекемдейт. Жаш адам чоңойгон сайын жетилет.

Жазуучунун накыл кептери "Мезгил сабактары" китебинен алынды.

320
Белгилер:
нускама, жазуучу, Түгөлбай Сыдыкбеков
Тема боюнча
Ууру жолдор уурдаганга алпарат! Омор Султановдун кеп казынасы
Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар! Алыкул Осмоновдун кеп казынасы