Арманы - "Манас" көркөм фильмин тартууга жетишпей калган. Убукеев жөнүндө 7 факты

© Sputnik / Александр ФедоровКыргыз киносунун түптөөчүлөрүнүн бири болгон режиссёр, манас таануучу, Эл артисти Мелис Убукеев жана актер Болот Бейшеналиев. Архив
Кыргыз киносунун түптөөчүлөрүнүн бири болгон режиссёр, манас таануучу, Эл артисти Мелис Убукеев жана актер Болот Бейшеналиев. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелис Убукеевдин ысымы кыргыз кино тарыхында алтын тамгалар менен жазылган. Ал түбөлүккө калчу эмгектерден сырткары, толук метраждуу көркөм фильм тарткан алгачкы кыргыз режиссёру болгон.

Кыргыз киносунун түптөөчүлөрүнүн бири болгон режиссёр, манас таануучу, Эл артисти Мелис Убукеев 1996-жылы 27-июлда дүйнөдөн кайткан. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар талант тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Ормон хандын урпагы. Мелис Убукеев 1935-жылы 17-апрелде Фрунзе шаарында төрөлгөн. Режиссёрдун ата-теги Ормон ханга барып такалат. Анын бабасы өз заманынын белгилүү комузчусу Сейилкан Ормон хандын баласы болгон. Атасы Сейиткерим Ибраимов совет мезгили орногон кезде белдүү саясий ишмер болуп, коммунисттик партиянын Тажикстандагы шаардык комитетинин биринчи секретарлыгына чейин жеткен. Бирок 1937-жылы манап тукумунан чыккандыгына байланыштуу кандуу репрессияга кабылат. Анын азыркыга чейин кайда экендиги белгисиз. Камакка алынган кезинде Крым жакка сүргүнгө айдалып, ошол тарапта изи жоголуп кеткендиги айтылат. Апасы Галия Ибраимова кайраттуу, акылдуу аял болуп, убагында финансы министринин орун басары кызматын аркалаган.  Ал 1940-жылы жазуучу Айткулу Убукеевге турмушка чыгат. Жумшак, ак көңүл жазуучу кичинекей Мелисти өз уулундай баккан.

© Sputnik / Александр ФедоровМелис Убукеевдин дипломдук иши — "Тайгак кечүү" киносун тартып жаткан мезгилинен бир ирмем
Арманы - Манас көркөм фильмин тартууга жетишпей калган. Убукеев жөнүндө 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Мелис Убукеевдин дипломдук иши — "Тайгак кечүү" киносун тартып жаткан мезгилинен бир ирмем

Студент-режиссёр. Мелис Убукеев атасына коноктоп келген кыргыз интеллигенттеринин, жазуучулардын арасында чоңоёт. Мектепти аяктаган соң Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине кабыл алынып, аны 1961-жылы аяктайт. Бирок киного болгон сүйүүсү тынчтык бербей, Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна (ВГИК) тапшырат. Ал жерде белгилүү режиссёр Сергей Герасимовдун өнөрканасында сабак алат. Чыгармачылыктагы тушоосу студенттик кезинин 2-жылында кесилет. Алгачкы эмгеги болгон "Тоо дарыясы" аттуу кыска метраждуу даректүү тасмасынын сценарийин да өзү жазган. Жогорку окуу жайды 1965-жылы бүтүрүп, кесиптик дипломун алат.

Алгачкы кинофильми. Мелис Убукеев 1964-жылы дипломдук иши катары алгачкы толук метраждуу фильми "Тайгак кечүүнү" тартат. Бул эмгеги кыргыз улутундагы режиссёр тарткан тунгуч көркөм тасма катары тарыхта калган. Картинанын бет ачары 1966-жылы Москвада өтүп, бир катар фестивалдардан байгелүү кайтат. Мукай Элебаевдин "Узак жол" чыгармасынын негизинде тартылган тасмага белгилүү актёрлор Шайырбек Көбөгөнов, Бакен Кыдыкеева, Муратбек Рыскулов, Болот Бейшеналиев, Советбек Жумадылов жана болочоктогу белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев катышкан. Фильм Үркүн убагында Кытайга качып, кийин өз мекенине кайткан жаш жигиттин тагдыры тууралуу.

© Фото / Александр ФедоровТаланттуу режиссер Убукеев баш-аягы 15ке чукул даректүү жана көркөм фильм тарткан. Алар кыргыз кино өнөрүн байыткан салмактуу картиналардан болуп калды
Арманы - Манас көркөм фильмин тартууга жетишпей калган. Убукеев жөнүндө 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Таланттуу режиссер Убукеев баш-аягы 15ке чукул даректүү жана көркөм фильм тарткан. Алар кыргыз кино өнөрүн байыткан салмактуу картиналардан болуп калды

"Ак Мөөр". Уламышка айланган Ак Мөөр менен Болоттун сүйүүсүн баяндаган "Ак Мөөр" фильми 1969-жылы жаралган. Атайын павильондун ичинде гана тартылган чыгарма кино, театр жана телевидениени айкалыштарганы менен өзгөчөлөнөт. Фильмге Таттыбүбү Турсунбаева, Болот Бейшеналиев, Муратбек Рыскулов жана Советбек Жумадылов сыяктуу кыргыздын залкар таланттары тартылган. Ал Турсунбаеванын талантын алгачкылардан болуп байкап, актрисанын айылына атайын барып, актёрдук билим алып, чыгармачылык жолуна түшүүгө ынандырган дешет.

Убукеев жана Манас. Мелис Убукеев үчүн "Манас" эпосунун, деги эле Манас ааламынын орду өзгөчө болгон. Атасы Айткулу Убукеев менен Саякбай Каралаевдин мамилеси жакшы болгондуктан улуу манасчыны жаштайынан жакындан тааныган. Чыгармачылыкка аралашкан кезинде эпосту толук кандуу көркөм тасмага түшүрүүгө катуу бел байлаган. Бир нече жылдар бою Улуттук илимдер академиясы менен кызматташып, эпос боюнча материалдарды чогулткан. Бирок жашоосунун негизги максаты болгон көркөм тасманы тартууга жетишпей дүйнө салган. Ошентсе да баатырдын дүйнөсү тууралуу жалпысынан беш даректүү фильм тартууга жетишкен. 1966-жылы үч бөлүктөн турган "Саякбай", кийин жети бөлүктөн турган "Улуу манасчы", "Миң жылдыктын прологу" даректүү тасмаларын, "Манастын ааламы" көркөм-публицистикалык эмгегин жарыкка чыгарган. Ошондой эле "Түбөлүккө кайрылуу" аттуу тогуз бөлүмдүк чыгармасынын бир сериясы да Манаска арналган. Режиссёр тасма менен гана чектелбей, баатыр тууралуу изилдөөлөрүн бириктирип, "Манас — кыргыздардын баатырдык эпосу" деп аталган китеп жазган.

© Фото / Александр ФедоровЧыңгыз Айтматов менен Мелис Убукеев. Экөө тең Манас дүйнөсүнө сүңгүп кирип, аны кастарлаган залкарлар
Арманы - Манас көркөм фильмин тартууга жетишпей калган. Убукеев жөнүндө 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Айтматов менен Мелис Убукеев. Экөө тең Манас дүйнөсүнө сүңгүп кирип, аны кастарлаган залкарлар

Даректүү тасмалары. Мелис Убукеевдин эмгектеринен жалпылап караганда 19-кылымдын аягы жана 20-кылымдын башындагы кыргыз тарыхынын орчундуу окуялары сүрөттөлгөнүн байкоого болот. Режиссёр жашоосунда аз гана эмгек жаратканы менен анын бардык кинолору азыркы убакка чейин маанилүүлүгүн жоготпой келет. Ал "Элеттик роман", "Оймолордун үнү" сыяктуу көркөм тасмалардан сырткары бир нече даректүү фильмдерге да автордук кылат. Алардын катарын "Советтер Союзуна кызмат кылам", Алыкул Осмонов тууралуу "Акын", Гапар Айтиев жөнүндө "Элдик сүрөтчү", "Түбөлүккө кайрылуу" тасмалары толуктайт. Ошондой эле 1972-жылы "Казакфильм" студиясы режиссёрду атайын чакырып, алардын сунушу менен "Кечки жол чети" телефильмин да чыгарган.

© Фото / Александр ФедоровМелис Убукеев уулу, болочоктогу дипломат Сейит менен
Арманы - Манас көркөм фильмин тартууга жетишпей калган. Убукеев жөнүндө 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Мелис Убукеев уулу, болочоктогу дипломат Сейит менен

Үй-бүлөсү. Мелис Убукеев үч жолу турмуш курган. Биринчи үй-бүлөсүнөн Бермет аттуу кыздуу болгон. Ал эми экинчи жолу көп жыл телевидениеде иштеген режиссёр Айсулуу Хамзамулинага үйлөнгөн. Экөө жаңы таанышкан кезде режиссёр 32, болочоктогу жубайы 18 жашта болчу. Алар Убукеев тасмасы үчүн баш каарманга кыз издеп, университеттерди кыдырып жүргөн учурда таанышат. Арадан бир жыл өткөн соң чогуу түтүн булатууну чечишкен. Режиссёрдун үй-бүлөсү 17 жыл чогуу жашап, бир уул, бир кызды тарбиялашкан. Хамзамулинанын айтымында, Убукеев балдарын аябай жакшы көргөнү менен аларга чоң кишидей катаал мамиле кылчу. Ал эми үчүнчү турмушунан бир баласы бар. Режиссёр 1996-жылы 27-июлда катуу ооруп, ооруканада каза болгон.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0