Кыргызстанда туризм жаатындагы мыктыларды аныктаган сынак башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековВручение национальной премии Kyrgyz Tourism Awards в Бишкеке
Вручение национальной премии Kyrgyz Tourism Awards в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билдирмелер 10-сентябрга чейин кабыл алынат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстанда Kyrgyz Tourism Awards – 2019 сынагы старт алып, билдирмелер кабыл алынууда. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Конкурстун максаты — туризмди өнүктүрүү, бул жаатта жетишкендиктерди жайылтуу жана туризмдеги тейлөө кызматынын сапатын жакшыртуу. Ошондой эле өлкөнүн туризм жаатындагы имиджин көтөрүү менен инвестиция тартууга өбөлгө түзүү болуп саналат.

"Жеңүүчүлөр жана байге ээлери акчалай сыйлык, диплом, премьер-министрден энчилүү саат жана Ардак грамота алышат" — деп айтылат маалыматта.

Билдирмелер үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрына чейин кабыл алынат. Сыйлыктын жыйынтыгы 27-сентябрда, "Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүндө" белгилүү болору айтылды.

Аталган сыйлык жалпысынан 17 номинациядан турат.

— Эң мыкты инновациялык долбоор;

— Окуялуу туризм боюнча эң мыкты долбоор;

— Эң мыкты интернет-долбоор;

— Эң мыкты дипломатиялык өкүлчүлүк;

— Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча эң мыкты долбоор (IT-долбоорун иштеп чыгуу, киргизүү жана ийгиликтүү ишке ашыруу);

— Эң мыкты туристтик оператор;

— Эң мыкты конок үйү;

— Эң мыкты мейманкана;

— Эң мыкты туристтик комплекс;

— Туризм багыты боюнча КРдин эң мыкты окуу жайы;

— Эң мыкты аймак (дестинация);

— Эң мыкты гид (же экскурсовод);

— Эң мыкты фотограф же видеограф;

— Эң мыкты санатордук-курорттук мекеме;

— Эң мыкты боз үй шаарча (этностилде);

— Туризмди чагылдыруу боюнча атамекендик жалпыга маалымдоо каражаты (теле жана радио берүү чөйрөсүндө, басылмалар, интернет порталдары жана сайттар);

— Атайын номинация — "КРдин туризмин өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон жылдын мыктысы".

Кызыккандар толук маалыматты шилтеме аркылуу алса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0