Ошто экинчи ирет туристтик фестиваль өткөрүлөт

© Фото / Михаил ДудинДостопримечательности города Ош
Достопримечательности города Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саамалык кербендердин жүрүшү жана ыр-күүлөр менен коштолот.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Ош шаарында экинчи жолу Osh Fest-2019 туристтик фестивалы уюштурулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, иш-чара 17-август күнү Алымбек датка атындагы сейил багында өтөт. Анда эс алуучулар ашпозчулардын дүйүм тамактарынан ооз тийип, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери жайылган көргөзмөлөргө назар сала алат.

Саамалык ошондой эле кербендердин жүрүшү жана ыр-күүлөр менен коштолот.

Жаңылыктар түрмөгү
0