Казак жазма адабиятына негиз салган улуу акын, ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер Абай Кунанбаевдин эстелиги

Бийликтен баш тарткан реформатор. Казак акыны Абай тууралуу 7 факты

846
Абай Кунанбаев — казак жазма адабиятына негиз салган улуу акын, ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер. Бир гана боордош элдин эмес, жалпы Орто Азиянын чыгармачыл чөйрөсүнө катуу таасир берген инсан 1845-жылы 10-августта туулган.

Sputnik Кыргызстан казак маданиятына жаңы өзгөрүштөрдү киргизген реформатор акын тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Тектүү бийдин тукуму. Абай Кунанбаев 1845-жылы 10-августта Чыгыш Казакстан облусунда жарык дүйнөгө келген. Азан коюлган аты алгач Ибрагим болгон. Ал эми казак тилинде "сактыкты" түшүндүргөн Абай ысымын чоң энеси Зере берген. Атасы Кунанбай колунда бар, тектүү бай адам болсо, чоң атасы өз уруусун башкарган бий эле. Ал эми апасы Уулжан сөзгө чечен, акылман аял болуп балдарынын жаштайынан оозеки адабиятка жакын болуп чоңоюусуна түрткү берген. Абайдын бир тууганы, ошол кездеги алдыңкы акын жана ойчул Шакарим Пушкиндин бир нече чыгармасын которгон. Жаш акын алгач өз үйүндө молдодон билим алат. Кунанбай бий балдарынын арасынан илимге болгон ынтызарлыгы менен өзгөчөлөнгөн Абайды медресеге жөнөтөт. Ал жерде араб, перс сыяктуу чыгыш тилдерин үйрөнүп, билимин өркүндөтөт. Медреседе өткөргөн беш жылынын аягында ыр жаза  баштайт.

Бийликтен баш тарткан. Он үч жаштагы Абай окуусун толук бүтүрө электе атасы айылга чакыртып алат. Анткени ошол кездеги аймактагы салт боюнча эл башчылыкка жаштайынан эле даярдалуусу керек эле. Жаш жигит кызыл тили менен бир топ коомдук көйгөйлөрдү чечип, лидерлик сапатын көргөзө баштайт. Бирок жашы 28ге келгенде саясий оюндар, уруулар арасындагы чырлардан көңүлү калып, бийликтен толук баш тартат. Мындан ары убакытын толугу менен өзүн-өзү өнүктүрүүгө жумшап, орус тилине өзгөчө көңүл бурууга киришет. Ага кошумча, чыгыштын Фирдоуси, Алишер Навои, Низами, Физули, ибн Сина сыяктуу акын жана илимпоздорунун, Крылов, Лермонтов, Пушкин, Гёте, Байрон сыяктуу дүйнө адабияттарынын классиктеринин чыгармалары менен таанышып, дүйнө таануусун өрчүтөт. Алгачкы олутуу ырын жашы кыркка келгенде кагазга түшүрөт.

Демократ-акын. Акын өз заманынан алда канча алдыны көрө билген, заманбап ой жүгүрткөн демократ инсан болгон. Өзү саясаттан алыс болгону менен ырларында ар дайым коомдогу турмушту сүрөттөп, эзилгендердин жанында туруп, бийлерди адилеттүүлүккө үндөп турган. Чыгармаларынын маанилүү бөлүгүн эски салттарды шакабага алуу, аялдардын укугу тепселгенине каршы чыгуу, бай менен кедейлер арасындагы ажырымды сындоо түзөт.

Жаңычыл акын. Абай Кунанбаевдин адабий мурасы негизинен үч бөлүктөн турат: поэтикалык чыгармалар, котормолор жана кара сөз менен жазылган санаттар. Ошол эле учурда акын казак поэзиясына жаңычылдыкты алып келгендиги менен өзгөчөлөнөт. Тилекке каршы, жаш кезинде жазган ырлары биздин убакка жетпей калган. Акындын чыгармачылыкка активдүү аралашуусу 1886-жылы башталат. Анын алгачкы ырларынын бири казак жаратылышын жана карапайым элдин турмушун сүрөттөгөн "Жаз" ыры. Акын ага улай мезгилдерге арналган "Жай", "Күз" жана "Кыш" аттуу эмгектерди жазат. Ошондой эле "Масгуд" жана "Азим жөнүндө уламыш" сыяктуу чыгыш классикалык адабиятынын негизинде жазылган поэмалары да өзгөчө орунда турат. Жергиликтүү тема менен чектелбей "Искендер" аттуу чыгармасында Аристотель менен Александр Македонский арасындагы каршылашууну чагылдырат. Жалпысынан 170ке жакын ыр, бир нече поэма жазып, 56 чыгарманы казакчага которгон.

"Кара сөздөр". Абайдын эң негизги чыгармасы - 45 философиялык ойдон жана кыска уламыштардан турган "Кара сөздөр" эмгеги. Чыгарманын бир бөлүгү акындын көзү өткөн кезде басылып, орус, кытай, казак, немис жана башка бир нече тилдерге которулган. Философия, гуманизм жана динди чогуу камтыган эмгек жалпы казак элинин идеологиясынын олуттуу бөлүгүн түзөт. Бир гана билимдүү жана биримдиктүү калк тарыхты өзгөртө алат деп эсептеген акын "Кара сөздөрдө" элди илимге жана эмгекке үндөгөн. Мындан улам акын 19-кылымдын аягы жана 20-кылымдын башында жаралган казак интеллигенциясына өтө чоң таасир берген. Айтылуу "Алаш-Ордо" кыймылынын өкүлдөрү акынды бир гана өздөрүнүн эмес, жалпы казак элинин руханий лидери катары баалашкан. "Кара сөздөр" казак эли арасында азыркыга чейин маанисин жоготпой келет.

Ата жолун жолдогон уулдар. Абай ата жолун жолдоп билимдүү, чыгармачыл болуп чоңойгон төрт баланы тарбиялаган. Улуу баласы Акылбай чоң атасынын колунда өскөнү менен бир нече музыкалык аспапта ойноп, үч поэмага автордук кылат. Ал эми кенже уулу Турагул "Алаш-Ордо" партиясынын көрүнүктүү мүчөсү болуп, Жек Лондон, Максим Горькийдин чыгармаларын казак тилине которгон. Аскер кызматкери болгон экинчи уулу Абдырахман Санкт-Петербург шаарындагы артиллериялык окуу жайда билим алат. Бирок жашы 27ге келген кезде кургак учуктан каза болот. Үчүнчү уулу Магаш да эрте эле чыгармачылыкка аралашып, белгилүү "Медгат-Касым", "Енлик-Кебек" жана "Абылай" поэмаларын жазат. Ошол эле учурда жаштыгына карабай калк сүйгөн сот болуп иштеп, ар дайым адилеттүү чечимдерди чыгарчу. Мыкты элдик адам болот деп үмүттөнгөн уулу 34 жашында бул дүйнө менен кош айтышат. Күчкө толуп турган уулдарынын өлүмү акынга өтө чоң сокку болот. Кайгыга чыдабай Магашты жерге бергенден 40 күн өткөн соң, 1904-жылы 6-июлда киндик каны тамган жерде көз жумган.

Атын алган шаар. Жалпы казак тарыхынын эң таасирдүү инсандардын бири болгон Абайдын атын Караганда облусундагы шаар, Чыгыш Казакстанда эки район алып жүрөт. Ошондой эле Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине да ысымы берилген. Казакстандын 20 теңгесине жана бир нече почта маркаларына сүрөтү түшүрүлгөн. Казакстандын көптөгөн шаарларында жана Англиянын борбору Лондондо музейи бар. Улуу акын тууралуу көптөгөн чыгармалар да жарыкка чыккан. Мисалы, Мухтар Ауэзовдун "Абай" трагедиясы, "Абай жолу" романы, "Абай" опера жана спектакли, "Абайдын ырлары" фильми алардын кичинекей гана бөлүмү.

846
Белгилер:
тарых, факты, маданият, Казакстан, ойчул, акын
Тема боюнча
Жалгыз устун үй көтөрбөйт. Түгөлбай Сыдыкбековдун кеп казынасы
Аялым "мени же кинону танда" деди... Тасма тарткан дарыгер Аджибаев менен маек