Жылдыздуу асманды карап турган адам. Архив

Жер жүрөгүм, а жылдыздар көз отум. Кыйырды кыдырып кеткен Беганас акын

590
(жаңыланган 17:59 15.08.2019)
Нурзада Ташбаева
Бүгүн кыргыздын белгилүү фантаст жазуучусу, акын Беганас Сартовдун туулган күнү. Колумнист Нурзада Ташбаева анын "Эридиана" китебинен мисал алып, карындашы Сабида Сартованын жардамы менен ой толгоосун жазган.

Биз билгенден кыргыз профессионал жазма адабиятында илимий-фантастикалык чыгармалар эки гана калемгерге таандык. Бул жанрга алгач Кусейин Эсенкожоев тиш салса, арадан 30 жылдан ашуун мезгил өтүп Беганас Сартовдун жылдызы жанды. Ооба, жылдыздуу жайдын түнүндө төрөлгөн бөбөктүн ысымы эле эмес, алдыда жашоо-турмушу, бүтүндөй тагдыры ай-жылдызга байланып, өзү жазгандай, аалам кыйырын кыдырып кеткендей туюлат.

Кыргызский писатель-фантаст, поэт Беганас Сартов
© Фото / из личного архива Сабиды Сартовой
Жазуучу, акын Беганас Сартов 1945-жылы 15-август күнү Чүй облусундагы Москва районунун Чичерин айылында туулган

Жарык дүйнөгө келген жаңы көздү көргөнү кошуна-колоң чогулуп, аңгыча ошол чөлкөмдөгү элге көп аралаша бербеген, жашы өйдөлөп 90го чамалап калган чечен улутундагы кемпир эшик алдына пайда болот да, чүрпөгө ат коюу үчүн көпчүлүктөн уруксат сурайт. "Карынын кебин капка салган" элде сөзү эки болмок беле, "Баланын аты Беганас болсун, ал "асмандагы эң жарык жылдыз" дегенди билдирет. Бул бала кийин ааламды, жылдыздарды жазат",- дептир. Бул күн - 15-август, өткөн кылымдын 1945-жылы эле. Айтканындай эле Беганас Сартовдун калеми ааламга саякат жасады. Галактика, ай, жылдыз, гуманоид жөнүндөгү чыгармаларды жаратты.

Акын колуна алгач калем кармаган күндөн тарта, чыгармачылыктын түйшүгүнө терең бата элек жатып, али такшала элегинде кыялы чексиз мейкиндикке, космоско карай чабыттаган: "Эсимде жылкы мүнөз балалыгым, тоолордун кучагында сайран курган. Айлуу түндө асканын бийигинен, жылдыздар эңсөө сунган, кыял сунган. Мен анда Жетигенде конок болуп, үңкүрдүн үйүн көрүп кереметтүү, Алтын Казык жылдызын айланчыктап, аалам кыйрын кыдыргым келип кетчү".

Жер – жүрөгүм, а жылдыздар көз отум,

Фантастика табылгам да, жоготуум.

Аралайм деп белгисиз бир дүйнөнү,

Асыл, ыйык учурумду короттум, — деп,  бир карасаң башкалар сыяктуу эле кадимки жай турмуш кечирип, эл катары окуп-иштеп, дос, жар күтүп, бала тарбиялап жатканы менен чыгармаларын окуган кишиге кайдадыр шашып жашагандай туюм калтырат.

Маркумдун бир тууган карындашы Сабида Сартова: "Агам ар дайым 33 жаштан аман-эсен өтүп кетсем, 99 жашка чыгам дечү",- дейт. Акындын пайгамбарлык менен айткан сөзүнө төмөнкү саптарын окуп кандайдыр жогорку акыл-эс, параллель дүйнө менен байланышы болгонуна айласыз ишенесиң: "Пушкинге теңтуш болдум ажеп эмес, Лермонтовдун жашынын таттым даамын. Болбосо Тициандын жашын мүлжүп, же эртең капилеттен көз жумармын".

Кыргызский писатель-фантаст, поэт Беганас Сартов
© Фото / из личного архива Сабиды Сартовой
Беганас Сартов: Пушкинге теңтуш болдум ажеп эмес, Лермонтовдун жашынын таттым даамын. Болбосо Тициандын жашын мүлжүп, же эртең капилеттен көз жумармын...

Беганас Сартовдун чыгармачылыгы, албетте, мындай ырлары менен гана чектелбейт. Ал кыргыз журтчулугуна ириде илимий-фантастикалык аңгемелери, повесттери менен таанылып, "Роботтун туулган күнү", "Эксперимент", "Адам жана робот", "Он үчүнчү толкун", "Белгисиз планетадан кат", "Алдыда Арктика", "Космонавт" аттуу чыгармалары кыргыз адабиятына, айрыкча фантастика жанрына эбегейсиз салым кошо алды. Таланттуу сүрөткердин "Жылдыздар балладасы", "Ааламда адашкандар", "Мамыры гүлдөгөн маалда", "Эридиана" деген китептери бар.

Эридиана демекчи, 2004-жылы англис жана венгер астрономдору биргелешип жүргүзгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында Эридан топ жылдызын, андагы көлөмдүү кара көңдөй тешиктин, астрономиянын тили менен айтканда эң жогорку чектеги болуп көрбөгөндөй муздак ээндиктин пайда болгонун аныкташты. Эгерде окумуштуулар, астронавт, космонавттар Беганас Сартовдун чыгармаларын окушса бир топ баалуу маалыматтарды алат беле деген ойго жетелендим. Анткени мен жакында окуп чыккан "Эридиана" жыйнагына кирген "Күн тийбес тоолордун сыры" повестинде чексиз ааламга, учу-кыйырсыз галактикага саякат жасагандар улам жаңы ачылыштардын күбөсү болот. Жазуучунун ой-кыялын карабайсызбы, космоско коңшу Казакстанга барып келгендей каттап, марсиандар менен дос болгон каармандарынын дээрлик баары кыргыздар: Жоомарт, Бекташ, Манас, Нурпеис, Бейкут, Эркекыз...

"Эмне, тиричилик Жерде кечээ гана башталыптырбы? Жок. Аалам чоң жана чексиз. Анын сыры белгисиз бойдон өзүнүн Колумбдарын күтүп жатат. Алар эртеңки сен жана мен...", – деген Бекташ башка планетадан түшүп келген Эридиана менен жерлик Жоомарттын сүйүүсүнүн айланасындагы окуя менен окурманды андан ары жетелеп жөнөйт. Ар бир окурман Бекташ койгон суроолорго өз алдынча жооп табууга аракет кылганы менен чыгарманын салмагы арта баштайт.

"Ким бул өзү Эридиана деген? Анын ким экенин билүү үчүн Ааламды чабыттап, анын мекенин издөө керекпи? Кантип? Күн системасы Улуу Тоолуктар пайдаланган Мейкиндик, Мезгил, Аалам аралашып сүзүп жүргөн абалдын туюнтмасын, тактап айтканда, Убакыттын созулушу менен Аралыктын узактыгы жок Айланма Туюк Жолду — Аалам Танабын өздөштүрө элек да. Анын бар экенине шектенип да коюшпайт биздин илимпоздор. Демек, биз эч жакка эч качан бара албайбыз. Анда эмесе Улуу Тоолуктар аны кантип өздөштүрдү? Же алар ушунчалык эле өнүккөн Акыл-Эспи? Андай болсо жылдыздуу дүйнөнүн кайсы чекитинде? Качан пайда болушкан Ааламда? Кимдер менен карым-катнашта болуп, кайсы Мейкиндик менен Мезгилде жашашат?" – деп собол таштайт да Айга саякаттап кетет.

Болгону отуз үч жыл өмүр сүргөн акын кыска өмүрүндө коюлган атына жараша ак жылдыздай жашады. 1978-жылы 9-августта, 33 жашына жети күн жетпей, түп мекени Жумгалда иш сапары учурунда күтүүсүз оорудан каза тапкан.

"Караан тутуп өзүң сүйгөн тоолорду, айкөл жүрөк атың калаар элиңде. Ай аралап, бейитиңе нур төгөөр, кызгалдактуу Кызартыңдын белинде", — деп жаш кетерин билгенби, же "Мамыры гүлдөгөн маалдагы" башкы каарманы — өзүнө 33 жаш берип аз өмүр тилеп алдыбы, айтор, өзү сүйгөн чексиздикке учуп кетти. Маркумдун сөөгү ырында аян кылгандай Кызартта калды.

590
Белгилер:
Беганас Сартов, жазуучу, акын, чыгарма, фантастика
Тема боюнча
Арманы - "Манас" көркөм фильмин тартууга жетишпей калган. Убукеев жөнүндө 7 факты
"Ыстырып" окуган, Манасты сактап калган. Акбалта жөнүндө 9 факты