Кыргызстандыктар Венгрияда боз үй тигип, улуттук маданиятты даңазалашты. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МИД КРАвстриядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Венгриядагы эл аралык этнофестивалга катышты
Австриядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Венгриядагы эл аралык этнофестивалга катышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Этнофестивалда 50 боз үй тигилип, 200 миңден ашуун турист келген.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Австриядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Венгриядагы эл аралык этнофестивалга катышты. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба МИД КРПредставители из Кыргызстана приняли участие в международном культурном мероприятии по сохранению традиций "День предков" в Венгрии
Австриядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Венгриядагы эл аралык этнофестивалга катышты - Sputnik Кыргызстан
1/3
Австриядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Венгриядагы эл аралык этнофестивалга катышты
© Фото / пресс-служба МИД КРПредставители из Кыргызстана приняли участие в международном культурном мероприятии по сохранению традиций "День предков" в Венгрии
Венгриянын Бугац шаарынын жанында жайгашкан Кишкуншаг улуттук коругунун аймагында 17-августта Бабалар күнү аттуу эл аралык маданий иш-чара өттү - Sputnik Кыргызстан
2/3
Венгриянын Бугац шаарынын жанында жайгашкан Кишкуншаг улуттук коругунун аймагында 17-августта "Бабалар күнү" аттуу эл аралык маданий иш-чара өттү
© Фото / пресс-служба МИД КРПредставители из Кыргызстана приняли участие в международном культурном мероприятии по сохранению традиций "День предков" в Венгрии
Ага Азербайжандын, Болгариянын, Казакстандын, Кытайдын (Синьцзян-Уйгур автономдуу аймагы), Монголиянын, Молдавиянын (Гагаузия), Өзбекстандын, Россиянын (Башкыр жана Татарстан), Түркиянын жана Түркмөнстандын делегаттары катышты. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ага Азербайжандын, Болгариянын, Казакстандын, Кытайдын (Синьцзян-Уйгур автономдуу аймагы), Монголиянын, Молдавиянын (Гагаузия), Өзбекстандын, Россиянын (Башкыр жана Татарстан), Түркиянын жана Түркмөнстандын делегаттары катышты.
1/3
Австриядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Венгриядагы эл аралык этнофестивалга катышты
2/3
Венгриянын Бугац шаарынын жанында жайгашкан Кишкуншаг улуттук коругунун аймагында 17-августта "Бабалар күнү" аттуу эл аралык маданий иш-чара өттү
3/3
Ага Азербайжандын, Болгариянын, Казакстандын, Кытайдын (Синьцзян-Уйгур автономдуу аймагы), Монголиянын, Молдавиянын (Гагаузия), Өзбекстандын, Россиянын (Башкыр жана Татарстан), Түркиянын жана Түркмөнстандын делегаттары катышты.

Венгриянын Бугац шаарынын жанында жайгашкан Кишкуншаг улуттук коругунун аймагында 17-августта "Бабалар күнү" аттуу эл аралык маданий иш-чара өттү. Ага Азербайжандын, Болгариянын, Казакстандын, Кытайдын (Синьцзян-Уйгур автономдуу аймагы), Монголиянын, Молдавиянын (Гагаузия), Өзбекстандын, Россиянын (Башкыр жана Татарстан), Түркиянын жана Түркмөнстандын делегаттары катышты.

Ал эми өлкөнүн атынан Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Бакыт Жусупов башында турган топ катышкан.

"Кыргызстандын маданиятын даңазалоо жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу максатында Австриядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү боз үй тигип, анын ичинде улуттук кол өнөрчүлүктүн стенддери, кийизден жасалган түрдүү буюмдар, ошондой эле Кыргызстан жөнүндөгү иллюстрацияланган стенд, туристтик ыңгайлуулук жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу маалыматтык материалдар көрсөтүлдү", — дешти ТИМден.

"Бабалар күнү" — бул театралдашкан шоу-программа, улуттук музыка, археологиялык-антропологиялык көргөзмөлөр, кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси уюштурулган иш-чара. Азем этнофестиваль форматында өтүп, анда көчмөндөрдүн айылын камтыган 50 боз үй тигилип, 200 миңден ашуун турист келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0