Казак акындар менен күч сынашчу кыргыз төкмөлөрү тандалды. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековАкын Азамат Болгонбаев. Архив
Акын Азамат Болгонбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык айтыш 30-31-август күндөрү өтөт.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Залкар акын Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына арналып уюштурулуп жаткан XIII эл аралык айтышта казак акындары менен күч сынаша турган кыргыз төкмөлөрү аныкталды. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фондусу билдирди.

Белгилей кетсек, кош байге сайылган айтыш 30-31-август күндөрү филармонияда өтөт. Ал эми тандоо туру бүгүн, 20-августта, КТРКнын концерттик залында болду. Жалпы жонунан тандоо туруна 46 акын катышкан.

"Натыйжада Жеңишбек Жумакадыр (80 упай), Азамат Болгонбаев (79 упай), Асылбек Маратов (79 упай), Амантай Кутманалиев (75 упай), Жылдызбек Төрөканов (75 упай), Баян Акматов (74 упай), Эламан Келдибеков (74 упай) жана Шайлообек Отунчиев (73 упай) айтышка катышмай болду", — делет билдирүүдө.

Байге фондусу — 2 миллион сом.

Жаңылыктар түрмөгү
0