Таластагы Көчмөндөр оюндарына ыктыярчы керек. Бир шарты бар

Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда жыл сайын Көчмөндөрдүн республикалык оюндары ар кайсы облустарда өткөрүлө турганын жар салган.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Таласта боло турчу биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарына ыктыярчыларды кабыл алуу башталды. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлап, ролик жарыялады.

Демөөрчүлөрдү чакырган роликте бир гана Талас облусунун аймагында жашаган жаштар ыктыярчы боло алары айтылат.

Эске сала кетсек, быйыл президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда жыл сайын Көчмөндөрдүн республикалык оюндары ар кайсы облустарда өткөрүлө турганын жар салган. Ага ылайык, биринчи оюндар Талас облусунда сентябрдын этегинде өткөрүлүп, андан кийин эстафета башка облустарга узатылмак болгон.

Ал эми Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндары былтыр Ысык-Көл облусунда өтүп, ага 60 мамлекеттен келген спортчулар катышкан. Кыргызстан эстафетаны Түркияга өткөрүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0