Йоханссон, Кидман, Энистон... Forbes эң кирешелүү актрисаларды аныктады

© AP Photo / Danny MoloshokАмерикалык актриса Скарлетт Йоханссон. Архив
Америкалык актриса Скарлетт Йоханссон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Скарлетт Йоханссон тизмеде эки жыл катары менен лидер болуп келе жатат.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Forbes журналы 2018-жылдын июнь айынан 2019-жылдын июлуна чейин эң көп киреше тапкан актрисалардын тизмесин жарыялады.

Сап башында америкалык актриса Скарлетт Йоханссон турат. Анын жылдык кирешеси 56 миллион долларды түзгөн. Баса, былтыр да бул рейтингде алдыга Йоханссон чыккан (кирешеси 40,5 миллион доллар).

"Актриса кирешесинин басымдуу бөлүгүн "Каралуу жесир" (Black Widow) тасмасындагы орус тыңчысынын ролун аткаргандыгы үчүн тапкан", — деп айтылат макалада.

Ирландский боец ММА Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Forbes эң көп акча тапкандарды атады, алардын арасында Макгрегор бар
Экинчи орунду "Америкалык үй-бүлө" (Modern Family) сериалынын башкы каарманынын образын жараткан София Вергара алды. Ал бир жыл ичинде 44,1 миллион доллар иштеп тапкан.

Ал эми үчүнчү сапта "Жапайы" (Wild), "Каалоолор тизмеси" (Wish List) тасмаларынын жылдызы Риз Уизерспун турат. Forbes анын кирешесин 35 миллион доллар деп баалады.

Төртүнчү жана бешинчи орундарга Николь Кидман менен Женнифер Энистон илинди.

Эске салсак, Forbes эң кирешелүү актёрлордун дагы тизмесин жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0