Ала-Тоо аянтындагы Эгемендүүлүк күнүнө карата концерт. Архивдик сүрөт

"Ала-Тоо" аянтында майрамдык концерт өтүүдө

102
(жаңыланган 11:18 31.08.2019)
Борбордук аянттагы концертти көрүүгө миңдеген адам келген.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Калаанын борбордук "Ала-Тоо" аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык концерт өтүүдө.

Аянтта иш-чара күндүзгү жана кечки болуп эки блокко бөлүнгөн.

Майрамдык концерт саат 10:00дө башталып 12:00гө чейин уланат. Алгач мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Ал эми кечки иш-чара саат 20:00дө башталып 22:00гө чейин созулат. Анда жергиликтүү ырчылар концерт коюп, фейерверк атылат.

Коомдук тартипке 1800 милиция кызматкерлери көз салууда.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
102
Белгилер:
Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү, майрам, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте 31-август күнү жолдор жабылат. Тизме