Аксакал. Архив

Манастын таятасы Жамгырчы тууралуу 9 факты

341
(жаңыланган 11:39 02.09.2019)
Жамгырчы — "Манас" эпосундагы жашы улуу насаатчылардын бири, ал баатыр да, акылман да, көрөгөч да болгон. Биз бүгүн ошол каарман тууралуу 9 фактыны сунуш кылабыз.

Жамгырчынын теги жана даражасы. "Манас" эпосунун варианттарында Жамгырчынын теги да, Манас баатырга туугандыгы да ар түрдүү айтылат. Айталык, Сагынбай Орозбаковдун вариантында ал Манастын таятасы, Эштек хандын уулу, ал Эштектен бир уруу тарайт, алардын ичинен бас деген уруу болгон. Жамгырчы ошол бастардын башчысы. Саякбай Каралаевдин айтуусунда ал эштек деген уруунун башчысы. Жусуп Мамайдын вариантында ал Акбалта менен бир тууган, Манастын тайлары болот.

Бала Манас журтун издеп келе жатканда Жамгырчы тосуп чыгат. Анда Манас боло элек Чоңжинди деп атыккан кези. Ошол Чоңжинди Мажик деген досу экөө келе жатканда сүйүнчү сураган Бөдөнө деген кишиге Жамгырчы байбичесине айтып, бышкан казы-карта, кийиктин боорун куурутуп, ага кошо бир чанач кымыз, сары кант кошуп чай бердирет.

Манас эпосу. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Ал элдик ишенимдер, тыйымдар менен Манасты тосуп алат. Жусуп Мамайдын вариантында Манас жаш чагында жигиттери менен жол жүрүп келе жатканда алардан Жамгырчы аябай кабатырланып турат, али көрө элек баланы биринчи көрүп жатканда дасторкондун бетине бар тамагын толтуруп, улак садага чабат. Андан ары ырымдар мындай уланат: "Айылбашы Жамгырчы, акимдигин билгизип, алып барып балдарды, өз үйүнө киргизип, эшиктен кире берерде, кемпири чыкты жүгүрүп, келини эркек туугандай, жетине албай жүгүрүп, ак чөйчөккө суу алып, карыш аппак була алып, буланын учун чубалтып, оң жеңинен чыгарып" жөрөлгөлөрдү жасайт. Мындагы суу алып чыгуу, суу менен тосуп алуу, ал суунун ак чөйчөккө куюлушу, аппак буланын актыгы, анын оң (сол эмес) жеңден чыгышы — Манасты элдин күтүп жаткандыгы, анын өмүрүнүн, жолунун суудай узун, ак болушуна тилек билдирүү. Андан аркы саптар: "Табакка салып түтөтүп, майга кошуп ун алып, чөйчөгүн баштан имерип, суусун чачып жиберип", ошону менен балага келген кырсыктар, көз тийүүлөр чыгып кетсин дейт, баштан айлантуу "башы-көзүнө садага" дегендик. Андан кийин буланы жерге таштатып, үстүнөн Манасты аттатышат. Түтөп турган ун менен майды анын төбөсүнө коёт. Дагы: "Сары улакты жыгышып, бычактын башын кыйышып, өзөгүнөн жарышып, өпкөсүн сууруп чабышып" өзүнчө бир чоң аракеттерди аткарат. Улактын сарылыгы, аны өзөгүнөн жаруу, өпкөсүн сууруп аны менен Манасты чабуу — баланын келечегине жол ачуу, аны ар кандай кырсыктардан алдын ала сактоо. Бул ырымдар, жөрөлгөлөр муну менен эле бүтпөйт: "Алып келип көк тайды, топого койгон көмдүрүп, боолап койгон чырпыкты, кырк жеринен керттирип, балта менен кестирип, алып чыгып талаага, күбүр-шыбыр айттырып, калмакты карай чачтырат". Буга караганда Жамгырчы бала баатырдын келишине атайын кам көргөндөй (чырпыкты боолап топого көмдүрүп койгон).

Акбалта да Жамгырчыга таянат. Бала Манас Ата журтуна баруунун, элди эзүүдөн куткаруунун жолун издеп аксакалдарга кеңеш салып жатканда, Акбалта ага Жамгырчы менен кеңешкин деп акылын айтат.

Манасты көчүүгө көндүрөт. Манас Жамгырчыга элге көчүү тууралуу кеп кылганда Жамгырчы көпчүлүккө кайрылып, "Наманган, Ошко баргыла, ал жактар малга жайлуу, эгин эгип жан сактаганга ыңгайлуу" деген кеңешин айтат. Бул анын көрөгөчтүгү, даанышмандыгы, элге-журтка күйүмдүүлүгү. Жамгырчы бала Манасты эл турмушу менен тааныштырат, түпкү мекени тууралуу кеңири айтып берет.

Жыйындардын баарына уруу башчы катары катышат. Эпосто кыргыз уруулары, түрк уруулары топтолгон жыйындар көп эле жолу өтөт, ошолорго жана Көкөтөйдүн ашына Жамгырчы өз аскерлери жана өкүлдөрү менен катышканын көрөбүз.

Манаска каршы чыккан жети кандын бири катары да көрүнөт. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Манас кан болуп турганда жети кан аларга каршы чыгып, кутум уюштурат. Алардын ичинде эштектердин Жамгырчысы да бар эле, бирок ал Манас менен бетме-бет келгенде анын сүрүнөн айбыгып, каршы чыгуусунан кайтат: "Улук эрди көргөндө, учуп түштү атынан, кол куушуруп бооруна".

"Чоң казаттын" баатырларынын бири болгон. Жамгырчы акылман, насаатчы гана эмес, улуу казатта душмандын далай жигиттерин сулатат, башка кыргыз жигиттерине согушуу жагынан өрнөк көрсөтөт.

Семетей да Жамгырчы менен жанаша жашайт. Манас кайып болуп кеткен соң Семетей он эки жашка толуп, Талас жерине, Манас элине келгенде Жамгырчы ага кеңештерин айтып, жагдайды түшүндүрүп, бирге конуш конуп жашайт.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
341
Белгилер:
факты, эпос, Манас эпосу
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (299)
Тема боюнча
Манаска "доолуу күндө көмөк, жоолуу күндө жөлөк" болгон Алмамбет тууралуу 14 факты
Алабарман, ачуулуу, жамандыгы жок. Акбалтанын Чубагы жөнүндө 11 факты