БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстанда балдар жана өспүрүмдөр (10-17 жаштагылар) катышкан "Карек" фестивалына эмгектер кабыл алына баштады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Ага ылайык, сынакка катышуу үчүн эркин жанрда, камерага же телефонго 10 мүнөткө чейинки "Мен жана менин үй-бүлөм", "Мен жана табият" жана "Бул менин дүйнөм" темаларында кыска метраждуу кино тартуу керек. Катышуу акысыз экендиги белгиленет.
Сынакта 10 номинация бар:
Калыстардын атайын сыйлыгы.
Кинофестиваль эки күнгө созулат. Ага кино тартылуучу цехтерге экскурсия, кыргыз киносунун мэтрлеринен мастер-класстар, лауреаттардын тасмаларын чоң экрандан көрсөтүү, сыйлык тапшыруу аземи, фотосессия, видео-интервью жана концерттик программа кирет.
Жеңүүчүлөр статуэткалар, дипломдор жана белектер менен сыйланышат. Мыкты тасмалар Кыргызстандын атынан эл аралык балдар кинофестивалдарына жөнөтүлмөкчү.Республикалык "Карек" балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Кинематография департаментинин, Кристенсен фондусунун, БУУнун Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ), Кинематографисттер союзунун, "Айтыш" коомдук фондусунун колдоосу менен өткөрүлөт.
Тасмалар ушул жылдын 5-октябрына чейин karekfest@gmail.com дарегине кабыл алынмакчы.