Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин архивдик сурөтү

Биз байларга шайланарда керекпиз. Шайлообек Дүйшеевдин нускасы

499
(жаңыланган 15:53 04.09.2019)
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин кеп казынасын сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Шайлообек Дүйшеев 1950-жылы 26-февралда Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында төрөлгөн. Үч жашында атасынан айрылып, апасы аны чоң энесинин колуна калтырып кетет. 13 жашка чыкканда жалгыз таянар тоосу болгон чоң энеси көз жумуп, эже-жездесиникинде чоңойгон. Окууну бүтөрү менен аскерге кызмат өтөгөнү кетип, кичи мекенине келгенде куруучу, райондук гезитте кабарчы болуп иштей баштайт. Өз киндигин өзү кескен акын Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. 1980-жылдан тарта "Нарын правдасы" гезитинде кабарчы, облустук телерадиокомитетте редактор, Фрунзедеги филармонияда адабий бөлүмдү жетектеп иштеген. Өлкө эгемендүүлүк алган соң "Ала-Тоо", "Кыргызстан маданияты", "Асаба", "Агым" басылмаларында эмгектенип, курч макалаларын жарыялаган.

Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктын лауреаты поэзияга кадамы мектепте окуп жүргөндө кыздарга арнап жазган ырларынан башталганын эскерет. Өзүнүн чыгармачылык жолунда башкалардан айырмаланган кошок, дастан, поэма, лирикалык жана публицистикалык ырларын жараткан. Анын бир топ ыры обонго салынып, эл арасында ырдалууда. Учурда кара сөз менен жазылган көлөмдүү "Агындылар" чыгармасы окурмандардын колунан түшпөй окулуп жатат.

Шайлообек Дүйшеевдин нускалуу кептери:

Кайдыгерлик дегендин
Капканынан чыкпай жүрүп,
Жаманын да,
Жакшысын да,
Гүлүн дагы,
Күлүн дагы,
Бир жерге камап бүттүк.

Жалгыздык башка түшсө
Ашар кылып,
Атаны – үй,
Баланы – базар кылып,
Биз тиккен дарак кана?

Сыйлаган кичүүлөрүн,
Улуусун урматтаган адат кана?

Жерди ойлобой
Итибиз үрүп турса,
Ишибиз жүрүп турат деп ойлодук,
Элди ойлобой,
Эбин таап ичип-жемей адат болду,
Эс тарткан уланыңдын
Эшикке чыгар замат
Эс-дарты арак болду. ("Кайдыгерлик")

***

Кайдыгерлик деген
неме,
Кайран элди
карактап соебу дейм,
Каны-жанын какшытып
соробу дейм,
Калкан болор бүркүтсүз калктын
көзүн
Карга-кузгун кашайтып
Оебу дейм. ("Кайдыгерлик-2")

***

Көңүл канап, өң-алеттен азабыз,
Күндө бөлөк жолго түшүп басабыз.

Күндө бөлөк ыйман күтүп дүйнөдөн
Биз акырын өлүп бара жатабыз.

Бектер-хандар гүлдөп шапар тебишет,
Бейитиңдин так үстүндө жеп-ичет.

Акыйкаттык өлгөн жерде дайыма
Арзыматтар ырдаганга келишет.

Койбуз, уйбуз, балким кыйган терекпиз,
Биз байларга шайланарда керекпиз.

"Эл" деген — биз, макулук да, маймыл да,
Эч ким дагы, эч нерсе да эмеспиз.

Ата Журтта ач-жылаңач, араң жан,
Аялга окшоп зордукталган, таланган.

Өрттү көздөй жылып келе жатабыз,
Өзүбүздүн сөөгүбүздөн каланган.

***

Карында жатканда эле талак туубай,
Калкына канат тууган,
Каныкей, Курманжандай санат тууган,
Кайда энелер?!

Абыке-Көбөш туубай,
Асили бөлөк туубай,
Манас тууган
Кайда энелер?!

Суур эмес султан тууган,
Качыр эмес,
Калкына тулпар тууган,
Карга туубай,
Кадимки шумкар тууган
Кайда энелер?!

***

Өмүр – кыска, жыл – тешик,
Өталбайсың "жылт" этип,
Курсак тойгон дүйнөдөн
Кулайт күндөр "былч" этип…

499
Белгилер:
акын, нускама, кеп казына, Шайлообек Дүйшеев
Тема боюнча
Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар! Алыкул Осмоновдун кеп казынасы
Багы жок элдин баатыры көп! Салижан Жигитовдун кеп казынасы
Жалгыз устун үй көтөрбөйт. Түгөлбай Сыдыкбековдун кеп казынасы