Момун чалдын айласын кетирген Орозкул. "Ак кеменин" көркүн чыгарган таберик сүрөт

229
(жаңыланган 11:57 05.09.2019)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Актеры Орозбек Кутманалиев и Асанкул Куттубаев на съемках фильма Ак Кеме в Иссык-Кульской области. 1974-года
© Александр Федоров.

Атактуу актёр Орозбек Кутманалиев менен Асанкул Куттубаевдин сүрөтү 1974-жылы Ысык-Көл облусунда тартылган.

Ал жылы режиссёр Болот Шамшиев "Ак кеме" тасмасын тарткан эле.

Ошол кезеңди фотограф Александр Федоров мындайча эскерет:

"Сүрөттөгү учур тасмадагы оор эпизоддордун бири. Күз мезгилинде Чоң Жаргылчак айылынын тоосунан тартканбыз. Анда ат менен тоодон сүйрөлүп түшүрүлгөн карагай арыкка тыгылып калчу. Ошондо Момун чал өтүгүн аяп, муздак сууга жылаңайлак кирип, тайгак таштар менен басып суу болуп калчу. Асанкул Куттубаев өзүнүн ролун жанын аябай аткарган. Актёрдун бул аракетинен кийин аны аябай урматтап калгам. Ал эми ат үстүндөгү Орозкул болсо текеберленип аттан түшпөй, абышкага айкырчу. Так ушул кадрлар тасманы көркүнө чыгарган", — деди Федоров.

Анда Кутманалиев 41 жашта, Куттубаев 60 жашта эле.

Аталган тасмада Турсун Уралиев, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Назира Мамбетова, Чоро Думанаев, Айтурган Темирова жана Нургазы Сыдыгалиев да роль жараткан.

229
Белгилер:
таберик сүрөт, "Ак кеме" тасмасы, Асанкул Куттубаев, Кыргызстан
Тема боюнча
Тамашалашып отуруп эле "Көчөнүн" көркүн чыгарышкан. Таберик сүрөт
Таланты ташкындаган сүрөтчүлөр. Чокморов менен Садыковдун таберик сүрөтү
45 жыл илгери... Бири-бирин теше тиктеген Күйүкова менен Шамшиевдин таберик сүрөтү
Жаш келиндин толготкон үнүн жаздырып... "Саманчынын жолундагы" таберик сүрөт