Назарбаев колдоо көрсөткөн фестивалга Кыргызстандан эки тасма катышууда

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный фестиваль "Оймо"
Международный фестиваль Оймо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара Алматы шаарында өтүп, төрт күнгө созулмакчы.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Казакстандын биринчи президенти — элбашы Нурсултан Назарбаевдин фондусу колдоого алган эл аралык "Байконур" кинофестивалына Кыргызстандан эки тасма ат салышып жатканын Кинематографияны колдоо фондусунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, фестиваль кыска метраждуу тасмалар үчүн негизделген. Иш-чара 4-сентябрда башталган, 8инде жыйынтыкталат.

"Кыргызстандан режиссёр Данияр Абировдун "+51" жана Караш Жанышевдин "Кош" деп аталган тасмалары катышууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, фестиваль Алматы шаарында өтүп жатат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0