Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Пусанда өтөт

© Фото / Кадр из фильма "Жоо Кулук"Кадр из фильма "Жоо Кулук" режиссера Мирлана Абдыкалыкова
Кадр из фильма Жоо Кулук режиссера Мирлана Абдыкалыкова  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Режиссер жаңы тасмада үй-бүлөнү сактоого жан үрөгөн Жекшен аттуу өспүрүмдүн баяны аркылуу ата-энесиз калып, тагдырдын оор сыноосуна кабылган жаш балдардын көйгөйүн көтөрөт.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Түштүк Кореянын Пусан шаарында өтөт. Бул тууралуу фильмдин продюсери Алтынай Койчуманова билдирди.

Анын айтымында, 24үнчү ирет өтүп жаткан New Currents («Жаңы агымдар») эл аралык кинофестивалы 3-12-октябрь күндөрү тартууланат. "Жөө күлүк" анын негизги конкурстук программасына тандалып алынган.

"Фестивалдын алкагында 85 өлкөдөн келген 303 тасма көрсөтүлөт. Негизги программа Азиянын телчигип келе жаткан жаш режиссерлорунун жолун ачууга багытталган. "Жөө күлүк" үч ирет көрсөтүлүп, аудитория менен суроо-жооп форматы да каралган. Тасманын бет ачарын режиссер Мирлан Абдыкалыков өзү өткөрмөкчү", — деди Койчуманова.

Международный фестиваль Оймо - Sputnik Кыргызстан
Назарбаев колдоо көрсөткөн фестивалга Кыргызстандан эки тасма катышууда
Режиссер жаңы тасмада үй-бүлөнү сактоого жан үрөгөн Жекшен аттуу өспүрүмдүн баяны аркылуу ата-энесиз калып, тагдырдын оор сыноосуна кабылган жаш балдардын көйгөйүн көтөрөт.

"Жөө күлүк" тасмасы "Ой Арт", "Кыргызфильм" киностудиялары жана "Билимкана" мектеби тарабынан Кинематография департаментинин колдоосу менен тартылган. Тасманын сценарийи Мирлан Абдыкалыков жана Эрнест Абдыжапаровго таандык. Фильмде Темирлан Асанкадыров, Руслан Орозакунов, Мээрим Атантаева, Илимбек Калмуратов, Улан Өмүралиев, Айнура Качкынбек кызы жана Жеңиш Кангелдиевдер роль жараткан.

Белгилей кетсек, Пусан эл аралык кинофестивалы Азиядагы ири иш-чараларадын бири болуп саналат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0