Комузчу Эламан (солдо) жана Айбек Каныбековдор

Комузчу Эламан, Айбек Каныбековдор: 20 мүнөттө беш миң доллар таптык

1868
(жаңыланган 10:51 10.09.2019)
Жакында эле бир тууган комузчулар Эламан жана Айбек Каныбековдор Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн XII эл аралык музыка фестивалында 1-орунду багынтып, беш миң долларлык сертификат алышты.

Жаңыдан дуэт болуп эл оозуна алына баштаган бир туугандарды Sputnik Кыргызстан агенттиги комуз күнүнө карата маекке чакырды. Эсиңиздерде болсо Эламан Каныбеков буга чейин сахнага Чолпон Мелисбекова менен чыккан.

Баса, суроолордун дээрлик баарына эле Эламан жооп берди.

— Өзбекстандагы эл аралык фестивалдан олжолуу кайтыптырсыздар. Иш-чарага министрлик жөнөттүбү же атайын чакырыштыбы?

— Чынын айтсак, бул иш-чараны башында жөн гана сынак деп ойлогонбуз. Көрсө, "Шарк тароналари" деген ири эл аралык фестиваль экен. Ага 80ге чукул мамлекеттен 300дөй катышуучу барды. Ачылыш аземине Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди. Бизди уюштуруучулардын бири Хуснидин деген байке чакырган. Бир күнү социалдык тармактан "музыка чөйрөсүндөгү таланттардын сынагы болгону жатат, келип катышып көргүлө" деди. Ал киши менен мурда башка иш-чарадан таанышкан элек. Макул болуп, алгач комузда ойногон видеобузду жибердик. Видеону көрүп дароо жактырышыптыр дагы атайын чакыруу жөнөтүштү. Жол кире, тамак-аш, мейманкана акысын толугу менен чакырган тарап төлөп берди. Бул фестивалга бизге чейин эки жыл мурда Кыргызстандан "Мурас" тобу барып 2-орунду алышыптыр, андан мурда Нурак Абдрахманов агай катышып, ЮНЕСКОнун сыйлыгын алып келген экен. Быйыл биз 1-орунду багынттык.

Комузисты Эламан (справа) и Айбек Каныбековы на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Таалайгуль Усенбаева
Эламан: Самаркандда өткөн "Шарк тароналари" фестивалында ар бир катышуучуга 20 мүнөттөн убакыт берилди. Анын ичинде биз Карамолдо Орозовдун "Жаш кербез", Нурак Абдрахмановдун "Мезгил жаңырыгы", Атай Огомбаевдин "Ак тамак, көк тамак" жана Ниязалы Борошовдун "Кара өзгөй" күүлөрүн ойнодук.

— 300дөй конкурсант катышса, 1-орунду алуу оңойго турбаса керек?

— Биринчи орунду алабыз деген ой дагы жок болчу, бирок аябай даярданганбыз. "Сахнага чыкканда толкунданып, башкаларды көрүп маанайыбыз түшүп калбасын" деп сынакты башынан аягына чейин көргөн жокпуз. Бул убакытта мейманкананын конференция залын сурап алып ошол жакта репетиция кылдык. Фестивалда ар бир катышуучуга 20 мүнөттөн убакыт берилди. Анын ичинде биз Карамолдо Орозовдун "Жаш кербез", Нурак Абдрахмановдун "Мезгил жаңырыгы", Атай Огомбаевдин "Ак тамак, көк тамак" жана Ниязалы Борошовдун "Кара өзгөй" күүлөрүн ойнодук. Калыстар тобу жогорку баасын берип, "силердики өзгөчө болду" деп айтты. Баса, калыстар тобунун курамында Кыргызстандан Роза Аманова эже отурду.

— Алган байгеңерди эмнеге жумшайлы деп жатасыңар?

— Шаардын четине үй куруп жатканбыз, ошол тамыбыздын курулуш иштерине керектейбиз.

— Биз билгенден буга чейин Чолпон Мелисбекова экөөңөр дуэт элеңер. Эми Айбек менен чогуу чыгып калыптырсыз.

— Айбек менин бир тууган иним. Экөөбүз тең Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти аяктап, консерваторияда билим алдык. Буга чейин анын окуусуна тоскоол болбоюн деп Чолпон менен дуэт болуп чыгып жүргөнбүз. Анын үстүнө Чолпон декреттик өргүүгө кетти, иним да окуусун аяктап экөөбүз бирге иштей баштадык.

— Демек, эч кандай уруш-талаш, пикир келишпестик болбоптур да.

— Башынан эле иним консерваторияны аяктаса чогуу иштейбиз деген ой, план бар болчу. Чолпон абдан таланттуу кыз, экөөбүз классташпыз. Биргелешип көп нерсеге жетиштик, ийгиликтерди багынттык. Айрымдар Айбекти мен үйрөтүп анан сахнага чыкты деп ойлоп жүрүшөт, бирок андай эмес. Айбектин музыкалык билими бар. Экөөбүз тең "Акак" комузчулар ансамблинде эмгектенебиз. Бир катар эл аралык фестиваль, сынактарга катышып, байгелүү орундарды алганбыз.

Комузист Эламан Каныбеков на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Таалайгуль Усенбаева
Эламан Каныбеков: Айбек менин бир тууган иним. Экөөбүз тең Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти аяктап, консерваторияда билим алдык. Буга чейин анын окуусуна тоскоол болбоюн деп Чолпон менен дуэт болуп чыгып жүргөнбүз.

— Ата-энеңер да чыгармачыл чөйрөдөнбү? Үй-бүлөңөр тууралуу да азыноолак кеп кыла кетсеңиз.

— Үй-бүлөбүз өнөрдү сыйлап, баалаган адамдар. Атам гитарада кол ойнотсо, апам комуз чертчү. Чоң атам да комуз черткен, жыгач уста адам экен.

Таятам да чоң уста болчу дешет. Кичине кезде чоң атам комуздун башын бизге тиштетип коюп, ар кайсы күүлөрдү черткени эсимде.

— Ата-энеңиз азыр музыкалык аспаптарда ойнобойбу?

— Атам мен 5-классымда каза болуп калган. Апам болсо тигүү цехинде иштейт. Анда-санда комузун алып, кол ойнотуп калат. Мурда Миң-Куш шаарында турчубуз. Кийин Бишкекке көчүп келдик. Үйдө эки эркекпиз. Апам башынан эле бизди музыка мектебине бергиси келчү экен. Калаага көчүп келгенде алгач комуздун алиппесин №1 музыкалык мектептен үйрөндүк. Кийин Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатында билим алып, кийин окуубузду консерваториядан уланттык.

— Кесибиңизди алмаштыруу жөнүндө ойлонгон эмес белеңиз?

— "Комуз чертип нан таап жесе болобу?" деген суроого мен 7-классыман баштап жооп издей баштадым. Анткени айлана-чөйрөдөгүлөр "комуз чертип үй-бүлөнү кантип багасың?" деп көп айтчу. Бир күнү ыраматылык Калыбек Жекшенов агайыман "кийин музыка менен нан таап жей аламбы?" деп сурап калдым. Агай дароо эле "биз ачкадан өлүп калган жокпуз го" деп жооп бергени эсимде. Ошондон кийин кесибимден күмөн санап, ал тууралуу ойлобой да калгам. Музыканттар күркүрөп байып кетпесе дагы эл менен эл болуп жүрөт. Албетте, айлыгыбыз аз, бирок эмгектенсе көп нерсеге жетсе болоруна көзүм жетти. Кайсы кесип болбосун аракет кылып, изденип, эмгектенсең анын жыйынтыгын көрөт экенсиң. Абдраев мектебинде окуп жүргөндө түнкү саат 1-2лерге чейин колубуз жешилгиче комуз чертчүбүз. Азыр ошол алган билимдин, аракеттин үзүрүн көрүп, эл аралык фестивалдарда жакшы жыйынтык көрсөтүп жатабыз. 20 мүнөттүн ичинде 5000 доллар таптык (күлүп).

Комузист Айбек Каныбеков на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Таалайгуль Усенбаева
Айбек Эламандын иниси. Музыкалык билими бар. Экөө тең "Акак" комузчулар ансамблинде эмгектенет.

— Тойлорго чыгасыңарбы?

— Ооба, чакыруу болгондо чыгып турабыз. Аз дегенде айына 5-10 миң сом алсак, кээде чакыруу көп болгондо айына 100-150 миң сомго чейин тапкан күндөр болду.

— Балдарына комуз үйрөткүсү келген ата-энени көп көрөм. Мен деле уулума үйрөткүм келет. Бирок музыкалык мектеп оңой менен ала бербесе керек...

— Мен азыр Мукаш Абдраев атындагы мектепте сабак берем. Кээде мектепке балдарды аларда комиссияда отуруп калам. Ошол жерден эле баланын кайсы тармакка жөндөмдүү экенин билип коюшат. Кээ бир бөбөк өзү жактырган музыкалык аспапты барып эле кучактап калат. Бала музыкага кызыгабы, кызыкпайбы, ал өзүнчө маселе.

Балдарды кабыл алууда, мисалы, манжалары узун болсо фортепианого, тиштери түз болсо аны үйлөмө аспаптарга алат, эки бармагы чоң болсо скрипка бөлүмүнө жиберет. Айтор, талапты катуу коюп туруп анан кабыл алышат.

— "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" дейт. Эл билбеген дагы кандай өнөрлөрүңөр бар?

— Экөөбүз тең фортепиано, кларнет, ооз комуз, сыбызгы, чопо чоордо ойнойбуз. Бул музыкалык аспаптарды изилдеп да жатам. Консерваторияда Муратбек Бегалиевдин классында үч жыл окудум. Фортепиано, камералык оркестр үчүн жазган пьесаларым бар. Азыркы тапта симфониялык оркестрди өздөштүрүп жатам. Чоң атаман калган өнөрдү улай анда-санда жыгачтан бычак менен ар кандай сувенирлерди жоном, сүрөт тартууга да кызыгам.

1868
Белгилер:
маек, фестиваль, комуз, музыка
Тема боюнча
Суеркулова: балдарга комуз үйрөтүүдөн ырахат алам
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, балет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева. Архив

Бүбүсара Бейшеналиева өмүр баяны

7
Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жылы 17-майда Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген.

1936-41-жылдары Ленинград хореографиялык окуу жайында билим алган.

Эмгек жолу:

  • 1941-жылы — Опера жана балет театрынын солисти;
  • 1949-жылдан тарта Бишкектеги хореографиялык окуу жайынын педагогу;
  • 1955-1962 — Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты;
  • 1962-1970 — СССР Жогорку Советинин депутаты;

Балеттик партиялары:

  • 1943 — "Селкинчек", Зайнура;
  • 1944 — "Чолпон", Чолпон;
  • 1947 — "Раймонда", Раймонда;
  • 1949 — "Бахчисарай фонтаны", Мария жана Зарема;
  • 1950 — "Ак куулар көлү" Одетта-Одиллия;
  • 1950 — "Анар", Анар;
  • 1953 — "Кызыл кызгалдак", Тао-Хоа;
  • 1953 — "Чолпон", Айдай;
  • 1955 — "Эсмеральда", Эсмеральда;
  • 1956 — "Уктап жаткан сулуу", Аврора;
  • 1960 — "Куйручук", Зейнеп;
  • 1962 — "Ромео жана Жульетта", Жульетта;
  • "Асел", Асел;
  • "Корсар", Медора;
  • "Ала-Тоодогу жаз", Сайра;
  • "Франческа да Римини", Франческа;
  • "Чоң вальс", Фанни;
  • "Лауренсия", Лауренсия;
  • "Дон Кихот", Китри;
  • "Болеро" музыкасына солист.

Сыйлыктары:

1947-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1954-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти, ал эми 1958-жылы СССР эл артисти наамын алган. 1970-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.

Мындан тышкары, Эмгек Кызыл Туу, Ардак Белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Үй-бүлөсү:

Композитор Акмат Аманбаевге турмушка чыгып, 1946-жылы Эрмек аттуу уулдуу болушкан.

1973-жылы 11-майда каза болуп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

1994-жылдын 11-апрелинен тартып өлкөдө 5 сомдук номиналда Бүбүсара Бейшеналиеванын сүрөтү түшүрүлгөн. Бишкекте Бүбүсара Бейшеналиева атындагы көчө бар. Бийчинин аты Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна берилген. Ордо калаадагы Опера жана балет театрынын алдына эстелиги орнотулган.

7
Белгилер:
бийчи, өмүр баян, Бүбүсара Бейшеналиева
Тема боюнча
Бий үчүн жаралган... Балет ханышасы Бүбүсара Бейшеналиева тууралуу 7 факты
Талас облустук театрында режиссеру Чолпон Эрикова

Республика боюнча театрда иштеген үч эле айым бар. Режиссер Чолпондун маеги

465
(жаңыланган 19:32 26.10.2020)
Кыргызстанда айымдар арасынан чыккан театр режиссерлорун санай келгенде колдун беш манжасына да жетпейт. Алардын ичинде жаш режиссер Чолпон Эрикова да бар. Чолпон учурда Талас облустук театрында режиссер болуп эмгектенүүдө.

Sputnik Кыргызстан агенттиги 27 жаштагы Чолпон Эрикова менен маектешип, театр жана жаштар тууралуу азыноолок кеп курду.

Театр сизди эмнеси менен өзүнө тартты?

Мен мектепте окуп жүргөндө, бизге “Учур” театры келип спектакль коюп турчу. Алар менен Болот Тентимишов дагы көп келип калды. Актерлорду көрүп аябай таасирленгендиктен, 7-класстан баштап эле мектептеги майрамдарга сценка коюп, идеяларды айтып жүрдүм. Мен 9-класс болгондо апам Кыргыз драма театрына костюмер болуп иштеп калды. Апамды ээрчип театрга барып жүрүп кызыгуум артты. Кийин 11-классты бүтөрүм менен ушул кесипти тандап алдым.

Спектакль в Таласском областном театре. Архивное фото
© Фото / Адилет Кыштообаев
Чолпон Эрикова: өзгөчө Чыңгыз Мамаевдин Алыкулду ойногонун көрүп "буюрса ушул кишилер менен иштешем" деп кыялданчумун

Биринчи жолу көргөн спектаклиңиз эсиңиздеби?

Эсимде, “Учур” театрынын Алыкул Осмонов жөнүндө койгон спектакли болду. Актёрлор көзүмө бир башкача көрүнөр эле. Өзгөчө Чыңгыз Мамаевдин Алыкулду ойногонун көрүп  “буюрса ушу киши менен иштешем” деп кыялданчумун. Азыр минтип кыялым орундалып отурат. Апам театрда иштеп турган кезде залда отуруп алып жомокторду көп көрдүм. Ал кезде 10-класста окучумун. Чоңоюп калсам дагы жаш балача элестетип, жомоктун ичине кирип кетчү элем. Ошондон алган таасирден уламбы, Талас театрында үч жыл катары менен жомок койдум. Анын ичинен бирөөсү өзүмдүн автордук жомогум болду.

Режиссер Таласского областного театра Чолпон Эрикова
© Фото / Чолпон Эрикова
Чолпон Эрикова: алгачкы автордук спектаклимде ашыкча ысырапкорчулук сыпатталган

Актёрлорго таасирленип театрды тандапсыз. Эмне үчүн актриса болгон жоксуз?

Азыр театрда бир штатта режиссёр, жарым штатта актриса болуп иштейм. Негизи режиссерлук кесипке тапшырганда группада эки эле кыз болгондуктан бизди үч жыл актёрлор менен кошуп окуткан. Натыйжада  эки жактуу билим алып, 4-курска жеткенде өзүнчө бөлүнүп режиссер деген диплом алып чыктык. Бирок эки жакта тең иштөөгө тажрыйбам бар.

Спектакль в Таласском областном театре. Архивное фото
© Фото / Адилет Кыштообаев
Чолпон Эрикова: азыр театрларда иштеген жаштар көп. Алар деле мага окшоп жарыбаган маянага иштеп жатышат

Жаш режиссер катары алгачкы автордук спектаклиңизди койгону жатыпсыз...

Курманбек Токтоналиевдин "Дүрбөлөң" аттуу чыгармасын сахналаштырып спектакль коюунун алдында турам. Бул менин алгачкы автордук спектаклим. Мында ашыкча ысырапкорчулук сыпатталган. Жыл бою иштеп тапкан акчасын күзүндө аш-тойлорго сарптап салган элибиздин ашыкча салт-санаасы ашкереленет. Кошумча кошуунун терс жактары жөнүндө да айтылган. Кээде өлүмгө кайгырбай, келген кошумчаны эсептешип калган учурлар кездешет. Боз үйдөгү маркумдун жакындары келген кийиттерге көңүл бурууга мажбур. Себеби кайра бергенде өзүнүкүн өзүнө берип же кымбат кездеме алып келсе арзаныраагын берип уят болбойлу деп кооптонушат. Спектаклди ашыкча ысырапкорчулукту, кереги жок каадаларды токтолу деген мааниде койдук. Туугандар арасындагы таарынычтар да ушундан улам чыгат. Жамандык болгон үйдө эки же үч бодо мал союлат. Ушунун баары эле ысырапкорчулук. Азыр экономикалык каатчылык күч алып турганда мындай ашыкча жөрөлгөлөрдү кыскартуу жагын карасак болмок. Ушул жагын элге жеткирели дедик.

Музыка менен АКШны багынткан кыргыз кызы: ыйлаган күндөрүм көп болду

Режиссер Таласского областного театра Чолпон Эрикова
© Фото / Жылдыз Маликова
Чолпон Эрикова: мен 9-класс болгондо апам Кыргыз драм театрына костюмер болуп иштеп калды. Апамды ээрчип жүрүп театрга кызыгып калдым

Өзүңүз Ысык-Көлдүн кызы болсоңуз дагы кесибиңиздин артынан Таласка барып иштеп жатыпсыз. Кыйналган жоксузбу?

Мурда Таласка келип көрбөгөндүктөн абдан кыйналдым. Эч кимди тааныбайм. Шаардан адашып кеткен учурларым көп болду. Азыр көнүп калдым. Театрдын кызматкерлери өз ишинин патриоту болушат деп коет го, анысы кандай, бул тармакта иштегендер театрдан башка жакты эңсебей калат. Алган акчабыз аз болсо дагы күндүн ысык-суугуна карабастан иштей берет экенбиз. Азыр театрларда иштеген жаштар көп. Алар деле мага окшоп жарыбаган маянага иштеп жатышат. Бирок шаардагы театрларда иштеген жаштарга жеңилирээк. Анткени алар үн жаздырып, тартууларга барып кошумча акча таба алышат. Таластагы театрда жаштардан экөө элебиз. Бул жактан тажрыйба топтоп алайын деп жатам.

Маянаңыз канча?

Айына 4070 сом алам. Мага театр жатаканадан бөлмө бөлүп берген. Утурумдук жашаган жерим чечилгендиктен аз акча алсам дагы сүйүктүү кесибим менен иштөөгө мүмкүнчүлүк бар.

Имараты жок көчөдө калган дымагы күч артисттер. "Туңгучтун" таберик сүрөтү

Спектакль в Таласском областном театре. Архивное фото
© Фото / Адилет Кыштообаев
Чолпон Эрикова: азыр экономикалык каатчылык күч алып турганда ашыкча ысырапты кыскартуу жагын элге жеткирели дедик

Менимче Кыргызстанда режиссер айымдар аз эле болсо керек?

Ооба, республика боюнча театрда расмий түрдө иштеп жаткан режиссёр айымдардан үчөө эле бар. Бул тармакта көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан эжелер Замира Акылаева, Эльвира Ибрагимова жана мен.

Алдыда кандай максатыңыз бар?

Буюрса, дагы көп-көп спектаклдерди коюп, өзүмдү сынап көргүм келет. Эл аралык фестивалдарга катышууну максат кылам. Ошондой эле келечекте  жеке театр ачууну көздөп жатам.

465
Белгилер:
маек, спектакль, режиссер, театр
Тема боюнча
Москвада кыргыз театрын ачкан Козубаева: репетиция батиримдин бир бөлмөсүндө өтөт
Парктагы бакта клен жалбырактары

Шейшембиге карата аба ырайы

0
27-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. 27-октябрь, шейшембиде, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +17…+22, Таласта +16…+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18…+23, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +11…+16 градус болору айтылды.

Ош менен Баткенде бүгүн жер силкинди

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы Бишкекте +20…+22 градус, Ош шаарында +21…+23 градуска чейин жетет.

0
Белгилер:
Кыргызстан, октябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Адаттагыдан суук болот. Ноябрга карата аба ырайы