Москва шаары. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда Москва күндөрү өтөт

68
(жаңыланган 13:00 11.09.2019)
Эки борбордун достук фестивалы Москва өкмөтү тарабынан уюштурулууда.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. 12-14-сентябрь аралыгында Бишкекте Москва күндөрү өтүп, маданий жана спорттук иш-чаралар менен коштолот.

Эки борбордун достук фестивалы Москва өкмөтү тарабынан уюштурулууда. Анын алкагында Бишкекке концерт жана спектакль койгон москвалык мыкты коллективдер келмекчи. Самбо боюнча жаштар курама командасы ачык турнирге катышат. Программа ишемби күнү Tengri Music музыкалык фестивалы менен жыйынтыкталат.

2019-жылы Москва Чыгыш Европадагы Foreign Direct Investment Intelligence (FDI) тарабынан "Келечектин шаарлары" аттуу рейтингдин сап башына чыккан. Эми Москва шаардык инфраструктураны башкаруу, транспорт, мамлекеттик кызматтар, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактары боюнча тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Долбоорлор Москва өкмөтүнүн экономикалык конференциясында жана башка форматтагы жолугушууларда талкууланат. Кыргызстандын борбор калаасы акылдуу шаарларды куруу, мегаполистерди эффективдүү башкаруу, шарттарды жакшыртуу жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк тажрыйбаларды изилдеп жатат. Бишкек Москвада ийгиликтүү ишке ашкан долбоорлорго дагы кызыгары талашсыз.

Москва күндөрүнүн жыйынтыгында 2020-жылы Москвада Бишкек күндөрүн өткөрүү маселеси каралат. Бул Россияда "Кыргызстан жылын", Кыргызстанда "Россия жылын" жарыялоо боюнча мамлекеттер аралык ири программанын бир бөлүгү болмокчу.

Москва күндөрү боюнча маалымат

Москва күндөрү нечендеген жылдардан бери башка мамлекеттерде жана Россиянын аймагында белгиленип келет. Ошол эле учурда Москва жооп катары башка шаарлардын күнүн өз аймагында уюштурууга шарт түзүп келет.

2018-жылы эле Москва күндөрү Перуда (Лима), Арменияда (Ереван), Мексикада (Мехико), Францияда (Париж, Ницца, Марсель), Италияда (Мерано, Больцано, Флоренция, Бари), Германияда (Берлин, Лейпциг), Японияда (Токио), Болгарияда (София, Варна, Плевен), Бельгияда, Люксембургда, Өзбекстанда (Ташкент), Сингапурда, Азербайжанда (Баку) өткөн.

Ал эми бир жыл мурун Москва күндөрү Израиль, Германия, Сербия, Италия, Казакстан, Австрия жана Венгрияда уюштурулган.

68
Белгилер:
эс алуу күндөрү, Москва, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Айтматовдун тагдыры же миграциядан эмне таптык да, эмне жоготтук
Өнөктөштүк жөнгө салынган. Путин кыргызстандыктарды жана Жээнбековду куттуктады

Бишкектеги эң ири граффитилер тарыхы. Көчө сүрөткеринин мыкты 8 эмгеги

61
(жаңыланган 17:28 07.08.2020)
  • Айгүл, Doxa. № 12 мектеп, 2014-ж. сентябрь. Сүрөтчү Семен Чуйковдун белгилүү чыгармасы. Биз ушундай жол менен Чуйковдун эмгегин жаштарга таанытууну каалаганбыз, — дейт Петровский.
  • Баскетболчу таштанды баштыгын контейнерге ыргытып жатат, Basic Colour сүрөткерлер тобу. Молдокулов атындагы Инновациялар технологиясы улуттук мектеп-лицейи, 2016-ж. июль. Граффити шаардыктарды тазалыкты сактоого чакырат.
  • Бурулай Турдалы кызы, Doxa тобу. Бишкектеги медициналык колледжи, 2018-ж. ноябрь. Бул эмгек Жайыл райондук милициясында өлтүрүлгөн 20 жаштагы кыздын элесине арналган.
  • Өзү өрт болуп күйүп, өзгөлөргө нур чачкан, Doxa. Улуттук госпиталдын имараттарынын бири, 2020-жылдын июль айы. Картина Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган. Сүрөтчү мындан өзүнүн пневмонияга кабылып калганын көрсөткөн рентген кагазын кармап турган дарыгердин образын тарткан.
  • Жазуучу Чыңгыз Айматов. Жал-23 кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2019-жылдын май айы. Сүрөтчүлөр бул эмгекти Шаар күнүнө белек деп аташты. Ал Бишкек шаар кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун буюртмасы менен жасалган.
  • Дубалга таажынын сүрөтүн тарткан кыз, Doxa. 5-кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2016-жыл. Бириккен Улуттар Уюмунун буюртмасы менен Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата тартылган.
  • Шатыда турган бала, Doxa. Бул эмгек 2014-жылы бир курулуш компаниянын буюртмасы менен тартылган. Бала үйгө суу куюп турат, ал өсүп жатат. Картина келечегиңди бала кезден баштап кур дегенди туюнтат, — дейт сүрөтчү.
  • Семен Чуйковдун Кыргызстан гүлдөрү сүрөтүндөгү кыздар заманбап реалдуулукка өтөт, 2019-жылдын декабрь айы. Бул эмгек жол эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.
Бишкектин имараттарында кесипкөй сүрөткерлердин колунан жаралган граффити пайда болсо, ал дароо эле өзүнчө көркөм кооздук болуп калат.

Биз шаардагы эң чоң граффитилерди издеп көрдүк. Doxa сүрөткерлер тобунунун катышуучусу Дмитрий Петровский бизге кеңешчи болду. Бишкектиктерге жаккан бул эмгектердин тарыхы Sputnik Кыргызстандын сүрөт баянында.

61
  • Айгүл, Doxa. № 12 мектеп, 2014-ж. сентябрь. Сүрөтчү Семен Чуйковдун белгилүү чыгармасы. Биз ушундай жол менен Чуйковдун эмгегин жаштарга таанытууну каалаганбыз, — дейт Петровский.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Айгүл", Doxa. № 12 мектеп, 2014-ж. сентябрь. Сүрөтчү Семен Чуйковдун белгилүү чыгармасы. "Биз ушундай жол менен Чуйковдун эмгегин жаштарга таанытууну каалаганбыз", — дейт Петровский.

  • Баскетболчу таштанды баштыгын контейнерге ыргытып жатат, Basic Colour сүрөткерлер тобу. Молдокулов атындагы Инновациялар технологиясы улуттук мектеп-лицейи, 2016-ж. июль. Граффити шаардыктарды тазалыкты сактоого чакырат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Баскетболчу таштанды баштыгын контейнерге ыргытып жатат, Basic Colour сүрөткерлер тобу. Молдокулов атындагы Инновациялар технологиясы улуттук мектеп-лицейи, 2016-ж. июль. Граффити шаардыктарды тазалыкты сактоого чакырат.

  • Бурулай Турдалы кызы, Doxa тобу. Бишкектеги медициналык колледжи, 2018-ж. ноябрь. Бул эмгек Жайыл райондук милициясында өлтүрүлгөн 20 жаштагы кыздын элесине арналган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Бурулай Турдалы кызы", Doxa тобу. Бишкектеги медициналык колледжи, 2018-ж. ноябрь. Бул эмгек Жайыл райондук милициясында өлтүрүлгөн 20 жаштагы кыздын элесине арналган.

  • Өзү өрт болуп күйүп, өзгөлөргө нур чачкан, Doxa. Улуттук госпиталдын имараттарынын бири, 2020-жылдын июль айы. Картина Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган. Сүрөтчү мындан өзүнүн пневмонияга кабылып калганын көрсөткөн рентген кагазын кармап турган дарыгердин образын тарткан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Өзү өрт болуп күйүп, өзгөлөргө нур чачкан", Doxa. Улуттук госпиталдын имараттарынын бири, 2020-жылдын июль айы. Картина Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган. Сүрөтчү мындан өзүнүн пневмонияга кабылып калганын көрсөткөн рентген кагазын кармап турган дарыгердин образын тарткан.

  • Жазуучу Чыңгыз Айматов. Жал-23 кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2019-жылдын май айы. Сүрөтчүлөр бул эмгекти Шаар күнүнө белек деп аташты. Ал Бишкек шаар кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун буюртмасы менен жасалган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Жазуучу Чыңгыз Айматов". Жал-23 кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2019-жылдын май айы. Сүрөтчүлөр бул эмгекти Шаар күнүнө белек деп аташты. Ал Бишкек шаар кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун буюртмасы менен жасалган.

  • Дубалга таажынын сүрөтүн тарткан кыз, Doxa. 5-кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2016-жыл. Бириккен Улуттар Уюмунун буюртмасы менен Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата тартылган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Дубалга таажынын сүрөтүн тарткан кыз", Doxa. 5-кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2016-жыл. Бириккен Улуттар Уюмунун буюртмасы менен Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата тартылган.

  • Шатыда турган бала, Doxa. Бул эмгек 2014-жылы бир курулуш компаниянын буюртмасы менен тартылган. Бала үйгө суу куюп турат, ал өсүп жатат. Картина келечегиңди бала кезден баштап кур дегенди туюнтат, — дейт сүрөтчү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Шатыда турган бала", Doxa. Бул эмгек 2014-жылы бир курулуш компаниянын буюртмасы менен тартылган. "Бала үйгө суу куюп турат, ал өсүп жатат. Картина келечегиңди бала кезден баштап кур дегенди туюнтат", — дейт сүрөтчү.

  • Семен Чуйковдун Кыргызстан гүлдөрү сүрөтүндөгү кыздар заманбап реалдуулукка өтөт, 2019-жылдын декабрь айы. Бул эмгек жол эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Семен Чуйковдун "Кыргызстан гүлдөрү" сүрөтүндөгү кыздар заманбап реалдуулукка өтөт, 2019-жылдын декабрь айы. Бул эмгек жол эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.

Белгилер:
маданият, граффити, Бишкек
Тема боюнча
Стрит-арт борбор калаанын көчөлөрүндө
Эмен багы галереясынын арт-директору Чолпон Тентиева

Тентиева: коронавирус менен күрөштө искусство адамдары четте турбайт

69
(жаңыланган 17:06 07.08.2020)
"Эмен багы" галереясынын арт-директору Чолпон Тентиева карантинден кийин жарандар үчүн көргөзмөлөр эшигин ачканын айтты.
Тентиева: коронавирус менен күрөштө искусство адамдары четте турбайт

Жарандарга өзгөчө көргөзмө тартуулоону пландап жатабыз. Анда коюлган иштер толугу менен сатыкка чыгарылат. Түшкөн каражатты коронавирус менен күрөшүүгө которобуз. Бул тууралуу Чолпон Тентиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган көргөзмө 15-августка карата уюштурулат.

Жаманкулов: августта маданий жайлардын ишмердүүлүгү онлайн уланат

"Эмил Насритдинов аттуу сүрөтчү менен бирге өзгөчө көргөзмө уюштурууну пландап жатабыз. Ал жети күн уланып, офлайн жана онлайн форматта болот. Анда акварель түрүндөгү 50гө чукул ишти сатыкка чыгарабыз. Сатыктан түшкөн каражатты коронавирус менен күрөшүүгө багытталган фонддорго которобуз. Эпидемия менен күрөшүүгө жапа тырмак киришип жатабыз. Ошондуктан сүрөтчүлөр дагы четте турбай өз салымыбызды кошууну туура деп таптык. Ошондой эле башкаларга дагы үлгү болот деген ишеним менен бул долбоорду демилгеледик", — деди Тентиева.

Ошондой эле ал "Эмен багы" галереясы бир топ пландалган иштерди эпидемияга байланыштуу жылдырууга туура келгенин кошумчалады.

69
Белгилер:
Эмен багы паркы, коронавирус, көргөзмө
Тема боюнча
Кино камындагы Жакиев, Базаров, Кыдыралиев... Мөлтүрөгөн жаштык кезден таберик сүрөт
Сириядагы Россиянын аскер кызматкерлери. Архив

Батыш Россиянын Сириядагы аскердик ийгиликтерин биринчи жолу моюнга алды

0
Орустар жардам бербегенде Башар Асад эчак эле жеңилмек дешти. Америкалыктар Москванын жана да Иран менен "Хезболланын" кийлигишүүсүнөн кийин гана Сирия армиясы мыйзамсыз куралчан топтордон өлкөнүн көп бөлүгүн бошотуп алганга жетишкенин моюнга алышты.

Конгресстин иликтөөчү тобу 49 барактан турган "Сириядагы согушка сереп жана АКШнын реакциясы" деген отчётунда ушундай тыянакка келди. Аскердик талдоочулар дагы кайсы жагдайларга көңүл буруп, келечекке байланыштуу кандай божомолдорду келтиришет – бул тууралуу РИА Новостинин материалында.

Ким кандай күчкө ээ?

Документте Сириянын картасы келтирилген. Иордания менен чектешкен жердеги АКШнын Ат-Танф аскерий базасы жайгашкан чакан анклавды эске албаганда, өлкөнүн борборун, батышын жана түштүгүн толугу менен Башар Асаддын өкмөтү көзөмөлдөйт. Түндүк-батыштагы Мухафаза Идлибге экстремисттик топтор жана Түркия ээлик кылат. Өлкө аймагынын түндүгү жана Ефраттын чыгыш тарабы – Сириянын дээрлик үчтөн бир бөлүгү – күрддөрдүн колунда.

Талибдер бийликке умтулууда. Кабул курчоодобу?

Бул жерде талдоочулар бир аз куулук кылышууда, анткени ушул аймактардын бардыгы так Вашингтондун көзөмөлүндө десек болот. Сирияда америкалыктардын саны аз – докладга ишенсек, 600 аскердин айланасында гана. Бирок бул аскерлер мунайга бай чөлкөмдөгү негизги нефти кендерин курчоого алышкан. Ошондой эле Сириянын чыгыш тарабында жеке менчик аскердик компаниялардын жүздөгөн жоокерлери аракеттенип келишет. Документте белгиленгендей, расмий өкмөт АКШ аскерлеринин өлкөнүн аймагына кирүүсүн мыйзамсыз деп эсептейт. Бирок Вашингтон мунай чыккан аймактарды террорчулардан коргоо керек деген жүйөлөрдү айтып келет.

Докладдын авторлору кээде Асаддын аскерлери менен кагылышуулар болуп жатканын жашырышпайт. Мисалы, алардын билдирүүсүндө, быйыл февралда Камышлы калктуу конушундагы блокпостто Сирия аскерлери АКШнын куралдуу күчтөрүнүн патрулуна карай ок чыгарышкан. Эч ким жабыр тарткан эмес. Аны менен катар документте өлкөнүн түндүк-чыгышында орусиялык жана америкалык аскерлердин ортосундагы тирешүүлөрдүн саны өсүп жатканы баяндалат.

АКШ армиясынын аскердик машинелери Россиянын аскердик полициясынын жолун торогонго кылган аракеттери тууралуу толтура видеолорду Интернеттен тапса болот. Бактыбызга, бул аракеттер ок чыгарууга алып келбеди.

Сириядагы чыр: АКШ Россиянын "колу канган малынганын" айтты

Россия эч жакка кетпейт

Өлкөнүн аймагындагы Ирандын объектилерине израилдик учактардын соккулары жана антиорусиялык санкциялар Москва менен Иранды Башар Асадды колдоодон баш тартууга же жок дегенде кандайдыр бир деңгээлде жардамдарын чектөөгө алып келбегенин америкалыктар моюнга алууга аргасыз болушту.

"Жакынкы чыгыштагы таасирин күчөтүү плацдармы катары Россиянын Сирияны колдонуу боюнча дараметин жана умтулуусун АКШ туура баалай алган эмес. Россия, Иран жана алардын "проксилери" менен түзмө-түз кагылышуулар болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошону менен катар Москва сириялык өнөгүн колдоодо кайсы чекке чейин бара аларын аныкташ керек",  — дешет талдоочулар.

Дамаскыга кысым көрсөтүү уламдан улам татаалыраак болуп баратат деп кейишет докладдын авторлору. Биринчи кезекте Россия авиациясынын жана спецназ аскерлеринин жардамы менен фронттун чеги Сириянын борборунан ары жылдырылып, өлкөнүн басымдуу бөлүгү учурда "режимдин" көзөмөлүндө. Башар Асаддын саясий атаандаштарынын колунда азыр эч кандай көзүр калбады. Ошону менен катар күрддөр акырындан Дамаск менен жакындаша баштады. Демек, борбордук өкмөт өлкөнүн чыгышын жана түндүгүн өз көзөмөлүнө кайтарышы мүмкүн.

"Ислам мамлекети" дагы эле коркунуч туудурат

2018-жылдын декабрында Дональд Трамп "Ислам мамлекетин" жеңдик деп жарыя кылган. Бирок талдоочулардын пикиринде, куралдуу топтор толугу менен жок кылынган эмес. АКШнын өнөктөрү "Ислам мамлекетинин" Сириядагы акыркы таяныч пунктуларын 2019-жылдын мартында басып алышты. Бирок исламчылар Сириядагы жана Ирактагы куралчан топторун башкаруу түзүмдөрүн сактап кала алышты. Демек, алар азыр да олуттуу соккуларды кыла алышат.

"Алыскы келечекте Сириядагы "Ислам мамлекетинин" тагдыры өлкөдө куралчан топтордун башын көтөртпөй тура алган коопсуздук күчтөрүн түзө алабызбы, мына ушуга көз каранды. Бирок "Ислам мамлекетинин" коркунучу – көпкө чейин сакталып турат. Террористтер менен күрөшүүсүн токтотпошу үчүн биз мындан ары да күрддөргө колдоо көрсөтүп турушубуз керек", — дешет докладдын авторлору.

АКШ Сирияны колдоого алган Россия менен Кытайды жазаламай болду. Видео

Дагы бир коркунуч – аскер туткундарынын лагерлери, учурда аларда "Ислам мамлекетинин" он миңге жакын жоочулары кармалып турат. Негизинен алар өлкөнүн түндүгүндө жайгашып, аларды күрд аскердик бөлүктөрү кайтарууда. Алардан сырткары экстремисттердин үй-бүлө мүчөлөрү кармалып турган лагерлер бар. Алардын эң ириси – Аль Холеде террорчулардын 66 миң аялдары жана балдары камакта. Талдоочулардын пикиринде, ал жактарда жоочулар өз үгүт иштерин дагы эле улантып, камактагыларга дем берип турушат, ал эми "Ислам мамлекетинин" жактоочуларын куткарыш үчүн лагерлерге кол салууну пландаштырып келишет.

Камактагыларды кайтарганга күч жетишпей жатканын күрд жетекчилиги бир нече жолу билдирген болчу. Америкалыктар болсо жардам берүүгө шашылышпайт – Вашингтондун пикиринде, ар бир жоочунун ата мекени болгон өлкө өз жаранын өзүнө алып кетип, жазасын бериши керек. Бирок эч ким "өз" террорчуларын кайтарганы шашылбайт, ар түрдүү себептерди айтып, бул ишти создуктуруп келишет.

Көйгөйлүү аймак

Эң чоң маселелердин чордону – Идлиб аймагы. Учурда ал жерде Сириянын, Россиянын, Ирандын жана Түркиянын күчтөрү аракеттенүүдө. АКШнын аскерлери ал жакта жок, бирок америкалыктар "Аль-Каида"* менен байланышта болгон куралчан топторго бир нече жолу авиасоккуларды жасаган. Мамлекеттик эмес курамдардан "Хайят Тахрир аш-Шам", "Хурас ад-Дин", "Сириянын улуттук армиясы", "Хезболла" жана башкалар бар. "Ислам мамлекетинин" жоочулары да кездешет.

"Идлибдин түндүк райондору – оппозиция көзөмөлдөгөн жападан жалгыз аймак болуп эсептелет. Жергиликтүү топтор – 2011-жылы Дамаскка каршы чыккан күчтөрдүн калдыктары болуп эсептелет. 5-марттан бери Идлибде Түркия менен Орусиянын президенттеринин макулдашуусу боюнча убактылуу жарашуу орногон. Бул өлкөлөрдүн аскерлери М4 стратегиялык жолду чогуу көзөмөлдөп, кайтарып турушат", — дешет талдоочулар.

Докладдын авторлору белгилегендей, жоочулардын ок чыгаргандарына карабай азырынча убактылуу жарашуу сакталууда. Бирок ошол эле учурда Түркия Идлибге аскерлерин жөнөткөндү токтото элек, ал эми жакында зарылчылык чыкса аскердик аракеттерди баштаарын билдирди. Демек, Сириядагы согуштун токтошуна дагы көп бар.

0
Белгилер:
аймак, террорчулук, коопсуздук, Россия, Сирия, АКШ
Тема боюнча
Сирия хроникасы: россиялык күзөткө чабуул жана АКШнын активдешүүсү