Музыкант. Архив

Бишкекте Tengri Music фестивалында москвалык артисттер концерт койду

62
(жаңыланган 10:02 16.09.2019)
Бүгүнкү кечеде дүйнө сахнасын багындырган музыканттар концерт койду. Иш-чара Москва күндөрүнүн алкагында өтүүдө.

БИШКЕК, 14-сен. - Sputnik. Бишкектеги эски аянтта жыл сайын өтүп келген классикалык музыканын эл аралык Tengri Music - 2019 фестивалынын ачылышы болду. Иш-чара Москва күндөрүнүн алкагында өтүүдө.

Сахнага алгачкылардан болуп Москва мамлекеттик симфоникалык оркестринин артисттери дирижёр Иван Рудиндин жетектөөсүндө чыгышты. Бишкектиктер дүркүрөгөн кол чабуулар менен солисттер Полина Шамеева менен Владимир Кудашевди тосуп алышты. Ошондой эле концертте Петр Востоковдун жаз оркестри дагы элдин маанайын көтөрдү.

62
Белгилер:
классика, фестиваль, Бишкек
Тема боюнча
Алмамбетова: Москва күндөрүнүн алкагында эки келишим ишке ашат