БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Ош шаарында Түрк тасмаларынын жумалыгы өтө турганын Кинематографияны колдоо департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара 17-сентябрда башталып, 19унда жыйынтыкталат. Тасмалар калаадагы "Семетей" кинотеатрында көрсөтүлмөкчү.
Жумалык башталган күнү ачылыш аземи да өтүп, ага Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышат.
Тасмалардын бардыгына кирүү акысыз.
Виджет news