Кыргызстандык режиссёрдун тасмасы "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлдү

© AFP / Don EMMERTКинопремия Оскар
Кинопремия Оскар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда башка мамлекеттердин да "Оскар" комитети өз талапкерлерин көрсөтүп, тизме түзүлүүдө. Андан кийин киноакадемиянын атайын калыстары кыска тизмеге кире турчу тасмаларды тандайт.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёр Бекзат Пирматовдун "Аврора" тасмасы Кыргызстандын атынан "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондусунан кабарлашты.

Ага ылайык, Кыргызстандын "Оскар" комитетинин жыйынында Пирматовдун тасмасы колдоого алынган.

Аталган фильм "Эң мыкты чет элдик тасма" номинациясы боюнча ат салышат.

Трейлер фильма Тарантино Однажды в Голливуде с Ди Каприо и Брэдом Питтом - Sputnik Кыргызстан
Ди Каприо менен Брэд Питт катышкан Тарантинонун жаңы тасмасынын трейлери чыкты
Учурда башка мамлекеттердин да "Оскар" комитети өз талапкерлерин көрсөтүп, тизме түзүлүүдө. Андан кийин киноакадемиянын атайын калыстары шорт-листке кире турчу тасмаларды тандайт.

2019-жылдын эң мыкты тасмаларын тандоо жана "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи келерки жылы 9-февралда Лос-Анжелесте өтөт.

Пирматовдун киносунда Кыргызстандагы көйгөйлөр чагылдырылган. Окуянын баары бир күндө болот. Каармандар жан кейиткен жана күлкү жараткан түрдүү учурларга тушугат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0