Жайлоодо репетиция кылган Каба Атабеков менен Төлөмүш Океев. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Белгилүү режиссер Төлөмүш Океев менен залкар манасчы Каба Атабековдун сүрөтү 1995-жылы Чүй облусундагы жайлоолордун биринде тартылган. Сүрөттө режиссер манасчыга кантип ойноо керектигин түшүндүрүп берүүдө.

Ал жылы Кыргызстанда эл аралык деңгээлде "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы белгиленип, иш-чарага даярдыктар катуу көрүлгөн. Мааракенин алкагында кыргыз элинин эпосу жөнүндө "Ошондо Манас деп ураан чакырып" аталышындагы даректүү тасма тартуу да каралган.

Ал мезгилди "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын өткөрүү жана даярдоо боюнча мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси Бексултан Жакиев мындайча эскерет:

"Төлөмүш Океев тасманын сценарийин жазып, анын көркөм жетекчиси болгон. Анварбек Мокеев экөө бизге жазып келгени эсимде. Биздин комиссия алардын ишин окуп чыгып, талкуулап, жактырганбыз. Ошентип тасманы алар тарта баштаган. Ал кезде Океев Түркияда элчи болуп эмгектенчү. Тасма документалдуу-аналитикалык болуп, көрүүчүлөргө сунушталганда жанрдык милдетин аткара алган. Мындай тасмалардын да өз көрүүчүлөрү бар. Ал эми сүрөттөгү Каба Атабеков кыргыздын чоң манасчылардын бири да. "Манастын" 1000 жылдыгы кыргыздар үчүн чоң окуя болгон. Анткени буга чейин бул иш-чараны өткөрөбүз деп канча кыргыздын азаматтары соттолуп, сүргүнгө айдалып кеткен. "Манас" эпосунда эркиндик, мамлекеттүүлүк, көз карандысыздык — бардыгы камтылган", — деди Жакиев.

Залкарлар кетип жалгыз калгандаймын... Океев жана Сейдакматованын таберик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Залкарлар кетип жалгыз калгандаймын... Океев жана Сейдакматованын таберик сүрөтү
Чыгармачыл топ тасманын үстүнөн жарым жылдай иштеп, тартуу иштери Кыргызстан, Хакасия, Түркия, Сауд Аравияда жүргөн.

Эске сала кетсек, "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө салтанаты беш күнгө созулуп, ага 70ке чукул мамлекеттен өкүлдөр, эл аралык уюмдун башчылары катышкан. Мааракени башынан аягына чейин кыргыздын чыгаан уул-кыздары уюштуруп, коноктор жакшы кабыл алган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0