Бүгүн Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүгү старт алды

Ар бир облус каада-салт менен өнөрүн көрсөтүүдө. Таластан алынган сүрөттөр

369
(жаңыланган 12:34 20.09.2019)
Иш-чара "Көчмөндөр ыр сунат" кечки концерттик программа менен жыйынтыкталат. Аны улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу бөлүгү, тагыраагы, парад, театрлаштырылган иш-чара коштойт.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Бүгүн Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүгү старт алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

  • В этно-городке, размещенном на территории комплекса Манас Ордо в Таласской области началась культурная программа в рамках Национальных игр кочевников
    Бүгүн Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүгү старт алды
    © Фото / пресс-служба МКИТ КР
  • В этно-городке, размещенном на территории комплекса Манас Ордо в Таласской области началась культурная программа в рамках Национальных игр кочевников
    Программа боюнча алгач маданий программасын тартуулоо кезеги Баткен, Нарын, Ош облустары менен Бишкек шаарына берилди
    © Фото / пресс-служба МКИТ КР
  • В этно-городке, размещенном на территории комплекса Манас Ордо в Таласской области началась культурная программа в рамках Национальных игр кочевников
    Ал эми 20-сентябрда Талас, Чүй, Ысык-Көл облустары жана "Ала-Тоо айымдары" коомдук-экологиялык бирикмесинин театрлаштырылган оюн-зоок программалары сунушталат
    © Фото / пресс-служба МКИТ КР
  • В этно-городке, размещенном на территории комплекса Манас Ордо в Таласской области началась культурная программа в рамках Национальных игр кочевников
    19-сентябрда "Айгүл гүлү" театрлаштырылган оюн-зоок программасы болуп, анда улуттук ыр-бийлер, салттуу кийим-кечелер, боз үй жасалгалары, көчмөн эл колдонгон тамак-аштар, элдик көркөм кол өнөрчүлүк боюнча сынактар болду
    © Фото / пресс-служба МКИТ КР
  • В этно-городке, размещенном на территории комплекса Манас Ордо в Таласской области началась культурная программа в рамках Национальных игр кочевников
    Андан сырткары, кыргыздын улуттук боз үйүн тез арада чечүү боюнча жарышты
    © Фото / пресс-служба МКИТ КР
  • В этно-городке, размещенном на территории комплекса Манас Ордо в Таласской области началась культурная программа в рамках Национальных игр кочевников
    Мындан сырткары, "Достук шаары", "Саймалуу-Таш", "Улуу жибек жолу" жана "Сулайман-Тоо" театрлаштырылган оюн-зоок программалары да тартууланып, аны "Көчмөндөр ыр сунат" деп аталган кечки концерттик программа жыйынтыктайт
    © Фото / пресс-служба МКИТ КР
  • В этно-городке, размещенном на территории комплекса Манас Ордо в Таласской области началась культурная программа в рамках Национальных игр кочевников
    Эртең, 20-сентябрда, жогорудагы эле конкурстар "Манас", "Бурана", "Көл баяны" программаларынын алдында өтүп, республикалык "Улуттук каада-салт", "Баланы бешикке салуу" сынагы болот
    © Фото / пресс-служба МКИТ КР
  • В этно-городке, размещенном на территории комплекса Манас Ордо в Таласской области началась культурная программа в рамках Национальных игр кочевников
    Улуттук көчмөндөр оюндарынын жабылгандагы салтанаттуу бөлүгү парад, театрлаштырылган иш-чара менен коштолот.
    © Фото / пресс-служба МКИТ КР
1 / 8
© Фото / пресс-служба МКИТ КР
Бүгүн Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүгү старт алды

Программа боюнча алгач маданий программасын тартуулоо кезеги Баткен, Нарын, Ош облустары менен Бишкек шаарына берилди. Ал эми 20-сентябрда Талас, Чүй, Ысык-Көл облустары жана "Ала-Тоо айымдары" коомдук-экологиялык бирикмесинин театрлаштырылган оюн-зоок программалары сунушталат.

19-сентябрда "Айгүл гүлү" театрлаштырылган оюн-зоок программасы болуп, анда улуттук ыр-бийлер, салттуу кийим-кечелер, боз үй жасалгалары, көчмөн эл колдонгон тамак-аштар, элдик көркөм кол өнөрчүлүк боюнча сынактар болду. Андан сырткары, кыргыздын улуттук боз үйүн тез арада чечүү боюнча жарышты.

Мындан сырткары, "Достук шаары", "Саймалуу-Таш", "Улуу жибек жолу" жана "Сулайман-Тоо" театрлаштырылган оюн-зоок программалары да тартууланып, аны "Көчмөндөр ыр сунат" деп аталган кечки концерттик программа жыйынтыктайт.

Эртең, 20-сентябрда, жогорудагы эле конкурстар "Манас", "Бурана", "Көл баяны" программаларынын алдында өтүп, республикалык "Улуттук каада-салт", "Баланы бешикке салуу" сынагы болот. Улуттук көчмөндөр оюндарынын жабылгандагы салтанаттуу бөлүгү парад, театрлаштырылган иш-чара менен коштолот.

Бул иш-чаралар ошол жерде уюштурулган ар бир облустун өзүнүн борборлорунда элге тартууланат. Ал эми жыйынтыктоочу бөлүгү "Манас Ордо" комплексинин сахнасында өтмөкчү.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
369
Белгилер:
оюн-зоок, Көчмөндөрдүн улуттук оюндары, Талас облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Таластагы Көчмөндөр оюндары алты саатка кечигип башталды. Себеби