Кыргыз маданиятынын өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошуп, өмүрүн театр менен киного арнаган Жамал Сейдакматова президент Сооронбай Жээнбеков менен

Актриса болом деп Москвадагы окуусун таштап... Жамал Сейдакматова тууралуу 8 факты

1443
(жаңыланган 09:52 23.09.2019)
Ата-энеси мектепти жакшы окуган кичинекей Жамалдан окумуштуу чыгат деп ойлошкон. Бирок студент кыз кыялын орундатып, актриса болом деп Москвадагы окуусун таштап Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарына келип алган.

Кыргыз маданиятынын өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошуп, өмүрүн театр менен киного арнаган Жамал Сейдакматова бүгүн 80 жашка толду. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар инсанды туулган күнү менен куттуктап, актриса тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Кир жууп, камыр жууруганды билген эмес. Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Көлдүн күңгөйүндөгү Темир айылында туулуп-өскөн. Атасы көп убакыт бала жытын искей албай жүрүп, бешинчи жубайынан Жамалды көргөн экен. Апасы Ажар Каракол театрында актриса болуп иштеген. Ата-энесинин жалгыз баласы болуп абдан эрке өскөндүктөн, кыз кезинде кир жууп, камыр жууруганды билген эмес. 

Актриса Жамал Сейдакматова
© Фото / Александр Федоров
Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Көлдүн күңгөйүндөгү Темир айылында туулуп-өскөн. Атасы көп убакыт бала жытын искей албай жүрүп, бешинчи жубайынан Жамалды көргөн.

Чоң окумуштуу болмок... Бала чагынан эле ыр-бийге шыктуу болуп өсөт. Ата-энеси мыкты билим алсын деп борборго жөнөткөн. Мектепти аяктагандан кийин атасынын тили менен Москвадагы Жеңил өнөр жай институтуна тапшырат. Баары бир жүрөгүн уялаган максаты жанына жай бербей, акыры аталган институтту 2-курстан таштап, Фрунзеге келип театрга кирип алган. Актриса мындай кадамга кичинекейиндеги кыялын орундатуу үчүн барган. Анткени алардын үйүнө Карамолдо Орозов, Саякбай Каралаев, Муратбек Рыскулов, Алиман Жанкорозова, Бакен Кыдыкеева өңдүү залкарлар көп келип, секелек кыз алардан чоң таасир алып шыктанган. Ал эми жакшы окуган Жамалдын жакындары менен ата-энеси аны чоң окумуштуу болот деп күтүшкөн.

Билими жок актриса. Чыгармачылыгы "Алыскы тоолордо" фильмине тартылуу менен башталган. Сейдакматованын 60-70-жылдар ичиндеги театр сахнасындагы бирден бир жетишкендиги - англиялык улуу драматург Шекспирдин "Азоого чалма" комедиясындагы Катеринанын образы деп айтылып жүрөт. Сейдакматова көбүнчө лирикалык, драмалык маанайдагы образдарды жаратуунун чебери катары мүнөздөлүп келет. Ошол эле маалда комедиялык ролдорду да ийнине жеткире аткарып келет. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Кыргыз драма театрында 32 жылдай иштеген. Эң кызыгы, ал ушул убакка чейин актрисалык боюнча атайын билим алган эмес. Бул тууралуу өзүнүн "мени "артисттик билими жок" деп эч ким бөлгөн жок. Азыркыга чейин билим албай калдым деп өкүнбөйм, ролго жетпей калган күндөрүм болгон жок" деп айтканы бар. 

Актеры Суйменкул Чокморов и Жамал Сейдакматова во время съемок фильма Улан
© Фото / Александр Федоров
Кызыгы, Сейдакматова ушул убакка чейин актрисалык боюнча атайын билим алган эмес. Бул тууралуу өзүнүн "мени "артисттик билими жок" деп эч ким бөлгөн жок. Азыркыга чейин билим албай калдым деп өкүнбөйм, ролго жетпей калган күндөрүм болгон жок" деп айтканы бар.

Кинодогу ишмердүүлүгү. Актриса театрда иштеп жүргөн маалында кино жаатында эмгектенип, тасма талаасын да багындырган. "Акбаранын көз жашында" – Көктурсундун, "Алыскы тоолордо" – Зыягүлдүн, "Тянь-Шань кызы" тасмасында – Алтынайдын, "Караш-Карашта" – Хаджанын, "Уланда" — Фатиманын, "Курманжан даткада" – Курманжан датканын ролдорун өтө жогорку деӊгээлде ойногон. КР эл артисти 20дан ашык тасмада түрдүү образдарды жараткан.

"Тунгуч" театрынын негиздөөчүсү. Жамал Сейдакматованын чыгармачылык жаңылыкка чаңкоосу, умтулуусу 1989-жылы "Тунгуч" театрынын түптөлүшүнө алып келген. Пикирлеш артисттердин тобу менен Кыргыз академиялык драма театрынын ичинде студия ачууга аракеттенип, алгач драматург Жеңишгүл Өзүбекованын "Апамдын махабаты", Казат Акматов менен Жаныш Кулмамбетовдун "Мунабия" драмаларын режиссер Алмаз Сарлыкбековго койдурат. Театрдын ичинде дагы бир театрдын түзүлүшү ал кездеги жетекчиликке жаккан эмес. Сейдакматова санаалаштары менен театрдан чыгып кетет. Ошентип 1990-жылы декабрь айында Кыргызстан театр ишмерлер союзунун имаратынын залында өлкөдөгү эң алгачкы жеке менчик "Тунгуч" театрын ачкан. 

Актриса театра и кино Джамал Сейдакматова с внуками
© Фото / Шалтаев Мурат
Сейдакматованын алты небереси бар.

Актриса созолонто ырдачу. Кезинде концерттерге да ырдап катышкан. Казактардын "Айгөлөк", кыргыздын "Комузчу" ырларын аткарган. Обончу Экия Мукамбетовдун "Сайрагүл", "Айдайлы жашоо кемесин" сыяктуу чыгармаларын ырдап чыгып, Сейдакматова убагында өз замандаштарына таланттуу ырчы катары да таанылган. Өзүнүн айтымында, ырдаган соң сахнанын артына барып муздак суу иче берип үнүн бузуп алган да, авазы мурункудай шаңкылдап чыкпай калган.

Жеке турмушу. 22 жашында таланттуу артист Болот Шалтаевге турмушка чыккан. Уулу жети жашка чыкканда жолдошу оорудан улам каза болуп калган. Экинчи турмушу Садырбек Назаров менен таанышканда ал шаардык кеңештин, Жамал эже райондук кеңеште депутат болуп турган. Эл өкүлдөрү жолугуп сүйлөшүп, ар кандай маселелерди талкууга алган убакта таанышып, баш кошушкан. Жамал эже жолдошун турмушта орой, бирок жүрөгү таза, чынчыл, принципке катуу турган адам деп сыпаттайт. Ортолорунда Ажар аттуу кызы бар.

Эмгекчил, шайыр, чоң эне... "Туңгуч" театрынын негиздөөчүсүн жакында президент Сооронбай Жээнбеков II даражадагы "Манас" ордени менен сыйлады. 80 жашка чыккан байбиче өмүрүндө эч нерсеге өкүнбөйт, азыркыга чейин сахнага чыгып, тасмаларга тартылып келет. Алты небереси бар. Өтө жөнөкөй чоң эне кээде ырдап, бийлеп жаштыгын эстеп, балдарынын төрүнүн көркү.

Хотите узнавать раньше самые интересные и важные новости?
Подписывайтесь на наш Telegram-канал
1443
Белгилер:
факты, Жамал Сейдакматова, актриса, Кыргызстан
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (306)
Тема боюнча
Жарым кылымдан бери элди күлдүргөн куудул. Келдибек Ниязов тууралуу 9 факты
Миң-Куштан качып, Европадан бакыт тапкан Бегалиев. Композитор тууралуу 7 факты
Арманы - "Манас" көркөм фильмин тартууга жетишпей калган. Убукеев жөнүндө 7 факты
Атасы "маскарапоздун окуусу" деп жактырган эмес. Насыр Давлесов тууралуу 8 факты