БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкекте россиялык сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Бул иш-чара Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому тарабынан уюштурулуп, Бишкек жана Кыргызстан епархиясында көрүүчүлөрдүн сынына коюлду.
Художниктердин "Этновзгляд" чыгармачыл бирикмеси түрдүү темада ар кандай көргөзмөлөрдү уюштуруп келет.
30дан ашык тематикалык сүрөттөр "Ленинграддын ыйык жерлери" долбоорунун алкагында бириктирилип, көрүүчүлөрдүн назарына коюлган. 2017-жылдан бери бул долбоор көптөгөн жерлерди кыдырып чыкты. Тактап айтканда, чиркөөлөргө, монастырларга, мектептерге, музейлерге, ошондой эле Россиянын президентинин китепканасына коюлган.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Нарында Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин "Шыпыргы өмүр" поэмасынын негизинде инсценировкаланган фарс-интерпретация жанрындагы спектаклинин премьерасы болду. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлчүлүгү аймактык кабарчыга билдирди.
Театрлаштырылган программа Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында өтүп, бет ачар аземге чыгарманын автору, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун мүчөсү Кожогелди Култегин катышты.
Алгач чыгарма конокторго тартууланган соң автор поэмаларынын ичинен, сахнага алып чыгууга мүмкүн эмес болгон аталган поэманы сахналаштырган режиссёр Шамбет Мендебаировго жана ролдорду ийине жеткире аткарган театр ишмерлерине ыраазычылык билдирди.
"Мен алгач "Мөөркан апа" деген поэмамды койгон экен деп ойлодум. Анткени ал поэмада Мөөркан апанын акыркы окуялары Нарында өтөт. Бирок "Шыпыргы өмүрдү" сахналаштыруу оңой эмес жумуш. Себеби бул поэма сахнага ылайык келбейт эле. Даяр жазып берген драманы коюштун өзү канчалык оор, ал эми поэманы коюш андан да түйшүктүү иш. Поэма баяндалып жазылат. Шамбет мырза мүмкүн болбогон нерсени сахнага алып чыгып эрдик жасады. Бул театрдын тарыхындагы өзгөчө окуя болду. Театрдын жамаатына терең ыраазычылык билдирем жана ар дайым иштешүүгө макулмун", — деди автор.
Жогорудагы чыгарма буга чейин 18-19-февраль күндөрү көрүүчүлөргө тартууланган. Анда кыргыз элинин бүгүнкү тагдыры, 30 жылдан бери миграция маселесине байланышкан трагедиясы чагылдырылган.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Асанбаева экөө "Эл ырчысы Эстебес" тобунун концертин көргөнү барды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
7-март күнү филармонияда Аялдардын эл аралык күнүнө карата "Ааламдан кең, апа сенин бешигиң" аттуу концерти тартууланган.
Эне темасына арналып, абийир, ыйман, мекен, миграция маселелерин чагылдырган театрлаштырылган концертте КР эл артисти Нуржамал Табалдиева, КР эмгек сиңирген артисти Амантай Кутманалиев, ырчылар Өмүрзак Кайыпов, Мээрим Карыпова, Элзар Өскөнбаева, Гүлгакы Сагындыкова, Турдукан Сарбанова, Элдияр Желдеңбаев, Таалай Иманкулов, Талант Сыдыков, Өскөн Дүйшөмбиев, комузчу Эмил Ишенбек уулу жогорку деңгээлде өнөрлөрүн көрсөтүшкөнү белгиленет.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Шейшемби, 9-март күнү, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көл жергесинде +6...+11, ал эми Нарын аймагында +4...+9 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкек шаарында +15...+17 жана Ош калаасында +16...+18 градуска чейин көтөрүлөт.