Манас эпосундагы баатырлар. Архивдик сүрөт

Айдын бурчун алты айланып... "Манастагы" жайма көкүл жаш Айдар тууралуу 8 факты

182
(жаңыланган 16:07 29.09.2019)
"Манас" эпосундагы каармандардын ичинде жайма көкүл жаш Айдар айырмаланып турат. Ал эпизоддук каарман болгону менен кыргыз эли азыркы күнгө чейин чакырууга жиберген жигиттерге карата "жайма көкүл жаш Айдарча чаап барып келе кал" деген сыяктуу сөздөрдү пайдаланат.

Биз бүгүн ошол каарман тууралуу 8 факт сунуш кылабыз.

Жайма көкүл Жаш Айдар деген ысымдын мааниси. Кыргыздар бул каарманды анын тышкы белгисине карай, б.а. көкүлүнө карай "жайма көкүл" деп сыпаттайт. Көкүл коюу негизи жаш балдарга мүнөздүү. Бул белги анын жаштыгын, али бала бойдон экендигин көрсөтөт. Кыргыздар шамалдын пирин да Айдар дешет. Эгин сапырууда Айдарга жалынып, акырын жүргөн шамал же жел сурашат. "Кел, Айдар, кел", "Айдар, Айдар" десе жел келет деген ишеним болгон. "Айдар" деген сөздүн өзүнүн лексикалык мааниси да "жел айдоо", "жел жүргүзүү" деген менен байланышат.

Жайма көкүл жаш Айдардын теги. Чокон Валиханов Каркыра жайлоосунан атын атабай калган манасчыдан жазып алган вариант боюнча Ногой журтунун башы Көкөтөйдүн оорусу катуулап турганда Сары Ногойдун баласы жайма көкүл жаш Айдарды Мааникер атына мингизип, кабарга жибергени айтылат. Демек, ал Сары Ногойдун баласы. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча да ал Сары Ногойдун уулу. Көбүнчө аны "кул" деген эпитет менен кошо сыпаттайт.

Көкөтөйдүн ашына чакырууга кеткен жайма көкүл жаш Айдардын жолу. Аны ашка чакырууга жиберет, ал кайсыл жолдор менен барганын географ Курманаалы Матикеев мындай картага алат: Орто Чаткал – Бухара – Ооган (Бадахшан, Балх) – Мисир (Ирак) – Кубайыстын чөлү (Иран) – Желпиниш (Индия) – Памир – Тибет – Ай Цадам – Көкөнор көлү – Каспандын кара тоосу (Наньшань) – капкалуу Бээжин оозу – Хангай – кайра Каркыра. "Көкөтөйдүн ашына Түп Бээжин (азыркы Пекин) чакырылган эмес. Ал Айдар Түндүккө бурулган "Хэсси коридорунан" 1300 километр чыгышта жайгашкан. Ошол "Хэсси коридору" аркылуу Улуу Кытай сепили да өтөт. Демек, эпостогу Кичи Бээжин, Орто Бээжин деген топонимдер азыркы Синин, Ланьчжоу шаарларына гана таандык. Эсенкан Бээжинде (Пекинде) эмес, Көкөнор көлүнүн айланасында жашаган. Көкөнордон Түп Бээжинге чейинки аралык 1350 километрден ашык" (Матикеев К. Шыңжандагы кыргыздар // китепте: Кыргыздар. 14 томдук. 3-т. Түз.: К.Жусупов, К.Иманалиев. – Б.: Бийиктик, 2011. – 224-225-бб.). Географ окумуштуу азыркы заманбап карталарды, атластарды карап, интернет ачып, алардын масштабын ченеп чыгып, эпостун текстине таянуу менен манасчылардын географиялык билимдерин тактап чыгып жатат, ошол эле кезде кыргыздардын дипломатикалык алакаларын, согуштук аракеттерин көрсөтүп берүүдө. Эми дагы бир нерсе — кыргыз манасчылары Борбор Азиянын аймагын толук кезген эмес, жайма көкүл жаш Айдар болгон жерлердин көбүндө болгон эмес, анан кантип мына ушунча көп географиялык аталыштарды атап, ал жерлердин климаттык, географиялык белгилерин көрсөтүп берип жаткандыгы таң каларлык!

Ал чакырууга барып жолуккан адамдар. Ат-Башыны жайлаган батакөй Кошой олуя, казак каны Эр Көкчө, Нойгут элинен, Лоп дайраны жердеген Карача, Котондогу Жүгөрү, Жаркенди жердеген кан Жортуулчу балбан, Кен Үркөнчтүн шаарындагы, Кең Оогандын айлындагы Акун кан, Чамбыл-Белди жердеген Жанаалы, Карач эр, Урумкандын Көкбөрү, Кокондогу Козубек, Маргалаңдын Малабек, Анжыяндын айры сакал Сынжыбек, Алты шаардын Алабек, Самарканддан Санжыбек, Букарды сураган Темиркан, Жети-Өзөндү жердеген жедигер элинен көк жал Багыш, Эр Агыш, Чоң Букардын ар жагы, Чоң-Өзөндүн бери жагы, адыр-күдүр жердеген Буудайык кандын Музбурчак, Эки Кемин жайлаган Эйбит таздын Эр Үрбү, анын бери жагында Текечи кан, Шыгай кан, Эштектердин Жамгырчы — үч кан эли ж.б.

Физиканын мыйзамдарын жакшы билген. Айдар физиканын мыйзамын мыкты билген жана ошон үчүн шамалга каршы багыттар менен жүрбөй, шамалга багытташ болуп жол тандайт, анын натыйжасында жетер жерине жетип, өзү айткандай "айдын бурчун алты айланып, жердин бурчун жети айланып", чакырар адамдардын баарын чакырып келет.

Манас менен жолугушуу. Жайма көкүл жаш Айдар Көкөтөйдүн ашына чакыруу үчүн Манаска да келет. Манас кырк чоро менен он эки таман ордо салдырып, оюн куруп жаткан болот. Жаш Айдар Манаска атчан кирип барып эле мындай дейт: "Көк дөнөндүн башы бар, Көкөтөй кандын ашы бар, чаба турган аты бар, тарта турган эти бар, ата-атанын уулуна бере турган мүчө бар, ашымды бийлеп берсин". Ушул эле кепти эр Кошойго да айткан эле. Буга жана кеңешпей иш кылганга ачуусу келген Манас кырк чорого "атын союп, өзүнүн башын алып салгыла" деп буйрук берет. Ошондо жайма көкүл жаш Айдар: "Баатыр төрөм падышам, жалгыз элем уядан, менин жанымды кыя көрбө", "айланайын атыңдан, эч кетпейин кашыңдан, көчкөндө коюң айдайын, отуң менен кирейин, күлүң менен чыгайын, нөөкөрүң болоюн, ат токуучуң болоюн" деп ыйлап жиберет. Манас жайма көкүл жаш Айдарды кечирет, ал "айдын бурчун алты айланып, жердин бурчун жети айланып келгиче алда нечен жыл өтөр" деп андан ары жол тартат.

Манас эпосу. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Жаш Айдардын минген аты. Атасы Көкөтөйгө аш берүү үчүн чакырчуга жиберген Бокмурун жаш Айдарга Мааникер атын мингизет. Мааникер "алты айчалык жол басса ал табына келчү эле, жети айчалык жол жүрсө, жол табына келчү эле, кечээ Самарканд барып чапканда, Сары кандын ашында сан жылкыдан чыкты эле". Ошол Мааникердин оозун коё бербей тартып келет, оозун коё берсе, өзгө аттардан ашып, марага үч күн мурда келет. Саякбай Каралаевдин вариантында "Көкөтөйдүн Мааникер, болоттон така кактырган, албан түрлүү буланы, жабуу кылып жаптырган, кыл куйрукка паша деп, көргөн адам жактырган...", "Төгөрөктүн төрт бурчун, төрт айлана жүгүрткөн...", "Тамчы суусу калбаган, чөлгө минген Мааникер, тизгин кагып бураган, тотудай куйрук чубаган, токсон күндүк чөл болсо, токтобостон чуркаган". Анан Көкөтөйдүн ашында ушул Мааникерди Эсенканга бергиле деп калмактар талап коюп, "Көкөтөйдүн ашы — көп чырдын башы" ушул жайма көкүл жаш Айдар минген аттан чыгат.

Айдар манасчылардын баасында. "Өзү эптүү кул эле, өңү сындуу кул эле", "Ар жумушка дилгирген, алтымыш бурку тил билген, ары тилмеч, ары акын, ар жакшыга көп жакын, ыраакы, жакын иш кылсак, ыкчылдыгы бар эле". Ал Көкөтөйдүн ашында чакырчу гана болбостон Ырчы уул менен бирге жарчылык милдетти да аркалайт. Бул жагынан ал атка жеңил, тайга чак гана эмес, ырчылыгы да, жарчылыгы да бар, чакырууга барган жеринин баарынын тилин билген жигит болгон.

182
Белгилер:
Көкөтөйдүн ашы, Манас эпосу
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (306)
Тема боюнча
Манастын таятасы Жамгырчы тууралуу 9 факты
Манаска "доолуу күндө көмөк, жоолуу күндө жөлөк" болгон Алмамбет тууралуу 14 факты
Сагынбайдын Манасы жазылбай калмак. Фольклорчу Каюм Мифтаков тууралуу 6 факты