"Калыңын келише албай коюшуптур", "ресторанда баланча орун бербей койду", "кудагыйдын тили узун экен" деген сыяктуу кептерди жок дегенде бир-эки жолу уксаңыз керек.
Мындай сөздөр кудалашчулар алгач кафеде жолуккандан кийин көп айтылат. Атургай мунун артынан баш кошчу кыз-жигит ажырашып кеткен мисалдар канча?
Албетте, кадыр-көңүл жарашпаса, миң жылдык куда болуп кетүү кыйын. Бирок бирге түтүн булаткысы келген жаштардын бактысы үчүн эки тарап кудалашуу учурунда айрым эрежелерди карманып койсо болот.
Алар тууралуу этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берди.
Азыркы кудалардын арасында дал ушул үлпөт тойдо чакырылган коноктордун саны жагына келгенде пикир келишпестик көп болуп жүрөт. Албетте, той берген адам капчыгына жараша иш кылгысы келет, ал эми жаңы кудалардын катышы көп... Тааныш-билиштин баарын таарынтпаш үчүн акыркы жылдары кыз узатуу салты катуу жанданды. Бул күнү кыздын ата-энеси үлпөт тойдон кем эмес той берип, элден "кутулат". Андыктан кудалар менен "мага баланча орун бер" деп тирешип туруунун канчалык зарылдыгы бар экенин ойлонуп көрүңүз. Ошол эле учурда кыз алган тарап ар дайым кудалардан бир тепкич ылдый турарын сезип, зарыл болгон учурда компромисске бара билгени жакшы.
Ар бир эле ата-энеге өз баласы алтын көрүнөт. Мактагысы, сыймыктангысы келет дегендей. Бирок мактоолор дагы орундуу болгону жакшы. Мисалы, "биздин бала укмуш эле укмуш" деп айга-күнгө теңей берсеңиз, кудалар "силердин кызды алып жатканыбызга сүйүнгүлө" деп жаткандай кабыл алышы мүмкүн.
Алгачкы жолукканда эле бири-бирине сын көз менен караган кудалар ынтымактуу боло алышпайт.
Жаңы түзүлүп жаткан үй-бүлөнүн эң алгачкы майрамында жаштардын дагы өз каалоосу болот. Мисалы, тойдун программасына өзгөчөлүктөрдү киргизгиси же, тескерисинче, кайсы бир зарыл эмес деп эсептеген нерселерден каражатты үнөмдөгүсү келет дегендей. Эмнеси болсо дагы алардын үнүн угуп койгула. Кантсе дагы үлпөт той алардыкы го. Бул күн жубайлардын эсинде өмүр бою калат.
Эмгек бир топ чет элдиктерди таң калтырып, "кыргыз кереметинин" атагын дагы далайга жеткирген. Бул ирет Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган кинокартинадагы сейрек ирмемдерди сунуштайт.
Төлөмүш Океев "Кожожаш" эпосунун негизинде тартыла турчу фильмдин сценарийин драматург Мар Байжиев менен жазып, СССРдин кинематография боюнча комитетине үч жолу кайра-кайра жиберип жатып макулдук алган. Ошол кезде аялы Жумаш Өмүрова да сыркоолоп, онкологиялык клиникада текшерилип жүргөн.
Кинокартинада айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылып, аны менен эриш-аркак жашабаса кесепети аянычтуу болуп, Кожожаштай уулунан ажырап, Сур эчкинин каргышынан улам асканын башында жалгыз калгандай тагдырга ар бир адам туш келиши мүмкүн экендиги баяндалган.
"Ак илбирстин тукуму" 35тей мамлекеттин көрүүчүлөрүнө сунушталып, Берлиндеги эң абройлуу кинофестивалдардын биринде "Күмүш аюу", Дамаск шаарында "Күмүш кылыч" сыйлыгына, Минск шаарындагы Бүткүл союздук фестивалда башкы байгеге татыган.
Тасма Хан-Теңири чокусунда, Кегети ашуусунда, Ала-Арча капчыгайында, Ат-Башынын жайлоолорунда жана бөкөндөргө аңчылык кылган учур Казакстандын Моюн-Кум талаасында тартылган. Ага 200дөн ашык адам катышып, Ашыр Чокубаев, Досхан Жолжаксынов, Гүлнара Абдыкадырова, Калыйча Акматова, Айбек Кыдыралиев, Акыл Куланбаев, Светлана Чебодаева-Чаптыкова, Сакыбек Карабаев, Али Мухаммед, Раимбай Сеитов, Димаш Ахимов, Алексей Араштаев, Гүлсара Ажыбекова, Чоро Думанаев, Орозбек Кутманалиев, Асанбек Кыдырназаров өңдүү кыргыз, хакас, тажик, өзбек жана казак актёрлору образ жараткан. Айрым эпизоддорду тартууга каскадёрлор, СССРдин борборунан альпинисттер да чакыртылган. Ал эми киночулар тасмада колдонулган ак илбирс, Сур эчки кийин зоопаркка өткөрүп берилген.
Башкы ролдогу Догдурбек Кыдыралиев (Кожожаш) менен Ашыр Чокубаев (Касен)
Кожожаштын келинчеги Зулайканын образында Гүлнара Кадыралиева
Жаш актёр Марат Жантелиев капканга түшүп калган ак илбирс менен алышып жаткан учуру, 1984-жылы Чүй облусунда тартылган
Көзүнөн жашы төгүлүп ыйлаган Зулайканы көтөрүп баскан Кожожаш
КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев менен Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова
Мундузбай ак дасторкон үстүндө аксакалдар менен
Башкы каарман Кожожаштын образын жараткан актёр Догдурбек Кыдыралиев
Эр жүрөк Кожожашты сүйүп калган Айкенин образында Гүлнара Чокубаева
Капканга түшкөн ак илбирс, аны бошотууга камынган Кожожаш жана киночулар
Ээн талаада өлүп жаткан бөкөндөр менен кошо ок жеген Карагул
Кинофильмди тартууга кыргыз, хакас, тажик, өзбек жана казак актёрлору да катышкан
"Ак илбирстин тукуму" тасмасын тартуу маалында киночулар бийик тоолуу аймакта, оор шартта иштеген
Ак илбирсти жаратууга катышкан чыгармачыл топ, ортодо режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Нуртай Борбиев
— Айзуура, жумушка чыкканыңызга бир топ убакыт болду окшойт. Балдарды кароого кантип жетишип жатасыз?
Айзуура Иманалиева: — Жолдошумдун колдоосу менен жумушка балам кичинекей кезинде эле чыгып алгам. Анын үстүнө Мирзат экөөбүздүн графигибиз бири-бирине тоскоолдук жаратпайт. Таңкы эфирди алып баргандыктан жумушка саат төрттө кетем. Ага чейин үйдөн балага сүт, суусун даярдап коем. Эфир бүтөрү менен үйгө чуркаган бойдон келем. Себеби Мирзаттын түз эфири саат 12де башталат, ага жетишип калышым керек.
— Кичинекейиңер канчада?
А.И.: — Бир жаш бир ай болуп калды. Улуу балабыз Мырза үч жаштан ашты.
— Мирзат, бардык эле эркектер балдары кичинекей болсо аялдарын жумушка чыгара бербейт эмеспи. Сиз каршылык көрсөткөн жоксузбу?
Мирзат Муканов: — Айзуура жумушка чыгам дей электе эле мен "ишке чыгып алаксы" дегем. Анткени менин түшүнүгүм боюнча, аял күйөөсүнө экөө бир толкунда болгондо гана кызыктуу болот. Мисалы, мен кандай китеп окусам Айзууранын да ошондой китеп окушун, кандай тасма көрсөм, анын дагы ошол фильмди көрүшүн каалайм. Айтор, аялы менен күйөөсүнүн талкуулаган темасы экөөнө тең кызыктуу болгон учурда гана жубайлар ортосундагы жашоо кызыктуу болот деп ойлойм.
Аял киши үйдө отурганда өзүн карабай, жемелеп, арыздана берет эмеспи. Алардын энергиясы ашып-ташып турат деген нерсеге кошулам. Ошол энергиясын жумушка барып таратып келгени деле туура (күлүп).
Анын үстүнө баланын алгачкы окуу жайы эле эне да. Ал канчалык билимдүү болуп, бардык жагынан маалыматы, тажрыйбасы көп болсо, баланы да ошого жараша тарбиялайт.
А.И.: — Билимдүү эне билимдүү баланы тарбиялайт. Менин да принцибим ушундай. Эгерде эне коомдо болуп жаткан нерсени билбесе, түшүнбөсө, аралашпаса, ошол түшүнүгү менен артта калып калат. Анда балага кандай тарбия берет? Аялдын энергиясы ашып-ташып турат деп жатпайбызбы. Ошол нерсени ал билим алууга жумшаганы жакшы деп ойлойм. "Эркектен ашынып чыгып алып иштегиле" деп айтпайм. Анткени бул нерсе кыргыздын менталитетине түк туура келбейт. Болгону аял киши үйдөгү жумушту да, сыртты да айкалыштырып чогуу алып кетсе болот.
— Кандай аял болбосун, үйдө отуруп калганда аны тиричилик деген нерсе өзгөртүп коюшу ыктымал. Мындай учур силердин башыңардан да өттүбү?
А.И.: — Декреттик өргүүдө отурган деле жокмун. Телевидениеден алыстаганга туура келди, бирок үйдө өзүмдү башка нерселер менен алаксытканга аракет кылдым. Бала кезде апам "кыз киши жөн отурбашы керек" деп тарбиялаган.
"Ар кандай кырдаалга кабыласың, ошол учурда жашап кетишиң керек" деп түрдүү курстарга жиберип, жөн отургузчу эмес. Убагында жаман көрчүмүн, көрсө туура кылыптыр. Апам кол өнөрчүлүктү, сайма сайганды үйрөткөн. Кийин кол өнөрчүлүктүн үйдө отуруп калганда кереги тийди. Мени тиричилик деген нерсеге аралаштырбай, алаксытты. Мындан сырткары, эки жылдык магистратурада окуп, аны да бүтүрүп алдым.
Аял киши үйдө отурганда бир жасаган жумушун миң жасайт, тажайт, жини келет. Ошол нерсени балдардан чыгарып алгандан абайлаш керек. Ошондой учурда ал жок дегенде бир саат тынч отуруп чай ичип, жакшы көргөн тасмасын көрсө терс энергия чыгып кетет экен. Андан кийин күч топтоп алып калган жумушуңду жасай бересиң.
— Экөөңөр тең медиа өкүлдөрүсүңөр. Ошол тармактан эле таанышып, табышкансыңарбы?
М.М.: — Алгач Айзуура менен соцтармак аркылуу таанышкам. Ошол жактан бир айга чукул сүйлөшүп жүрүп, андан кийин жолуктук. Биринчи жолукканда Жал кичи районунан Байтик баатыр көчөсүнө чейин жөө басып келгенибиз эсимде.
А.И.: — Мирзат башында мага соцтармак аркылуу жазып жүрдү. Бой жетип калган кызга ашыктык каттарын көп жигиттер жазат эмеспи, ошол себептен башында көп деле этибар алган эмесмин. Мен балдардын жазганына да маани берчүмүн. Мирзат катасы жок жазчу. Ошентип экөөбүз соцтармактан эле сүйлөшүп жүрүп бир айдан кийин жолуктук. Андан кийин "профилин" карасам журналист экен. Жолукканда адептүү, ыймандуу көрүндү. Анан эмне болуп сүйлөшүп кеткенибизди билбей калдым.
— Мирзат, жаңы таанышканда Айзуура Гүлбүбү Ороскулова менен Элмирбек Иманалиевдин кызы экенин билдиңиз беле?
М.М.: — Ачыгын айтсам, Айзуура башында эле жаккан. Экөөбүз эки-үч жолу жолуктук, бирок ата-энеси тууралуу кеп кылчу эмес. Бир күнү ата-энеси менен түшкөн кичинекей кезиндеги сүрөтүн жөнөтүп жибериптир. Анда атам менен апам (кайнене, кайната) жапжаш экен. Айзуура наристе бойдон. Ошол себептен ал кишилерди тааныган деле жокмун. Сүрөттү жиберген учурда жанымда досум бар болчу. Ага Айзуура тууралуу айтып берип жаткам. Ата-энеси менен түшкөн сүрөтүн көрсөтсөм эле досум "бул Элмирбек Иманалиев го" дейт.
Дароо эле Айзуурадан "сен белгилүү адамдардын кызы эмессиңби?" деп сурасам, "баары эле ошентип айта беришет" деди.
Ачыгын айтканда, мен Айзуураны "үйлөнө турчу кыз экен" деп вариант катары карай баштагам да. Анын белгилүү адамдардын кызы экенин билгенде "мен белгилүү адамдардын баласы болбосом, ата-энелер кандай тил табышат, кайра жолукпай эле койсомбу" деген да ой келди. Көрсө, жаңылыпмын. Ата-энелерибиз тез эле тил табышып кетишти. Атам менен кайнатам отуруп алып санжыраны сүйлөшкөндө биз шашпай жумушубузду бүтүрүп келе берчүбүз.
— Айзуура, атактуу адамдын кызы экениңизди эмнеге дароо айткан эмес элеңиз?
А.И.: — Бул эми бала кезден калыптанган мүнөз окшойт. Мектепте окуп жүргөндө бир дагы классташыма ата-энем тууралуу айткан эмесмин. Анан өздөрү эле "сен Элмирбек Иманалиевдин кызы турбайсыңбы" деп билип келип калышчу. Анда да "жок" деп койчумун. Эмнегедир андай нерселерди айткым келчү эмес. Анткени адамдын ошого жараша мүнөзү, мамилеси дароо өзгөрөт. Ата-эне ким болуп иштебесин, алар башка, биз башка. Ата-эненин кызматы, орду адамдар ортосундагы мамилеге таасирин тийгизбеши керек. Ошол себептен болочок жолдошума да ал тууралуу айтууну туура көргөн эмесмин.
— Кайсы бир жерден Мирзат Муканов Элмирбек Иманалиевдин жакшы көргөн диктору деп укканбыз.
А.И.: — Тандаган түгөйүң тууралуу ата-энеңдин ою да маанилүү эмеспи. Мирзатты биринчи мамам менен тааныштыргам.
Атама андан кийин айттым. Негизи эле атама өзүмдүн сезимдерим, мамилем тууралуу айткандан уялчумун. Керек болсо көзүн тике карап сүйлөй алган жокпуз. Бир күнү эле шердене түштүм окшойт, атама Мирзаттын сүрөтүн көрсөтүп "ата, бул жигитти тааныйсызбы?" дедим. Көрсөтсөм эле "бул менин аябай жакшы көргөн алып баруучум да, мен ушул балага барып колунан кысып "азаматсың" деп айтмакмын" деп калды. Анан "эмнеге сурап жатасың?" десе эмне деп айтарымды билбей, "жөн эле тааныш болчубуз" дегеним эсимде. Бирок түшүндү окшойт. Андан кийин Мирзат экөөбүздүн мамилебиз бышыкталгандан кийин атам менен тааныштырдым. Экөө дароо эле тил табышып, жакшы сүйлөшүп кетишкен.
— Мирзат, сиз да Айзуураны алгач ата-энеңизге көрсөтүп анан үйлөндүңүз беле?
М.М.: — Баласын ата-энесинен башка эч ким жакшы билбесе керек. Айрыкча, уулу кандай аял менен жашап кете аларын апасынан башка да эч ким жакшы билбейт. Мен дагы үйлөнөрдүн алдында ата-энеме Айзуураны көрсөтүп, тааныштыргам. Үйгө баргандан кийин "силерге жактыбы?" деп да сурагам (күлүп). Атам "биздин кыз экен" деп дароо эле жактырган.
Негизи эле энең менен келинчегиң жакшы тил табышып кетсе эркектин да жан дүйнөсү тынч болот деп ойлойм.
— Айзуура да жакшы келин деп укканбыз.
М.М.: — Акылдуу келин жолдошунун ата-энеси менен абдан жакшы мамиледе болуп алат экен. Акылдуу күйөө бала деле ошондой. Айзуура менен апам жакын. Өткөндө ата-энем шаарга келип, апам менен келинчегим бир жакка кетип, балдарды атам экөөбүз карап калдык. Анан атам "апаң Айзууранын жанында жүргөндү жакшы көрөт" деп калды. Ага чейин "кайда жүрөт" деп жиним келип жаткан, атамдын айткандарынан кийин ачуум тарап кетти. Менин оюмча, жакшы эле келин болду.
А.И.: — Жаңы келин болуп айылга барганда кеч кирип баратканда эле үйдү сагынып, куса боло берчүмүн. Бирок апамдын (кайненем) колдоосу менен көп кыйынчылыктар билинбей калды.
— Башыңардан бир эмес эки жамандык өтүп, чоң сыноо келди. Мындай учурда жаныңдагы адамдын арка-бел болуп турганы өтө маанилүү эмеспи.
А.И.: — Өмүрлүк жарың керек болсо ата-энеден дагы жакын болуп калат экен. Турмуш курарда ушуга да маани бериш керек. Адам деген жакшы учурду, жакшылыкты баштан оңой эле өткөрүп коет экен. Ал эми жаман нерсе келгенде жаныңдагы жарыңдын, башкалардын сага болгон мамилеси көрүнөт. Ушул жерден Мирзатка ыраазы экенимди дагы бир жолу айтып коеюн. Анткени канчалаган көз жаш, канча деген ый болду. Жамандык жалгыз келбей, ажал ата-энемди удаа алып кетти. Ошол учурда жолдошумдун жанымда колдоо көрсөтүп турганы мага күч-кубат берди десем жаңылышпайм. Айрымдар "кечке эле ыйлай бересиң" деп жемелемектир. Мирзат мага колдоо гана көрсөттү.
Апамдан ажырагандан кийин өзүбүзгө келе албай жүргөн учурда атам өтүп кетти. Ыйладык, кыйналдык, чачыранды болдум. Бирок өзүмдү колго алып кайраттандым. "Мындай жашоо болбойт" деп батыраак өзүмө келгенге аракет кылдым.
Азыр кайра Кудайга шүгүр келтирем. Анткени бардык жакынынан айрылып жападан жалгыз калгандар кездешет. Ага караганда үй-бүлөм, жолдошум, балдарым, жакындарым бар (жашып кетти).
М.М.: — Башыбыздан жамандык өткөн учурда соцтармакта экөөбүздүн дарегибизге укмуштуудай билдирүүлөр жазылды. Аларды окуп оозубуз ачылып калчу. Эркектер го ичинен түтөп, билгизбей көтөрүп жүрө берет экен. Мындай учурда аялдарга эле кыйын.
Бирок жубайым моралдык жактан күчтүү. Жадагалса энеси, атасын жоготуп отурганда "фейктерди" окуп реакциясын сыртына чыгарчу эмес.
— Бир тууганыңар Сезимди турмушка узатканда ата-эне катары эле милдет аткарсаңар керек.
М.М.: — Жакшылыкка чуркаган баары бир жакшы экен. Чарчаганыбызды билбей, кыргыздын каадасын жасап, Сезимди жакшынакай кылып турмуш жолуна узаттык. Анын болочок жолдошун атам деле билчү. Күйөө бала менен сүйлөшсөк дароо эле ала турганын айтып, атамдын кыркылыгы өткөндөн кийин колдон алып кетти.
Ошол маалда коронавирус күчөп турган учур болчу. Бирок аны биз жөнөкөй кылып эле күйөөгө кетирсек Айзуура экөөбүз тең кийин ыңгайсыз болуп калмакпыз. Ошол себептен кафе ээлерин эптеп көндүрүп, жакын адамдарды гана чогултуп чакан той кылдык.
Айзуура экөөбүздүн баш кошконубузга беш жыл болсо да кемпир-чалдай болуп көп нерсени билип калдык. Ал тургай кепинди кандай кылып алыш керек экенин турмуш өзү үйрөттү. Азыр алар, Кудайга шүгүр, жакшы жашап жатышат.
— Казан-аяк кагышкан учурда кантип элдешесиңер?
А.И.: — Мирзат экөөбүз таарынышуу беш мүнөттөн ашпаш керек деп сүйлөшүп алганбыз. Андан ашып баратса Мирзат "беш мүнөттөн ашып кетти" деп келет. Андан ашырып жүрө бергенде эмне? Ошол адамдын кемчилик, артыкчылыктарын толугу менен кабыл алып турмуш кургандан кийин майда-барат нерсеге убакыт коротуп эмне кереги бар? Өмүр ансыз да кыска. Экөөбүз бири-бирибизге жакшы нерселерди айтканга аракет кылабыз.
М.М.:— Бир байкенин "аялың менен уруша кетсең, туура эмес болуп жатса да "кечирип кой" деп айтып кое бер" дегени эсиме түшүп кетти. Менден кетсе кечирим сурайм. Айзуура мурда сурачу эмес, азыр үйрөндү.
А.И.: — Ошол "кечирип койчу" деген сөздүн артында көп нерсе турат экен да. Ал сөздү айтып койгондон эч нерсе болбойт.
М.М.: — Жубайлардын ортосунда принцип деген нерсени сындырыш керек экен. Мен Айзуурага үйлөнөрдө кайненем "экөөң уруша кетсең кандай гана учур болбосун, мен сага болушам" деп айтканы эсимде калыптыр. Көрсө, анын мааниси да терең экен.
А.И.: — Жаңы үйлөнгөн учурда Мирзат экөөбүз бири-бирибизге көнүшө албай урушуп-талаша кетчүбүз. Ошол учурда апама деле айткым келчү эмес, айтсам анын эле жүрөгү ооруйт да. Урушуп-талашкан учурда бир-эки саат сабыр кылып койсо баары өтүп кетет.
— Негизи жубайлар ортосунда эмне маанилүү деп ойлойсуздар? Көз карашыңарды билгим келип жатат.
М.М.: — Экөө бири-бирин моралдык жактан колдоп турганы эле жетет го деп ойлойм. Айрым учурда адам өзү менен өзү болгусу келет. Ошол учурда тийишпегенге аракет кылам. Ар бир адамдын жеке чөйрөсү бар. Жубайлар дагы бири-бириникине кирбеши шарт.
А.И.: — Жогоруда Мирзат "жубайлар бир толкунда болушу керек" деп айтпадыбы. Аялы менен күйөөсүнүн ою, максаты, түшүнүгү бир болуп турса, турмуш да жеңил болот го деген ойдомун. Эгер экөөнүн каалоосу эки башка болуп туруп алса, кыйынчылык жаралып калат болуш керек. Анан ортодо сый өчпөш керек. Кандай болгон күндө дагы жубайлар бири-бирин колдоп, анан сыйлаганы жакшы. Сүйүү деген түбөлүк жашайт экен. Болгону биз аны тиричилик менен өчүрүп алат окшойбуз.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Бишкекке жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Күн тартибиндеги эң негизги маселе КР президенти Садыр Жапаровдун Ташкентте жакынкы арада боло турган иш сапарын уюштуруу болмокчу.
Ошондой эле тараптар кыргыз-өзбек көп кырдуу стратегиялык өнөктөштүктүн учурдагы абалын жана келечегин талкуулашат. Аны менен катар регионалдык жана эл аралык уюмдардын алкагында мындан ары өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашышат.