Сүрөтчүнүн эстелиги. Архивдик сүрөт

Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектери түркиялык басылмаларга чыкты

155
(жаңыланган 11:09 30.09.2019)
Жылкычы Жакыпов жана Талант Огобаевдин эмгектери Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратында көргөзмөгө коюлду. Бул саамалык жөнүндө Нaberler маалымат агенттиги түрк тилдүү окурмандарына жаңылык таратты.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргыз сүрөтчүлөрү Жылкычы Жакыпов менен Талант Огобаевдин эмгектери түрк тилдүү окурмандар үчүн жаңылык иретинде тартууланды. Бишкектеги Түркиянын элчилигинин имаратында өткөн чакан сүрөт көргөзмөсү боюнча Нaberler маалымат агенттигинин журналисттери видео-репортаж даярдап, окурмандарына кабарлады.

Саамалыкка Түркиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарымдуу элчиси Женгиз Камил Фырат, жубайы Василика Фырат, ошондой эле академиктер, бейөкмөт уюмдардын жетекчилери, белгилүү ырчылар, искусство ишмерлери катышканын Нaberler маалымат агенттиги билдирет.

Иш-чаранын ачылышында элчи Женгиз Камил Фырат маданий чыгармачылык ишмердүүлүк кыргыз-түрк мамилесин бекемдөөдөгү маанилүү курал экенин белгилегени маалыматта айтылат.

Ал эми белгилүү сүрөтчү Талант Огобаев бул көргөзмөнү түрк элчилигинде өткөрүү демилгеси жөн жерден көтөрүлбөгөнүн билдирген.

"Менин билишимче, Элчи Женгиз Кемал Фырат мырза искусствого, маданиятка өзгөчө көңүл бургандыктан иш-чара бул жакта өтүп жатат", — деп Огобаев Нaberler маалымат агенттигине интервью берген.

Көргөзмөдө эки сүрөтчүнүн 12 эмгеги искусство сүйүүчүлөрүнүн сынына коюлган. Алардын ичинде май менен тартылган, таш бетине түшүрүлгөн жана оюп жасалган сүрөттөр бар.

155
Белгилер:
жаңылыктар, көргөзмө, сүрөтчү, Кыргызстан, Түркия
Тема боюнча
Бах, чиркин! Италиялык сүрөтчү Кыргызстандын ажайып кооздугун видеого тарткан
Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино актеру, белгилүү куудул Күмөндөр Абылов

Абылов: кыргыз күлкүсүнүн 45 түрү бар

69
(жаңыланган 12:39 24.06.2021)
Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино актеру, белгилүү куудул Күмөндөр Абылов кыргызда күлкүнүн 45 түрү бар экенин айтты.

Кыргызды күлдүрүш кыйын дешет. Чынында ушундай, анткени биздин эл ишенген нерсесине гана күлөт. Бирок бул кыргызда күлкү жанры өнүкпөй калган дегенди түшүндүрбөйт. Мындай пикирин Күмөндөр Абылов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Абылов: кыргыз күлкүсүнүн 45 түрү бар

Анын айтымында, аталган жанрды өнүктүрүү иштери колго алынбай жатат.

"Кыргыз элинде күлкү жанры абдан өнүккөн. Мунун далили катары аталган жанрдын 45 түрү бар экенин айтсак болот. Күлкү, күйдүргү, жанытма, кыйытма, апыртма, такмаза, кер какшык, какшык, каяша жана башка, мунун бардыгы ушул жанрга кирет. Керек болсо күлкүнү кыргыздын комузу, манасчылык, төкмөлүк өнөрү сыяктуу деңгээлде алып карасак болот. Ал үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок азыр жакшы көңүл бурулбай жатат. Сатира жазгандар жок, болсо да бекер бергиси келбей кийинки муун үзүрүн көрөр деп үйүнө катып койгон. Ал эми куудулдарыбыздын көпчүлүгү театралдык билими, сахна маданияты жок эле эл алдына чыгып алып, чампалап номерлерди коюшууда. Пикеттин деңгээлинен жогору, көрүүчүгө руханий байлык тартуулай турган сатиралар жаралбай калды. Андыктан күлкү жанрына илимий, мамлекеттик деңгээлде карап, иштер жасалуусу керек. Ар бир түрүн иликтеген илимий иштер жазылса, өнүктүрүү коому түзүлүп, куудулдардын билими жогорулатылса кандай жакшы болор эле. Элге мамлекеттик идеологиянын негизинде талаптар коюлуп, дасыккан режиссерлер менен ийине жеткире иштелип чыккан гана номерлер тартууланышы керек", — деди Абылов.

Ал сатирик жазуучулар менен куудулдардын башын бириктирип иш алып баруу маселесин тез арада ишке ашыруу зарылдыгы турганын кошумчалады.

69
Белгилер:
сатира, көйгөй, күлкү, Күмөндөр Абылов
Тема боюнча
Ниязов: Асанкул Шаршеновдун 16 улуттун өкүлүн жалгыз ойногон спектакли бар
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев

Чокиев: убакыттын өтүшү менен залкарлардын заманы кайтып келет

25
(жаңыланган 12:17 24.06.2021)
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев классикалык музыкага болгон муктаждык убактылуу эместигин белгиледи.

Шоу-бизнес күнүмдүк, негизги максаты — элдин көңүлүн тартып каражат чогултуу. Ал эми классикалык музыкалар түбөлүктүү. Мындай пикирин Турдубек Чокиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Чокиев: убакыттын өтүшү менен залкарлардын заманы кайтып келет

Анын айтымында, убакыт өткөн сайын классикалык музыканы угууга зарылчылык жаралышы ыктымал.

"Классика деген сөздүн өзү түбөлүктүү деген маанини берет. Жөнөкөй эле мисал келтирейин. Классикалык костюм-шым, галстук эбактан бери актуалдуулугун жоготпой келе жатат. Музыка дагы ошондой эле. Мода кубалагандар бүгүн жылтырак, эртең ич кийимчен чыгып калышы мүмкүн. Бирок ал утурумдук, жаңы мода менен кайра өзгөрүүлөр болот. Шоу-бизнес деле ошол сыяктуу, түбөлүктүү эмес. Ошондон улам анын негизги максаты — элдин көңүлүн буруп каражат табуу. Ал эми классикалык музыка түбөлүктүү. Белгилей кетчү жагдай, заман ушундай болот экен, залкарлар топ-тобу менен келип, кетишет. Мисалы, Калый Молдобасанов, Чыңгыз Айтматов сыяктуу залкарлар замандаш болушкан. Андан кийин ортодо кандайдыр бир боштук пайда болуп, классикалык чыгармалар экинчи планга түшүп калды. Кийин убакыттын өтүшү менен карлыгачтай болуп залкарлардын заманы кайтып келет. Ошол учурда классикалык чыгармаларды угууга зарылчылык жаралып, ошол нерсе модага айланып калышы ыктымал", — деди Чокиев.

Композитор учурда маалыматтын көптүгүнөн кыска, кичирээк чыгармаларга муктаждык күч болуп калганын белгилеп, ошого ыңгайлашуу зарылдыгын кошумчалады.

25
Белгилер:
мода, шоу-бизнес, музыка, Турдубек Чокиев
Тема боюнча
Интернет жылдызы Атамбаев: мурда ырдап көргөн эмесмин, үнүм кийин ачылды
Сборка автобусов и электробусов в Камском автомобильном заводе (КамАЗ)

Министрлик: КамАЗ Кыргызстанда автобус чогултуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат

0
(жаңыланган 18:36 24.06.2021)
Үч тараптуу келишимге россиялык ишкананын жетекчиси, кыргызстандык компания, энергетика жана өнөр жай министри кол койду.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Камский автомобиль заводу (КамАЗ) газ менен жүргөн автобус жана электробустарды Кыргызстанда чогултуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп көрөт. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Министр Доскул Бекмурзаев башында турган делегация россиялык компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышкан. Мындай мүмкүнчүлүктү карап көрүү боюнча келишимге министр Бекмурзаев, "Шыдыр Жол Кей Джи" ЖЧКнын башкы директору Токтобүбү Оргалчы жана КамАЗдын башкы директору Сергей Когогин кол койгон.

  • Сборка автобусов и электробусов в Камском автомобильном заводе (КамАЗ)
    Камский автомобиль заводу (КамАЗ) газ менен жүргөн автобус жана электробустарды Кыргызстанда чогултуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп көрөт.
    © Фото / пресс-служба Минэнергопром
  • Делегация во главе с министром энергетики и промышленности Кыргызской Республики Доскулом Бекмурзаевым ознакомилась с деятельностью российской компании «КамАЗ»
    Министр Доскул Бекмурзаев башында турган делегация россиялык компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышкан.
    © Фото / пресс-служба Минэнергопром
  • Сборка автобусов и электробусов в Камском автомобильном заводе (КамАЗ)
    Мындай мүмкүнчүлүктү карап көрүү боюнча келишимге министр Бекмурзаев, "Шыдыр Жол Кей Джи" ЖЧКнын башкы директору Токтобүбү Оргалчы жана КамАЗдын башкы директору Сергей Когогин кол койгон.
    © Фото / пресс-служба Минэнергопром
  • Автобусы и электробусы в Камском автомобильном заводе (КамАЗ)
    Кийин тараптар келишип калса автобустарды чогултуу боюнча келишимге кол коюлат.
    © Фото / пресс-служба Минэнергопром
1 / 4
© Фото / пресс-служба Минэнергопром
Камский автомобиль заводу (КамАЗ) газ менен жүргөн автобус жана электробустарды Кыргызстанда чогултуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп көрөт.
"Келишимге ылайык тараптар Кыргызстандын аймагында эл ташый турган газ менен жүргөн автобус жана электробустарды чыгаруу боюнча изилдөөлөрдү биргеликте жүргүзүшөт", — дешти министрликтен.

Кийин тараптар келишип калса автобустарды чогултуу боюнча келишимге кол коюлат.

0
Белгилер:
келишим, Кыргызстан, автобус, "КамАЗ"
Тема боюнча
Бишкекке жаңы алып келинген автобустар кайсы жактарга каттайт? Маршрут