Кой фермадан башталган улуу жол. Улукмырза Полотов тууралуу 7 факты

© Фото / из семейного архива ПолотовыхНародный артис КР Улукмырза Полотов
Народный артис КР Улукмырза Полотов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР эл артисти Улукмырза Полотовду чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү "улуу устат" деп коюшат. Ал таптаган таланттар азыркы кыргыз сахнасынын алптары. Шакирттеринин алды Европанын сахналарын багындырып жүрөт.

Маданиятка ат көтөргүс, нар көтөргүс эмгек сиңирген Улукмырза Полотов бүгүн 76 жашка чыкты. Ырчынын кутман курагына карата Sputnik Кыргызстан агенттиги ал тууралуу кызыктуу фактыларды топтоду.

Мугалимдердин уулу. Улукмырза Полотов 1943-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Улук деген айылында туулган. Ал төрөлөөрдө атасы согушка кетип, атын "айылдын керегине жараган мырза болсун" деп таятасы койгон экен. Согуш бүтүп, атасы апааттан аман-эсен кайтат. Согушка чейин мугалим болуп иштеген атасы кийин колхозго кызмат өтөйт. Апасы да айылда мугалим болуп иштеп, башталгыч класстарга сабак берген. 

© Фото / из семейного архива ПолотовыхУлукмырза Полотов 1943-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Улук деген айылында туулган.
Кой фермадан башталган улуу жол. Улукмырза Полотов тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Улукмырза Полотов 1943-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Улук деген айылында туулган.

Сот же прокурор болмок. Улукмырза Полотов үч бир тууган. Агасы айыл чарба тармагы боюнча билим алса, карындашы тарых факультетин бүтүргөн. Өзүнүн айтымында, атасы аны "сот же прокурор бол" деп юридикалык факультетке тапшырууга үндөйт. Ал үчүн Полотов колхоздо эки жыл иштеп, тажрыйба топтошу керек эле. Тилекке каршы, ал атасынын өтүнүчүн аткара албай калат. Мектепти бүткөндөн кийин айылдык китепканада үч-төрт ай иштеп, андан соң кой фермасында эсепчи болуп эмгектенген. Ал жакта Полотов козулардын кулагына бирка такчу. Ошентип жүрүп армияга кетет. Ал жактан кайткан соң классташтарынын "жакшы ырдайсың, музыкалык окуу жайга барып көр" деген сунушу менен Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып көрүүнү чечет.

Композитор, дирижер, кыргыз классикалык музыкасынын тарыхындагы корифейлердин бири Калый Молдобасановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
12 жашынан филармонияда иштеп... Калый Молдобасанов жөнүндө 7 факты
"Окуу жайга барсам жетекчиси ырдатып көрдү да, "сиз кечигип калдыңыз, кийинки жылы аракет кылып көрүңүз" деп кетирип жиберди. Кайра ойлонгон окшойт, сыртка чыгып баратсам артыман катчы кыз чуркап келип, "дагы угуп көрөбүз деп жатышат" деп кайра чакырды. Төрт-беш адис атайын бир класска алып кирип ырдатып, анан кабыл алышкан", — деп эскерди Полотов.

Күрөңкеевди бүтүргөн соң 1973-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктаган.

Операда иштебей калган себеби. Улукмырза Полотов опера ырчысы, бирок окуусун аяктагандан кийин орун жоктугуна байланыштуу опера театрына жумушка орношо албай калат. Ош шаарына камынып жаткан ырчыны ошол мезгилдеги маданият министри Күлүйпа Кондучалова "Сени 10 жыл окуттук, эми бизге ырдап бер. Опера театрында орун жок экен, азырынча Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде иштеп тур, кийин опера театрына которобуз", - деп алып калган. Улукмырза Полотов консерваториянын 2-курсунда окуп жүргөндө эле башка кафедранын балдарына сабак бере баштаган. 

Малчынын үйүнөн тарта Кытайга чейин кыдырган. Улукмырза Полотов кезинде Эстебес Турсуналиев, Ашыралы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Замирбек Үсөнбаев, Самара Токтакунова сыяктуу залкарлар менен алыскы Аксай, Арпа кыштоолоруна чейин кыдырып өнөрүн тартуулаган. Өзү опера ырчысы болсо да Муса Баетов, Атай Огомбаевдин чыгармаларын комуздун коштоосунда жеткире ырдачу. Мындан сырткары, кыргыз искусствосун таанытуу максатында Полотов эл артисти, дирижёр Эсенгул Жумабаевдин жетекчилигинде "Камбаркан" улуттук ансамбль менен Румыния, Пакистан, Алжир, Камбоджа, Корея, Кытай, Индия, Түштүк Африка Республикасы, Японияга чейин гастролдоп барган. 

© Фото / из семейного архива ПолотовыхУлукмырза Полотов опера ырчысы. Бирок окуусун аяктагандан кийин орун жоктугунан опера театрына жумушка орношо албай калган.
Кой фермадан башталган улуу жол. Улукмырза Полотов тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Улукмырза Полотов опера ырчысы. Бирок окуусун аяктагандан кийин орун жоктугунан опера театрына жумушка орношо албай калган.

Улуу устат. Полотов жогорку музыкалык окуу жайлары үчүн элдик ырдоо программасын жана методикасын иштеп чыккан. Кыргыз сахнасындагы ырчылардын 80-90 пайызы Полотовдун шакирттери. Анын кандай устат экенин окуучуларынын бири, КР эмгек сиңирген артисти Токтобек Асаналиев төмөнкүчө айтып берди:

Церемония вручения государственных наград в Государственной резиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Актриса болом деп Москвадагы окуусун таштап... Жамал Сейдакматова тууралуу 8 факты
"Агайдын иштөө тартиби такыр башкача. Шакирттерди тарбиялоо боюнча бул кишинин нар көтөргүс салмагы бар. Ар бир эле ырчынын жаратылыш берген тубаса үнү болот. Полотов ошол үндү бузбай, ачып, 100 ырчы болсо аларды бири-бирине такыр окшоштурбай тарбиялап чыкканга парасаты жетет. Ар бир ырчыны туя, сезе билет. Ар бир ырчыга анын үнү, ырдоо ыкмасына жараша ырларды тандап берет. Бул кишинин иштөө методу башкача, кайталангыс мектеби бар. Айрым ырчылар опера багытын бүтсө шакиртин да ошого окшоштуруп тарбиялап салат. Ал эми Полотов классика багытында билим алса дагы элдик ыкманы укмуш билет. Бул ыкманы изилдеп, Атай Огомбаев, Муса Баетовдун ырларынын өзгөчөлүгүн өздөштүргөн. Агай бизге ата-эне айтпаган акыл-наасатын көп айтып, жол көрсөтүп, атадай мээрим төгүп тарбиялады", — деди Асаналиев.

Улукмырза Полотовдун сыймыктанган шакирттеринин бири опера ырчысы Жеңишбек Ысманов. Ырчы 2008-жылы Италияда өткөн дүйнөлүк сынакта 327 ырчынын арасынан 17-орунду ээлеп, ал жактан эки жылдык стажировкадан өткөндөн кийин ошол өлкөдө калып калган. Учурда Италияда дүйнөлүк ырчылар менен чогуу иштейт. Улукмырза Полотов азыркы учурга чейин Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторияда сабак берет.

Белгилүү партиялык, коомдук ишмер Апас Жумагулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жүк ташып, көмүр түшүрүп... Мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов жөнүндө 6 факты
Үй-бүлөсү. Улукмырза Полотовдун жубайы Азымкан Мырзаканова Онкология борборунда анестезиолог, КР эмгек сиңирген дарыгери. Азыркы тапта дагы ооруканада иштейт. Улуу баласы Нурмат Полотов Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында башкы дирижёр. Кызы Мадина дарыгер-эндокринолог. Үчүнчү баласы Азамат Полотов Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин англис тили факультетин бүтүргөн. Учурда чакан ишкерлик менен алектенет.

Наамдары. КР эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын профессору, "Манас" орденин ээси.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0