БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн эң мыкты фотографтары Ош тууралуу сүрөт көргөзмө даярдашат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 4-октябрда, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров түрк эл жазуучусу Ашик Вейселдин 125 жылдыгына жана "Ош түрк дүйнөсүнүн фотографтарынын көзү менен" аттуу иш-чарага келген сүрөтчү жана артисттер менен жолукту.
"Вице-мэр конокторго чыгармачылык ийгилик каалады. Ал ошондой эле тажрыйбалуу фотографтар Ош шаарынын маданиятын, жаратылышын, салт-санаасын мыкты чагылдырарына ишеним артты", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, көргөзмө түрк элдеринин ортосуна көпүрө түзүү, тарых, маданият, искусство, салт-санааны урпактарга өткөрүп берүү максатын көздөйт.
Иш-чара ТҮРКСОЙ уюмунун колдоосу менен "Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору-2019" эл аралык программасынын алкагында өтүүдө.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. 20 жаштагы модель Саадат Асылбекова Кыргызстандын атынан Таиландда өтө турчу Supermodel International — 2021 эл аралык сулуулук сынагына катышат. Бул тууралуу бьюти компаниянын Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгү билдирди.
"Кыргызстан сулуусу" улуттук сынагы дирекциясы Supermodel International эл аралык сынагынын расмий өкүлү. Салтка айлангандай эле эл аралык конкурска "Кыргызстан сулуусу" аталган бийкеч катышат. Бирок дирекциянын чечими менен улуттук сынак быйылкыга жылдырылган. Ал арада дирекция эл аралык жарышка катышууга кастинг өткөрүп, натыйжада Саадат Асылбекова жеңип чыкты.
Саадат — кесипкөй модель, боюнун узундугу 179 сантиметр. Борбор калаадагы моделдик агенттиктердин биринде иштейт. Ал алгачкы жолу 2016-жылы "Кыргызстан бикини сулуусу" сынагына катышып, жеңип алган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ал эми эл аралык сынактарда өзүн биринчи ирет сынап жатат.
Өткөн жылы аталган сынакка өлкө атынан Сайкал Токтогулова катышкан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Supermodel Internatiоnal — он жылдан бери өтүп келген моделдер арасындагы кесипкөй сулуулук сынагы. Ага дүйнөнүн 50гө чукул өлкөсүнөн катышат.
Белгилей кетсек, ушундай эле сынакты Рыскүл Намазбекова дагы өткөрүп келет. Декабрда "Мисс Кыргызстан — 2020" финалы болуп, 20 жаштагы Лаззат Нуркожоева баш байгени алган.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бангладеште өткөрүлгөн Дакка XIX эл аралык кинофестивалында (Dhaka lnternational Film Festival (DlFF) "Акыркы көч" киносу "Эң мыкты тасма" деп аталды. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Аталган фестиваль 16-24-январь күндөрү өтүп, анда 73 мамлекеттен 226 кино көрсөтүлгөнү айтылат.
Фильмде Марат Алышпаев, Шайыр Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов сыяктуу көрүнүктүү актёрлор роль жараткан.
"Акыркы көч" кинокартинасы 2020-жылы Таллинде өткөн "Темные ночи" кинофестивалына да катышып, тасманын дүйнөлүк премьерасы Эстонияда болгон.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.