"Жөө күлүктүн" Кореядагы ийгилиги. Фильм эл аралык сыйлыкка ээ болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРежиссер полнометражного игрового фильма "Сутак" Мирлан Абдыкалыков
Режиссер полнометражного игрового фильма Сутак Мирлан Абдыкалыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ФИПРЕССИге кезегинде белгилүү режиссерлор Эмир Кустурица, Андрей Тарковский, Френсис Форд Коппола, Роман Полански, Микеланжело Антониони жана Вим Вендерс татыган.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстандын режиссеру Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" фильми Пусандагы (Түштүк Корея) эл аралык кинофестивалда кино сынчылардын сыйлыгына — ФИПРЕССИге ээ болду. Бул туурасында картинанын продюсери Алтынай Койчуманова билдирди.

ФИПРЕССИ – кино сынчылар менен кино изилдөөчүлөрдүн башын бириктирип, дүйнөлүк киноискусствону өнүктүрүүгө салым кошкон, бул жаатта жазгандардын кызыкчылыгын коргогон эл аралык уюм. Бул автордук кинолордун ичиндеги эң жогорку сыйлыктардын бири.

Кинопремия Оскар - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык режиссёрдун тасмасы "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлдү
Аталган сыйлыкка кезегинде белгилүү режиссерлор Эмир Кустурица, Андрей Тарковский, Френсис Форд Коппола, Роман Полански, Микеланжело Антониони жана Вим Вендерс татыган.

Пусандагы кинофестивалдын алкагында ФИПРЕССИнин калыстар тобунун мүчөлөрү Премчанд Поттангади (Индия), Илейн Герини (Бразилия) жана Сео Кок-Сук (Түштүк Корея) сыйлык режиссерго "баланын көз карашы менен көйгөйдү чеберчиликте бергени" үчүн тапшырылды дешти.

Абдыкалыков эми "Жөө күлүктү" Германияда өтө турган Schlingel деп аталган балдардын жана өспүрүмдөрдүн эл аралык кинофестивалына алып бармакчы.

Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда "Жөө күлүк" фильминин дүйнөлүк премьерасы болгон.

Режиссер "Жөө күлүктө" үй-бүлөнү сактоого жан үрөгөн өспүрүм Жекшендин баяны аркылуу ата-энесиз калып, тагдырдын оор сыноосуна кабылган жаш балдардын көйгөйүн көтөрөт.

Председатель Союза кинематографистов Кыргызстана Таалайбек Кулмендеев  - Sputnik Кыргызстан
Радио
Кулмендеев: Чокморовдун мааракеси мыкты деңгээлде өтүшү керек эле
Кадимки айыл турмушунда Жекшен оор сыноолорду башынан кечирип, чоңдордун маселесин өзү чечүүгө мажбур болот. Ошол эле учурда балалык сезимдерден да кур калбайт. Табиятынан күлүк бала мектептеги жарыштарга, тушоо тойлорго катышып атаандаштарын артта калтырат. Кинокартинада адамдык мамиле, достук, ынактык жана сүйүү темасы чагылдырылат.

Тасманын сценарийин Мирлан Абдыкалыков жана Эрнест Абдыжапаров жазган, коюучу оператору Талант Акынбеков, сүрөтчүсү Адис Сейталиев, продюсерлери Алтынай Койчуманова, Айбек Жангазиев.

Ал эми фильмде Темирлан Асанкадыров, Руслан Орозакунов, Мээрим Атантаева, Илимбек Калмуратов, Улан Өмүралиев, Айнура Качкынбек кызы жана Жеңиш Кангелдиев ойногон.

Жаңылыктар түрмөгү
0