"Эсимде". Бишкекте Чокморовдун эл көрө элек сүрөттөрү көргөзмөгө коюлат

© Фото / Александр ФедоровАктёр жана таланттуу сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов. Архив
Актёр жана таланттуу сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүрөт өнөрүн сүйүүчүлөр Чокморовдун көргөзмөгө биринчи жолу коюлуп жаткан 80-жылдардын аягында тарткан акварелдик натюрморттору, ооруп жүргөндө жараткан эмгектери менен тааныша алат.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Борбор калаада атактуу актёр жана таланттуу сүрөтчү, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына жана анын жубайы Салима Шабазованын элесине арналган "Эсимде" деп аталган көргөзмө ачылды. Бул тууралуу Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейинен кабарлашты.

Бул көргөзмөдөн Чокморовдун чыгармачылыгынын сүрөтчүлүк чыйырынан тарта актёрлук чеберчилигин чагылдырган ирмемдер менен таанышууга болот.

Анын тарткан тунгуч эмгектери — "Апа", "Менин уулум", "Саякбай Каралаевдин портрети" сыяктуу картиналары музейдин алтын фондусуна кирген.

Мындан сырткары, сүрөт өнөрүн сүйүүчүлөр Чокморовдун көргөзмөгө биринчи жолу коюлуп жаткан 80-жылдардын аягында тарткан акварелдик натюрморттору, ооруп жүргөндө жараткан эмгектери менен тааныша алат.

Иш-чараны уюштурууга сүрөтчүнүн үй-бүлөсү менен жакшы катышта болгон Елена Воронина көмөк көрсөткөн.

"Биздин ата-энелерибиз достук мамиледе болгондуктан анын уулу Бактыгул Чокморов менен балалыгым бирге өттү. Төрт жыл мурда көргөзмөнү уюштуруу боюнча кайрылганда жан дилим менен макул болдум. Таланттуу сүрөтчүнүн жөнөкөй кагаздарга тартылган сүрөттөрүн уулу кокусунан үйүнөн таап алган. Бул натюрмортторду Чокморов Москвада ооруканада дарыланып жатканда тартыптыр. Жакындары тамак-аш ороп келген кагаздарды ыргытпастан, чогулта берчү экен. Анан жубайынан боёк жана кыл калем алдырып, бош убактысында ушул сүрөттөрдү тартыптыр", — деп айткан Воронина.

Дилором Камбарова и Суйменкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан
Сүрөттө калган элестер. Сүймөнкул Чокморовдун элесине сүртүмдөр
Көргөзмөнүн ачылышына Чокморовдордун үй-бүлөсү менен тыгыз байланышта болгон депутаттар, саясий жана маданият тармактын ишмерлери келди. Алардын арасында Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Мар Байжиев, Бексултан Жакиев, Константин Шкурпела, Абдрай Осмонов болду.

Бул ирет экспозициянын көбүн Г. Айтиев атындагы музейдин фондусунан, үй-бүлөлүк архивден жана жеке тараптын колунан алынган эмгектер түзмөкчү. Бардыгы болуп ал жерге 80ден ашуун сүрөттөр коюлат.

Чокморовдордун өзүнөн сырткары Кыргызстандагы таланттуу фотографтар - Сагын Айылчиевдин, Эркин Болжуровдун жана Александр Федоровдун жеке архиви пайдаланылды.
Көргөзмө 10-ноябрга чейин уланмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0