Теппей ачып үйрөнгөн оң эшикти! Кожогелди Култегиндин саптары

CC0 / Pixabay / Блокнот жана калем. Архив
Блокнот жана калем. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет акын Кожогелди Култегиндин нускалуу кептерин сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Кожогелди Култегин 1960-жылы 18-февралда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Алай-Куу өрөөнүнүн Көгарт кыштагында туулган. Эмгек жолун 1977-жылы Оштогу пахтадан кездеме токуу комбинатында (азыркы "Текстилчи" МАК) жумушчу болуп иштөө менен баштаган. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. Москвадагы Максим Горький атындагы Адабият институтунун эки жылдык жогорку адабий курсун бүтүргөн.

"Кыргызстан", "Адабият" басмаларында редактор, Кыргызстан жазуучулар союзунда жаштар секциясынын башчысы, өкмөт аппаратында референт, "Эркин Тоо" гезитинде башкы редактордун биринчи орун басары болуп эмгектенген.

Кожогелди Култегиндин алгачкы чыгармалары 1976-жылдан баштап "Кыргызстан пионери" гезитине жарыяланат. 1995-жылы "Дарбаза жолго ачылат" аттуу ыр жыйнагы үчүн Алыкул Осмонов атындагы сыйлык, 2002-жылы "Бал ууртам" китеби үчүн Ош облустук мамлекеттик акимчилиги уюштурган Жолон Мамытов атындагы сыйлык ыйгарылган. "Түндүктү ким көтөрөт?" аттуу драмасы Ош кыргыз драма театрында коюлган.

Кожогелди Култегиндин кеп казынасы:

Ана шайлоо! Чоң казаттай күтүрөп,
Армиялар ар тараптан күч үрөп,
Армиялар жалаң арак… арактан
Ага адамдар багынууда бүтүн ооп.

Талапкерлер жата албай да ката албай,
Таттуу, ачуу окторду атып – бата алмай.
Жарадарлар жайнап жүрөт көчөдө
Жан-шериги жөлөп-таяп… баса албай.

***

Заман ушул – күчөгөндү күчөткөн,
Зар какшатып жүдөгөндү жүдөткөн.
Кыйындары карагайдай тоодогу,
Кыйшык жерде көктү карай түз өскөн.

***

Терметишпейт бош турганда бешикти,
Теппей ачып үйрөнгөн оң эшикти.
Эңгезердей эки колуң турса да,
Эки колго жалгыз камчы жетиштүү.

***

Партияда жоктордун "партиясынан" күчтүү партия эч жерде жок!

***

Кыйынчылык басса дагы жол болбой,
Кыргыз-ыйман калбасын эч корголбой.
Кам көр ага – диванда жаш баланын
Капталына төшөк-таяныч койгондой…

***

Заман бул – оттогу казан сыңары. Заман алмашканда – казан алмашкандай ичиндеги кайнаган турмуштун үстү астына, асты үстүнө куюлат. Башкача айтканда, баштагы бийик нерсенин төмөнгө түшүп, төмөн нерсенин бийикке чыкмагы бар.

***

Ким чалынып жыгылса тирдигине
Кирет турмуш аны эзүү бийлигине.
Бир жүк дайым ныгырып турган буттар
Бир-бирине кайдыгер, бир-бирине.

Жаңылыктар түрмөгү
0