Баткенде кыргыздын алгачкы президенти Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы өтөт

© Фото / Медербек НиязалиевБаткен шаары. Архив
Баткен шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдыкадыр Орозбеков СССР жаңы негизделген учурда кыргыз бийлигин орнотуп, 1925-жылдан 1937-жылга чейин Кыргызстанды башкарган.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Баткенде көрүнүктүү саясий ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракеси белгиленет. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Мааракенин алкагында илимий-практикалык конференциялар, Абдыкадыр Орозбеков тууралуу даректүү тасма тартуу, театрлаштырылган оюн-зоок даярдоо, концерттик жана спорттук иш-чараларды уюштуруу пландалган.

"130 жылдыкты уюштуруу жана өткөрүү планынын алкагында Алилов көчөсүнө асфальт төшөлүп, Абдыкадыр Орозбеков атындагы музейдин айланасынын инфраструктурасы жакшырды. Кадамжай шаарындагы борбордук стадион жана Орозбеков көчөсүнүн тротуары оңдолду", — деп айтылат маалыматта.

Фестиваль Оймо - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын алгачкы президенти. Абдыкадыр Орозбеков тууралуу 7 факты
Абдыкадыр Орозбеков Баткен облусундагы Кадамжай районунун Охна кыштагында туулган. 1926-жылы Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган. Кыргыз АССР Конституциясын иштеп чыгууга чоң салым кошкон. 1925-жылдан 1937-жылдын октябрь айына чейин Кыргызстанды башкарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0