Тасма болуп тартылган "Том менен Жерри" качан көрсөтүлөрү айтылды

© © Metro-Goldwyn-Mayer (1994-...)"Том и Джерри" мультфилминен кадр. Архив
Том и Джерри мультфилминен кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Том аттуу мышык менен Жерри аттуу чычкан — мультфильмдин каармандары. Ал серияны 1940-жылдары режиссёрлор Уильям Денби Ханна менен Жозеф Барбера тартып баштаган.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Америкалык Warner Bros студиясы тарабынан тартылып жаткан "Том жана Жерринин" толук метраждуу тасмасы 2020-жылы 23-декабрда көрсөтүлөт. Бул туурасында "Известия" THR порталына шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, буга чейин тасманын 2021-жылы жарыкка чыгары айтылган. Бирок кино тартуучулар эртерээк бүтүрүүнү туура көрүшкөн.

Боец смешанных единоборств Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Шевченко Голливуд жылдызы менен тартыла турган тасманын мазмуну айтылды
Картинанын сюжети боюнча Том Нью-Йорктогу заңгыраган отелде жашайт. Ал жакка Жерри дагы көчүп келип, жоруктары жана тамашалары менен салтанатты бузганга аракет кылат. Натыйжада мейманкананын кызматкери Томдун чычкандан кутулушу керектигин айтат.

Тасмада Хлоя Морец, Майкл Пенья, Кен Джонг, Роб Делани жана башка актёрлор роль жараткан.

Том аттуу мышык жана Жерри деген чычкан — мультфильмдин каармандары. Ал серияны 1940-жылдары режиссёрлор Уильям Денби Ханна менен Жозеф Барбера тартып баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0