Агалбай калса бузулат суу да! Анатай Өмүркановдун кеп казынасы

Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет акын Анатай Өмүркановдун нускалуу кебин сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Анатай Өмүрканов 1945-жылы 2-июнда Талас облусуна караштуу Манас районунда туулган. 1961-жылы Арал орто мектебин, 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун Тажик ССРинин Мургаб районундагы кыргыз орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1971-жылы "Советтик Кыргызстан" гезитинин редакциясында кабарчы, бөлүм башчы, 1986-жылдары "Кыргызстан" басмасынын көркөм адабият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. "Адабият" басмасында башкы редактор, Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы болуп да эмгектенген. Акындын тунгуч ырлар жыйнагы 1973-жылы "Мөлтүр сезим" деген ат менен Бишкекте жарык көргөн. Ырлары орус тилинде да басылып чыккан. Жыйырмага жакын поэтикалык жыйнактын автору, көптөгөн поэтикалык котормолордун авторлошу.

Анатай Өмүркановдун нускасы:

Дүнүйө эски, адамдар жаңы,
Топ болуп келип жок болуп кеткен,
Кембагал өткөн көңүлү чөккөн,
Падыша өткөн байлыкка көпкөн,
Аалымдар өткөн түйүндү чечкен,
Өзүңө эмес өлкөңө арна,
Өмүрдү ушу өткүндөй өткөн.

***

Байлыкты адам жаратат, бирок
Адамды байлык жарата албайт.
Жакшыдан адам көңүлү калбайт,
Жамандар жардам берем деп алдайт.

***

Досуңа бергис душман бар билсең,
Жалган бар делет бергисиз чынга.
Денеге тондон көйнөгүң жакын,
Жакын деп күйүп жакындан сынба.
Уу, уу деп балды үч жолу айтса,
Айланып кетет бал дагы ууга…
Агалбай калса бузулат суу да.

***

Жарык дүйнө кандай жакшы болсо да арман,
Жакшылыкты батар күндөн, атар таңдан,
Күтүп жашоо тирүүлүктө дөөлөт болсо,
Үмүт менен ал арманды көрүү – майрам…
Оо, көз ирмем созул көпкө,
Көк деңизге кайык чөкпө…

***

Ушул күнү акындар жакшы ыр жазсын,
Ушул күнү кыздар бозой катын ачсын.
Ушул күнү баласыздар бала көрүп,
Базар болуп коргону бакылдашсын.

Ар-ар кимдин ойлогону ишке ашсын,
Ар-ар ким турмушунан бакыт тапсын.
Онтогон оорулуулар ушул күнү,
Сакайышып арабызга аралашсын.

***

Мейли жашың, мейли болсун карың да,
Бир кемчилик болот адам баарыңда.
Жаркын айым, билип билбей, байкабай,
Бир кетирген кемчиликке таарынба.

Жаңылыктар түрмөгү
0