Нарында Турдакун Усубалиевдин эмгегин чагылдырган көргөзмө өттү

© © SputnikФотовыставка к столетию Турдакуна Усубалиева в Нарыне
Фотовыставка к столетию Турдакуна Усубалиева в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүрөт көргөзмөгө жетекчинин өмүр баяны, ал жетектеп турган мезгилдеги экономикалык, социалдык, маданий тармактардагы жетишкендиктеринин урунттуу учурлары чагылдырылган.

НАРЫН, 30-окт. — Sputnik. Нарын шаарынын борбордук аянтында мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата сүрөт көргөзмө уюштурулду.

Андан сырткары, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратында бул инсанга арналган бурч ачылды. 

© © SputnikНарын шаарынын борбордук аянтында мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата сүрөт көргөзмө уюштурулду
Нарында Турдакун Усубалиевдин эмгегин чагылдырган көргөзмө өттү - Sputnik Кыргызстан
Нарын шаарынын борбордук аянтында мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата сүрөт көргөзмө уюштурулду

Салтанатта Усубалиевдин коомдук-саясий ишмердүүлүгүндө мамлекет үчүн жасап кеткен зор эмгектери белгиленди. Сүрөт көргөзмөдө өмүр баяны, ал жетектеп турган мезгилдеги экономикалык, социалдык, маданий тармактардагы жетишкендиктеринин урунттуу учурлары чагылдырылган. Көргөзмөнү уюштурууга өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн резервдик фондунан 30 миң сом бөлүнгөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0