Атактуу режиссер Болот Шамшиев менен актриса Айтурган Темированын сүрөтү 1975-жылы Ысык-Көл облусунда тартылган.
Ошол жылы Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Ак кеме" тасмасы жаралган.
СССРдин эл артисти Болот Шамшиев ал кезеңди мындайча эскерет.
"Тасманы жайында баштап, кышында соңуна чыгарганбыз. Сүрөт тартылган маалда чыгармачыл топ Ысык-Көлдүн күнгөй жээгиндеги Чоң-Ак-Суу капчыгайында иштеген. Ал кезде Айтурган экөөбүз жаш болуп, колубузда беш айлык тун кызыбыз да бар болчу. Ага карабай биз тоонун башында жүрүп күнү-түнү тасма тартканбыз, ал күндөр жеңил болгон эмес. Келинчегим болсо актриса катары роль жараткан. Мен режиссер катары тасмага катышкан инсандарды өзүм тандагам. Ошол кезде Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Орозбек Кутманалиев, Асанкул Куттубаев менен иштешип, аларды тартып калганыма сыймыктанам", — деди Шамшиев.
Тасма кийинки жылы көрүүчүлөргө сунушталып жакшы кабыл алынып, ошол эле жылы Фрунзеде өткөн Бүткүл союздук IX кинофестивалда баш байгеге татыган.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди.
Балбал — бул адамдын сөлөкөтү чегерилген таш эстелик. Камаев аны кантип таап калганын айтып берди.
"Ал күнү мен жумушта болчумун, жер казып атып бир маалда катуу бир нерсеге тийгендей болдум. Карап, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Топурак алдында анча чоң эмес таш эстелиги жатыптыр. Бийиктиги болжол менен бир метрди түзөт. Анын бир колунда чөйчөк тартылган. Табылга жакшы жышаан экенин, мындай жерлерде белгилүү аскер адамы да көмүлгөнүн окугам", — деди ал.
Ал табылгасын адистерге берүү үчүн Маданият, маалымат жана спорт министрлигине барган.
"Балбал ташты өзүмө алып калайын деп эч ойлонгон жокмун. Министрликтегилер айтканымды угуп, анын мынча тереңдикте жатканына таң калышты. Себеби мен аны үч метр тереңдиктен таап чыккам да. Ал жакта бул таш кандайча жатып калганы табышмак", — деди Камаев.
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.
СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев, белгилүү актер Орозбек Кутманалиев жана залкар манасчы Каба Атабековдун сүрөтү 1995-жылы Чүй облусундагы Байтик айылында тартылган.
Ал жылы Кыргызстан "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын эл аралык деңгээлде белгилөө алдында турган. Аталган иш-чаранын алкагында кыргыз элинин баатырдык эпосу жөнүндө "Ошондо Манас деп ураан чакырып..." аталышындагы даректүү тасма тартуу да каралган. Кинофильмдин көркөм жетекчиси Төлөмүш Океев, режиссеру Нуртай Борбиев болгон.
Ошол кезеңди тарых илимдеринин доктору, профессор Анварбек Мокеев мындайча эскерет:
"Мен ал фильмдин тартуу иштерине башынан аягына чейин аралашып, сценарийин жазууга да катышып калгам. Себеби Төлөмүш Океевич Түркияда элчи, мен анын кеңешчиси болчумун. Ишке байланыштуу бат-баттан Кыргызстанга каттап иштечүбүз. Ал тасманы жаратуу үчүн кыргыз бийлиги атайын акча бөлүп, Түркия киночуларга техникалык жактан колдоо көрсөткөн. Кинофильмде алгач кыргыз элинин тарыхы, анан кыргыз-түрк карым-катнашы да көрсөтүлгөн. Ага залкар манасчылардан Каба Атабеков, Азиз Шаабаев да тартылган. Ал күндөрү Төлөмүш Океевдин жетекчилигинин алдында элчилик "Манас" эпосун даңазалаган бир топ иштерди жасаган. Мисалы, Түркиянын 30 жогорку окуу жайында кыргыз элинин тарыхы, маданияты, "Манас" эпосу боюнча илимий жана илимий-практикалык конференциялар өткөрүлгөн", — деди Мокеев.
Эске сала кетсек, "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө салтанаты беш күнгө созулуп, ага 70ке чукул мамлекеттен өкүлдөр, эл аралык уюмдун башчылары келген. Мааракени башынан аягына чейин кыргыздын чыгаан уул-кыздары уюштурган.
Дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чарадагы кызыктуу ирмемдерди Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрүүгө мүмкүн.
Эки мүнөттөн ашык тартылган роликте сүрөтчүнүн жаш кезин көрүүгө болот. Анда Чокморов жана башка студенттер талаада педагогдун жетекчилигинин алдында жылкыны сүрөткө тартып жатышат. Видеонун алдында окуя 1963-жылы Ленинград облусунда болгону жазылган. Чокморов эмгегинде бир гана жылкыны эмес, анын артына тоолорду да тартат. Окутуучу жок тоону эмнеге тартканын сураганда, ал мекенин сагынганын айткан. Бир маалда жылкы үркүп, баланын колунан жулунуп, секире баштайт. Аны көрүп Чокморовдон башкасынын баары чочулайт. Бирок Сүймөнкул Чокморов аттын жанына барып, жылкыны сылап аны чуркатыш керектигин айтат. Бала ага макул болбой койгондо Чокморов "кыргыздар ээр үстүндө чоңойгон калкпыз. Ал эми ат биздин канатыбыз" деп чапкан боюнча жөнөгөн.
Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат. Анда улуттук валютага сүрөтү түшүрүлгөн философ Жусуп Баласагын, манасчы Саякбай Каралаев, сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов, акын Алыкул Осмонов тууралуу видеолор көрсөтүлмөкчү.
Роликтерди режиссёр Руслан Акун белгилүү кино ишмерлери Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдун колдоосу менен тарткан.